Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 23-апрелиндеги “Авиация тармагындагы айрым маселелер жөнүндө” ЧЕЧИМИ

26-04-2019 11:36

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 23-апрелиндеги

 

“Авиация тармагындагы айрым маселелер жөнүндө”

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйналышында "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоодо түштүк региондун авиажүргүнчүлөрү үчүн өзгөчө мааниси бар маселелер көтөрүлдү.

Атап айтканда, депутаттар У.З.Оромонов, Б.У.Сыдыков жана К.Ш.Баймуратов тарабынан Ош-Стамбул-Ош авиамаршрутунун жок болгондугу ошол региондо жашаган калк үчүн чоң ыңгайсыздык түзөөрүн белгиледи. Алар Бишкек аркылуу учууну жүзөгө ашырууга муктаж, мында кошумча финансылык чыгымдар талап кылынат, ошондуктан көрсөтүлгөн маршрут боюнча авиаучууларды ачууну тездетүү зарыл. Кыргызстандан Стамбулга учуучу жүргүнчүлөрдүн жалпы санынын 60%ын түштүк областтардын тургундары түзөт.

Депутаттар тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу сунушталды жана эгерде экинчи окууда Ош-Стамбул-Ош авиамаршруту ачылбаса, ушул мыйзам долбоорун четке кагуу сунушталды.

Ошондой эле жыйналышта Ош шаарындагы аэропортто “Интэк” ЖЧКда авиаотундун наркы “Манас” аэропортундагы нарктан бир кыйла жогору болгондугу жана ал авиабилеттердин наркына таасир этип жаткандыгы белгиленди. Андан тышкары, бул мүмкүнчүлүктүү авиаташуучулар үчүн мааниси чоң жагымсыз фактор болуп саналат. Авиаотундун бааларын теңдештирүү боюнча чараларды көрүү зарыл.

Бул сунуш Комитеттин мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “Манас” жана “Ош” аэропортторунун май куюучу комплекстеринде авиациялык отунга бааны теңдештирүү боюнча чараларды көрүү сунушталсын.

2. Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин сунушуна көңүл буруу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине сунушталсын.

3. Комитеттин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилсин.

 

Төрайым                                                                             М.Э.Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 182