КҮН ТАРТИБИ, 2019-жылдын 23-апрели

18-04-2019 13:08

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынын

 

К Ү Н    Т А Р Т И Б И

                                     

          Өткөрүү убактысы:            2019-жылдын 23-апрели, саат 10:00дө

         Өткөрүлө турган жер:       Батыш залы (1-кабат)

     

 

          1. «2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1994-жылдын  14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамдарын орнотуу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо  жөнүндө» Мыйзамдын долбоору тууралуу (КРӨ № 152 токтому, 01.04.2019-ж.)

 

Демилгечи:         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Баяндамачы:     Бейшенов Жанат Саматович - КР Транспорт жана жол министри

 

 

         2. «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек ш. кол коюлган КР менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору тууралуу (КРӨ № 151 токтому, 29.03.2019-ж.)

 

Демилгечи:         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Баяндамачы:     Бейшенов Жанат Саматович - КР Транспорт жана жол министри

 

 

3. “Бишкек-Ош автомобиль жолун кар күрткүлөрдөн коргоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Япония өкмөттөрүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтыгы агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоору тууралуу

Демилгечи:         КР Транспорт жана жол министрлиги

Баяндамачы:     Бейшенов Жанат Саматович - КР Транспорт жана жол министри

 

 

4. Ар кандай маселелер

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты А.С.Токторовдун төмөнкү жарандарды сыйлоого көрсөтүү жөнүндө сунуштары тууралуу:

  • “ПП Минур” ачык акционердик коомунун жумушчусу Карабаев Нурматбек Абдувалиевичти - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасына;

 

  • “Инженердик коргоо” ачык акционердик коомунун жумушчусу Сейитов Омурбек Ормошовичти - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын энчилүү саатына.

 

Демилгечи:             Комитет

Баяндамачы:                   Токторов Алмазбек Сатиевич – КРЖК депутаты

 

 

Комитеттин төрайымы                                                     М.Э. Мавлянова

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 499