КҮН ТАРТИБИ, 2019-жылдын 5-марты

27-02-2019 15:10

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча жыйынынын күн тартиби

 

К Ү Н    Т А Р Т И Б И

                                     

          Өткөрүү убактысы:            2019-жылдын 5-марты, саат 10:00дө

         Өткөрүлө турган жер:       Батыш залы (1-кабат)

     

1. «Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору тууралуу (КРӨ № 584-токтому, 17.12.2018-ж.)

(экинчи окуу)

 

Демилгечи:         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Баяндамачылар:                  Абдиев Бактыбек Абышевич - КРӨ караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин  директору;

Абакиров Эльдар Курманбекович - КР Экономика министринин орун басары

 

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын кайрылуусу тууралуу

 

Демилгечи:         Комитет

Баяндамачы:     Осмонов Нурлан Ибраимович - КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик мекемесинин башкы директору

 

 

3. Ар кандай маселелер

 

 

Комитеттин төрайымы                                                     М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 907