Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 4-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууга КОРУТУНДУСУ

07-12-2018 15:52

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 4-декабрындагы

 

«Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууга

 

КОРУТУНДУСУ

 

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, И.Пирматов, М.Мавлянова, М.Бакиров, Н.Алимбеков, Ж.Акаев, К.Иманалиев, Д.Джумабеков, Ж.Турускулов, У.Примов, А.Осмонова, А.Жамангулов, Д.Бекешев, С.Джураев, Алтынбек Жунус уулу, К.Керезбеков, А.Кулбараков, А.Жээнбеков жана А.Сулайманов тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 13-сентябындагы № 6-17241/18), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 22-ноябрында №2709-VI - токтому менен экинчи окууда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап жана талкуулап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.

 

         Мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алгандан кийин мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъектеринен сунуштар жана сын-пикирлер жазуу жүзүндө келип түшкөн жок.

 

         Мыйзам долбоорунда редакциялык жана лингвистикалык түзөтүүлөр иштелип чыкты.

 

         Жогоруда  баяндалгандын негизинде, Комитет  төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу сунушталсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат М.Э. Мавлянова баяндамачы болуп аныкталсын.

 

 

Төрайым                                                                               М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 201