Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 23-апрелиндеги ЧЕЧИМИ

26-04-2019 11:19

“Бишкек-Ош автомобиль жолун кар күрткүлөрдөн коргоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Япония өкмөттөрүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбооруна

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

2019-жылдын 23-апрелиндеги

 

ЧЕЧИМИ

 

“Бишкек-Ош автомобиль жолун кар күрткүлөрдөн коргоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Япония өкмөттөрүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

Бийик тоолуу капчыгайдын кооптуу участоктору боюнча тик эңкейиштерин жана тик зоолорун аралап өткөн 672 км узундукта созулуп жаткан Бишкек-Ош автомобиль жолу өлкөбүздүн транспорттук артериясынын эң маанилүү стратегиялык мааниге ээ обьектеринин бири болуп саналат, андыктан жол кыймылдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолдорду кышка даярдоо боюнча өзгөчө кыш мезгилдерине мында комплекстүү иштер камтылат: жолду кар күрткүлөрүнөн сактоо, жолдорду кардан тазалоо, тайгакка каршы заттар жана аралашмаларды жолго себүү; жолду көчкүлөрдөнсактоо; муздун үстүнө кузгундап чыккан сууларга каршы күрөшүүдө тийешелүү органдар тарабынан абдан көңүл бурулушун талап кылат.

 Ушул долбоордун максаты автомобиль жолдорунан коопсуз өткөрүү дареметин жогорулатууга адамдардын жана транспорт кыймылдарынын аргасыз кармалуусун жана катастрофалык кырдаалдардын келип чыгышын төмөндөтүүгө тынымсыздыкты жана автомобильдердин коопсуз кыймылын камсыз кылууга багытталып Бишкек-Ош автомобиль жолундагы абдан кооптуу участокторун кар күрткүлөрүнөн  сактоо болуп саналат.

“Бишкек-Ош автомобиль жолун кар күрткүлөрдөн сактоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Япониянын мыйзамдарына, ченемдик актыларына жана бюджеттик ассигновениелерине ылайык Япон Өкмөтү Кыргыз Республикасына 1,033,000,000,0 (бир миллиард 33 миллион) япон иенинин өлчөмүндө грант берүүдө.

Ушул Долбоор боюнча келечекте кол коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Япониянын элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасы менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарынын долбоорлору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана JICA ортосундагы Гранттык келишим долбоору киргизилген.

Белгиленген долбоорго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесин кабыл алууда: социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендерлик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,  тескеменин долбоору коомдук талкууга жатпайт.

Сунуш кылынган долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналат, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин ченемдерине карама-каршы келбейт жана ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан жөнгө салуу таасирин талдоону талап кылбайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул тескемесинин долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджетинин чегинде ишке ашат.

Грант менен жабылгандан башка жана Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл чыгымдар “Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин эсебинен жана бюджетинин чегинде: 4-берененин 3-пункутунда; 2-графика, 4-бөлүмдүн 8-пункутунда; 2-бөлүмдүн 2-пункутунда белгиленген тартипте жабылат.

Консультативдик компанияны тандоо боюнча тендер жана подрядчы Япон эл аралык кызматташтык JICA агенттигинин Япониядагы JICA жол-жоболору боюнча өткөрүлөт жана ошондой эле тендердик комиссиянын курамы да Япониядагы тендер өткөрүү боюнча компаниянын япон тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин жана Башкы подрядчиктин ортосундагы курулуш иштерине контрактка тендердин натыйжасы боюнча КР ТжЖМ кол коюусу сунушталат жана Министр кол коет, же буга ыйгарым укуктуу болгон Министр кол коет. Кол коюшуу Японияда өткөрүлөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн ушул Долбоор боюнча Гранттык келишимдин Алмашуу ноталары долбоорлорун КР Өкмөтүнүн JICA менен келишимине ылайык Комитеттин  жактыруусуна киргизет.

“Бишкек-Ош автомобиль жолун кар күрткүлөрдөн коргоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Япония өкмөттөрүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоору жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С. Бейшеновдун (2019-жылдын 5-апрелиндеги кир, №6-7869/19) каты менен таанышып чыгып, жогоруда баяндалганды эске алуу менен төмөнкүдөй чечимге келди:

 

 

1. “Бишкек-Ош автомобиль жолун кар күрткүлөрдөн коргоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Япония өкмөттөрүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоору жактырылсын.

 

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине жөнөтүлсүн.

 

 

 

Торайым                                                                    М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 132