Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 2-апрелиндеги көчмө жыйынынын Ч Е Ч И М И

26-04-2019 11:27

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 2-апрелиндеги көчмө жыйынынын

 

“Комитеттин 2018-жылдын 18-декабрындагы «Автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан (шаардык, шаарга чектеш, шаар аралык каттамдар менен, область ичиндеги жана областтар аралык байланыштар жана эл аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү талаптагыдай эмес тейлегендери боюнча шайлоочулардын кайрылуулары жөнүндө» чечиминин аткарылышынын

жүрүшү тууралуу”

 

Ч Е Ч И М И

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) «Комитеттин 2018-жылдын 18-декабрындагы «Автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан (шаардык, шаарга чектеш, шаар аралык каттамдар менен, область ичиндеги жана областтар аралык байланыштар жана эл аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү талаптагыдай эмес тейлегендери боюнча шайлоочулардын кайрылуулары жөнүндө» чечиминин аткарылышынын жүрүшү тууралуу «Кыргыз автобекети» МИнин директору М.Жумабаевдин, «Чыгыш автовокзалы» филиалынын директору К.Кадралиевдин, Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын башчысынын орун басары Ы.Саркуловдун, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорт башкармалыгынын башчысы А.Акматовдун жана Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май администрациялык райондорунун башчыларынын орун басарларынын маалыматтарын угуп, ошондой эле «Кыргыз автобекети» МИнин иштери менен таанышып, төмөнкүдөй чечимди кабыл алды:

 

1. «Кыргыз автобекети» МИнин директору М.Жумабаевдин, «Чыгыш автовокзалы» филиалынын директору К.Кадралиевдин, Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын башчысынын орун басары Ы.Саркуловдун, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорт башкармалыгынын начальниги А.Акматовдун жана Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май администрациялык райондорунун башчыларынын орун басарларынын маалыматтары эске алынсын.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- «Кыргыз Республикасынын Айдоочулар бирлигинин» ижара пайдалануусуна берилген «Чыгыш автовокзалы» филиалынын каршы тарабында жайгашкан жер участогун «Чыгыш автовокзалы» филиалынын пайдалануусуна берүү маселесин чечсин;

- «Кыргыз автобекети» (Батыш автовокзалы) МИнин башкы ишканасынын жанындагы троллейбустардын акыркы аялдамасында жайгашкан санкцияланбаган автотоктотмону жойсун;

- Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндөгү эл аралык каттамдар боюнча билеттерди сатуу жана жүргүнчүлөрдү ташууга жарнактарды жайгаштыруу боюнча санкцияланбаган орундарды жоюу жөнүндө маселени чечсин;

- «Чыгыш автовокзалы» филиалынын жанында жайгашкан Жибек-Жолу саябаны боюнча көпүрөнү кеңейтсин;

- ИИМнин ЖКККББ менен бирдикте «Чыгыш автовокзалы» филиалынын кирме/чыгышына жолчырак орнотсун.

 

3. КР ИИМнин ЖКККББ:

- ЖКТ бузууларын фиксациялоочу көчмө орнотмолорду колдонуу менен Ош базарынын айланасындагы жеңил таксилердин санкцияланбаган токтотмолорун, соода-рыноктук комплекстерди жана автовокзалдарды жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн;

- Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте санкцияланбаган токтотмолорго жол белгилерин орнотсун;

- Кыргыз Республикасынын МТБМК менен бирдикте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы базарлардын, соода-рыноктук комплекстердин жана автовокзалдардын айланасында, келечекте (мүмкүнчүлүккө жараша) Кыргыз Республикасынын аймагында, ЖКТ бузууларын фиксациялоочу камераларды орнотсун.

 

 

4. КР Транспорт жана жол министрлиги:

- жүргүнчүлөрдү ташуучу жеңил таксилердин (эл аралык ташууларды жүргүзгөн) айдоочулары күн сайын медициналык күбөлөндүрүүдөн жана транспорттук каражаттарды жолго чыгаар алдында техникалык кароодон өткөрүүнү жүзөгө ашырсын;

- республикадагы автовокзалдардын аймагында жүргүнчүлөрдүн жеңил таксилеринин айдоочулары жана жүргүнчүлөр үчүн шарттарды түзсүн;

- «Чыгыш автовокзалы» филиалындагы күтүү залын калыбына келтирүү маселесин чечсин;

- Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББ менен бирдикте Бишкек-Ош автомобиль жолундагы авариялык-кооптуу участокторду иликтесин жана зарылчылыгына жараша жол белгилерин орнотсун жана жол чийимдерин сызсын;

- эл аралык каттамдарга жеңил таксилерди жөнөтүү үчүн автовокзалдардын аймагына орун-жайларды бөлсүн.

 

5. КР Экономика министрлиги кыска мөөнөттө эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жеңил таксилердин иштерине лицензиялоо киргизүү жөнүндө мыйзамдолбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

 

6. Чүй областындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү, КРӨ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, КРӨ караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги автовокзалдарды куруу үчүн Аламүдүн жана Сокулук райондорунда жер участокторун бөлүп берүү маселесин карасын.

 

7. КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндөгү эл аралык каттамдар боюнча билеттерди сатуу жана жүргүнчүлөрдү ташууга жарнактарды жайгаштыруу боюнча санкцияланбаган орун-жайлардын иштөө маселесин карасын.

 

8. Аталган мамлекеттик органдар тарабынан ай сайын жасалган иштер жөнүндө орто-аралык маалыматтар берилсин.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каралып жаткан маселеге карата толук жана жетишээрлик маалыматтарды үстүбүздөгү жылдын 20-июнуна чейин берсин.

 

10. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрайым                                                                                 М.Э.Мавлянова

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 141