Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин 2018-жылдын 20-ноябрындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү Макулдашуунун долбооруна карата ЧЕЧИМИ (Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы)

29-11-2018 12:31

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин

2018-жылдын 20-ноябрындагы

 

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү

ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү Макулдашуунун долбооруна карата

 

ЧЕЧИМИ

(Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу  программасынын үчүнчү фазасы)

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү Макулдашуунун долбоорун (Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу  программасынын үчүнчү фазасы) карап чыгып төмөндөгүнү белгилейт.

Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу  программасынын (БАРКЖП) максаты чек араларды кесип өтүүчү приоритеттүү жол каттамдары аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы транспорттук байланыштуу жакшыртуу болуп саналат.

  • Азыркы учурда программанын биринчи фазасы (БАРКЖП-1) ишке ашырылууда. Бул долбоордун алкагында жалпы узундугу 56 чакырымды түзгөн Ош-Баткен-Исфана-Кайрагач көзөмөл өткөрүү жайы жол коридорун Тажикистандын чек арасына чейин реабилитациялоо каралган. Аталган долбоордун алкагында курулуш иштери 2016-жылдын май айында башталып, 2018 жылкы курулуш сезонунун аягына (ноябрь-декабрь) чейин бүткөрүлөт.
  • Программанын экинчи фазасы (БАРКЖП-2) Тажикстанда ишке ашырылууда жана Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Тажикстандын Ходжент шаары, жана ошондой эле Өзбекстандын ортосундагы транспорт байланыштарын жакшыртат. БАРКЖП-2 долбоору алкагында курулуш иштери башталды.
  • БАРКЖП-3 долбоорунун алкагында  “Түп-Каркыра көзөмөл өткөрүү жайы” унаа жолунун 39-чакырымдан 76-чакырымга чейинки аралыгын жана Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу узундугу 15 чакырымды түзгөн жол реабилитациялоо, жолду тейлөө үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу,  Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу каралууда. Мындан сырткары, долбоордун алкагында беш туристтик кызмат көрсөтүү борборлорун куруу жана Ыссык-Көл областынын Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүгүүсүн колдоо компоненти да каралган

 

Каржылоо шарттары:

Долбоордун суммасы – 55,0 млн. АКШ доллары;

ЭАӨА насыясы – 27,5 млн. АКШ доллары (50%);

ЭАӨА гранты – 27,5 млн. АКШ доллары (50%);

Насыянын мөөнөтү – 38 жыл;

Жеңилдетилген мөөнөт – 6 жыл;

Пайыздык ченем – 0,75%:

Эсептөөлөр боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясынын грант-элементи 53,5 % түзөт, башкача айтканда бериле турган насыя жеңилдетилген насыя болуп саналат.

Ушул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кош каржылоосу каралган эмес жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбейт.

Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 315-б буйругунун негизинде БАРКЖП-3 долбоорун каржылоо маселелерин талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын  ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы түзүлгөн, жана ушул сүйлөшүүлөр 2018-жылдын 12-13-сентябрында өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Берилген долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.  

Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкерликти жөнгө салууга багытталган эмес.   

Ушул Макулдашуунун каралышын тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Калилов Ж.К. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ушул Макулдашууну кезексиз түрдө карап берүү өтүнүчү (кирүү №6-22048/18 13.11.18ж.) менен кайрылган.

 

         Комитет, жогоруда аталгандарды эске алып, төмөндөгүдөй чечимге келди:

 

  1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү Макулдашуунун долбоору (Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу  программасынын үчүнчү фазасы) жактырылсын.

 

  1. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жиберилсин.

 

 

 

Төрайым                                                                    М.Э. Мавлянова

 

Көрүүлөрдүн саны : 311