Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 23-апрелиндеги КОРУТУНДУСУ

26-04-2019 11:23

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 23-апрелиндеги

 

“2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу”

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №151 токтому менен жактырылган “2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Б.Ч. Бердалиевдин маалыматын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жолдун долбоорунун 2-фазасынын алкагында бириктирүүчү жолдун эки участогун реабилитациялоо максатында (Балыкчы ш. Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна чейин (0-43 км) жана Кочкор а. Эпкин а. чейин (64-89 км), жалпы узундугу 68 км түзгөн) аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынында жактырылган болчу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 жылдын 14-сентябрындагы №320-б буйругу менен бул Долбоор боюнча Азия өнүктүрүү банкы (мындан ары-АӨБ) менен сүйлөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы түзүлгөн. Сүйлөшүүлөр 2018-жылдын 18-сентябрында болду. Бул эки участокту кошпогондо, узундугу 433 км Түндүк-Түштүк альтернатива жолу толугу менен каржылоо менен камсыз кылынды.

Азия Өнүктүрүү Банкы насыялык 68,5 млн. АКШ долларын, гранттык 9,5 млн. АКШ долларын бөлүүдө. Насыяны кайтарып берүү мөнөөтү 32 жыл, 8-жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен. Женилдетилген мөнөөт маалында 1,0% жана кийинки жылдарында жылына 1,5 % пайыздык ставкасы менен. Салыктарды жана башка төлөнүүчү чыгымдарды жабуу үчүн  КР Өкмөтү 12,75 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каржылоосун көтөрөт.

Макулдашуулардын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 457-р тескемеси менен жактырылды 2018-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан кол коюлду.

Бул Мыйзам долбоорду ишке ашыруу Бишкек – Ош автожолундагы өсүп жаткан транспортук агымын жеңилдетүүнү, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынан Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарына жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдү ташуучуларга чыгымдарды кыскартууну, жол жээктеги инфратүзүмдөрдү курууну (жаңы кемпингдерди, тамактануучу жайларды, АЗС, СТО жана башкаларды курууну) камсыз кылуу болжолдонот.

Кароого сунушталган Макулдашуулар кандайдыр бир сын-пикирлер жана сунуштар келип түшпөш үчүн тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш; Бюджет жана финансы; Эл аралык иштер, коргоо жана коопсузук боюнча комитеттери тарабынан жактырылган.

Автожолдун долбоорлонуучу участогу калксыз пункттарда 2 тилкелүү кыймылы менен жана калктуу пункттарда 4 тилкелүү кыймылы жана тротуарлар, аялдамалар, жарык берүүсү лампаларды орнотуу менен арык түтүктөрү каралып, II Техникалык категорияга кирет.

Бул мыйзамдолбоорду кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт.

2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык белгиленген Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкуулоо үчүн 2019-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына www.gov.kg жайгаштырылган болчу, сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Сунушталган мыйзамдолбоор колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт жана ишкердик иштерди жөнгө салууга багытталбагандыктан регулятивдик таасир этүү талдоосу талап кылынбайт.

Комитет сунушталган мыйзамдолбоор менен таанышып жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Б.Ч.Бердалиевдин маалыматын угуп, бириктирүүчү автожолго реабилитация жүргүзүүнүн актуалдуулугун эске алып, төмөндөгүдөй к о р у т у н д у г а келди:

1. “2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине жөнөтүлсүн.

 

Төрайым                                                                             М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 130