Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 18-декабрындагы «Автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан (шаардык, шаарга чектеш, шаар аралык каттамдар менен, область ичиндеги жана областтар аралык байланыштар жана эл аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү талаптагыдай эмес тейлегендери боюнча шайлоочулардын кайрылуулары жөнүндө» Ч Е Ч И М И

29-03-2019 09:52

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2018-жылдын 18-декабрындагы

 

«Автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан (шаардык, шаарга чектеш, шаар аралык каттамдар менен, область ичиндеги жана областтар аралык байланыштар жана эл аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү талаптагыдай эмес тейлегендери боюнча шайлоочулардын кайрылуулары жөнүндө»

 

Ч Е Ч И М И

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан (шаардык, шаарга чектеш, шаар аралык каттамдар менен, область ичиндеги жана областтар аралык байланыштар жана эл аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча «Тилеке» ЖЧК жамаатынын кайрылуулары, республиканын тургундарынын башка оозеки жана жазуу жүзүндөгү даттануулары менен таанышып, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучусу Ж.А. Ногойбаевдин, Бишкек шаарынын транспорт иштерин тейлөөчү вице-мэри М.В.Ситниковдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиевдин маалыматтарын угуп, төмөндөгүнү белгилейт.

Акыркы убактарда автотранспорттук каражаттар менен (шаардык, шаар аралык жана мамлекеттер аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу айдоочулардын тартипсиздигинен, жоопкерчиликсиздигинен жабыркаган көп сандагы видеороликтери, оозеки жана жазуу жүзүндөгү даттануулары, соцтармактагы жүктөөлөрү менен Комитеттин гана дарегине эмес, ошондой эле башка мамлекеттик жана укук коргоо органдарына да Кыргызстандын жашоочуларынын кайрылуулары толуп кетти, бирок маселе эмдигиче чечилбей келет, ал эми кырдаал болсо күндөн күнгө начарлоодо.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 32-главасы, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4 жана 5-главалары, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 213-9-беренеси; «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 9 жана 14-статьялары талаптагыдай эмес деңгээлде контролдонуп жатканын белгилөө керек, андан калса жүргүнчүлөрдү дайындалган белгилүү пунктка чейин жеткирүү милдеттемеси, ошондой эле аларды жөнөткөн жана билеттерди саткан пункттардын туңгуюктугу боюнча ташуучулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө карата белгилүү боштуктар бар (мисалга, шаар аралык жана эл аралык каттамдарды аткаруучу ташуучуларды медициналык кароосуз (техникалык кароосуз) автотранспорттук каражаттарга Ош базарындагы вагондон билеттерди башаламан сатуу).

Ошентип жүргүнчүлөр өздөрүнүн чечилбеген көйгөйлөрү менен гана калууда, аны «Тилеке» ЖЧК башкы директору Ж.Ү.Үсөновдун (Кыргыз Республикасынын 300 жаранынын атынан) кайрылууларында баяндалган фактыларды түп тамырынан жоюу боюнча өз учурунда иштиктүү чараларды кабыл ала турган дээрлик бардык мамлекеттик инстанцияларга кайрылган акыркы эки жылдын ичиндеги натыйжасыз кайрылуулары күбөлөп турат.

2018-жылга бекитилген Кыргыз Республикасынын каттамдык түйүнүнө ылайык 995 автобустук каттамдар (Бишкек жана Ош шаарларынын автобустук жана троллейбустук каттамдарын кошуп алганда) бар. Алардан эл аралык – 24, шаарлар аралык – 173, область ичиндеги – 540, шаардык – 258 каттамдар. Республика боюнча 1807 калктуу конуш бар, алардан 1598 калктуу конушу автобустук каттамдар менен тейленип, 88,4%ды түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде автобустук каттамдардын тартиби жана аларды ачуу белгиленген. Бирок жогоруда саналып өткөн Эрежелердин талаптарды Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан толук өлчөмдө сакталбайт.

Алар менен катар шаарлар аралык жана эл аралык катнаштарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жеңил таксилердин иштерине мамлекеттик жөнгө салуулар жоктугу жөнүндө ташуучулардын жана жүргүнчүлүк автоташуучулар ассоциациялардын эчендеген кайрылуулары келип түшүүдү, ушуга байланыштуу Комитет «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 17-пунктуна (автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (жеңил таксилерди албаганда) өзгөртүү киргизүү зарылдыгына көңүл бурат.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен жана автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча түзүлгөн кырдаал менен таанышып, Комитет төмөнкүдөй чечимди кабыл алды:

 

1. Автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан (шаардык, шаарга чектеш, шаар аралык каттамдар менен, область ичиндеги жана областтар аралык байланыштар жана эл аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучусу Ж.А. Ногойбаевдин, Бишкек шаарынын вице-мэри М.В.Ситниковдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиевдин маалыматтары эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2019-жылдын 1-мартына чейин сунушталсын:

- Граждандык кодексинин 32-главасынын, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4 жана 5-главаларынын, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 213-9-беренесинин; «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 9 жана 14-статьяларынын ченемдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө толук маалыматтарды берүү;

- ташуучулардын жоопкерчилигин күчөтүү бөлүгүндөгү боштуктарды четтетүү боюнча (ченемдик укуктук актыларга же болбосо мыйзам алдындагы актыларга) сунуш киргизүү;

- мыйзамдарга ылайык билеттерди сатуу пункттарын жана жүргүнчүлөрдү жөнөтүү жайларын орундарын (республиканын райондук жана облустук борборлорунда, ошондой эле шаарларында унаа токтотуучу жайлар үчүн жерлерди бөлүү берүү менен) системдештирүү жана тартипке келтирүү;

- жеңил таксилердин (жүргүнчүлөрдү ташуу) иштерин тартипке келтирүү, жөнгө салуу максатында «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 17-пунктуна өзгөртүү киргизүү.

 

3. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы 2019-жылдын 1-мартына чейин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды Комитетке берсин:

 

- шаар аралык жана мамлекеттер аралык каттамдарды жүзөгө ашыруучу жеке-айдоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө токтотмо орундарын камсыз кылуу үчүн тиешелүү аймакты бөлүү маселесинин, ошондой эле ылайыктуу (тийиштүү) баалар боюнча билеттерди сатып алуу маселесинин чечилишин;

- жүргүнчүлөрдү коомдук транспорттор жана жеке фирмалар менен тейлөөнү өркүндөтүү боюнча сунуштары менен жүргүзүлгөн мониторингин;

- коомдук (жүргүнчүлөрдү ташуучу) транспортту сатып алууда жеңилдетилген салык төлөө шарттары менен ири инвесторлорду тартуу.

 

4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Бишкек шаарынын мэриясы абаны булгоого таасир этүүчү жана мүмкүн болгон ченемдерден жогорку чегинен ашкан автотранспорт каражаттары бөлүп чыгарган зыяндуу газга мониторинг жүргүзсүн.

 

5. Комитеттин бул чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлсүн.

 

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                М.Э.Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 176