Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 23-апрелиндеги Ч Е Ч И М И

26-04-2019 11:21

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин
2019-жылдын 23-апрелиндеги

 

«Балыкчы шаарынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө» чечими

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунус уулу Алтынбектин демилгеси боюнча жана Балыкчы шаарынын тургундарынын Ж.Аманбаев көчөсүн реконструкциялоону (БТЧК автожолунун 0 - 7 км.) тездетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн көп сандаган кайрылууларына байланыштуу, автожолдун бул участогу реабилитациялоого жаткан Балыкчы – Тамчы - Чолпон-Ата – Корумду (0-104 км.) автожолунун бир бөлүгү болуп саналаарын, аны ишке ашыруу мөөнөтү создуктурулуп жаткандыгын эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында (мындан ары Комитет) төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги (2019-жылы) Балыкчы – Тамчы - Чолпон-Ата – Корумду автожолун реконструкциялоону жүргүзүүдө биринчи кезекте 0–7 км. (Балыкчы шаарынын айланма бөлүгүндө) аралыгында жол-куруу иштерин аяктоону пландаштырсын.

2. 2019-жылдын 20-мартына чейин чечимдин 1-пунктун аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө орто-аралык маалымат берсин.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жиберилсин.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                               М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 130