“2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 23-апрелиндеги корутундусу

26-04-2019 11:34

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2019-жылдын 1-апрелиндеги № 152 токтом) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети төмөнкүлөрдү билдирет.

         Протоколго кол коюунун негизги максаты учуулардын географиясын кеңейтүү, абада ташууларга тарифтерди белгилөө процессин либералдаштыруу, дайындалган авиа ташуучулардын ортосунда тең ата атаандаштыкты өнүктүрүү болуп саналат.

         Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт.

         Мурда “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2018-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин чечими менен жактырылган.

         Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

         1. “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

         2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жиберилсин.

Төрайым                                                                       М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 194