«Талас-Тараз-Суусамыр автожолун (75-105 км) реконструкциялоону жүргүзүү мезгилинде «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» АК подрядчигинин ишин иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топ түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 16-апрелиндеги ЧЕЧИМИ

26-04-2019 15:44

«Талас-Тараз-Суусамыр автожолун (75-105 км) реконструкциялоону жүргүзүү мезгилинде «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» АК подрядчигинин ишин иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топ түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 16-апрелиндеги

ЧЕЧИМИ

 

         «Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржылануучу Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун 75-105 километрин реконструкциялоонун жүрүшүнө карата Талас шаарынын шайлоочулары жана тургундары Мурат уулу Мараттын, А.А. Эрмековдун,
Р.У. Жумабаевдин (2019-жылдын 15-апрелиндеги кир. № 12-7321/19) көп сандаган оозеки кайрылууларына, ошондой эле «Тазабек» интернет басылмасына жарыяланганга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мызамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары - Комитет) төмөнкүдөй ч е ч и м кабыл алды:

1. Жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:

         Топтун жетекчиси:

         Момбеков Рыскелди Чыныбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

         Жумушчу топтун мүчөлөрү - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары:

         - Жунус уулу Алтынбек;

         - Тотонов Нурбек Темирбекович.

         Эксперттер:

         - Баимбетов Мыктыбек Козубаевич – Комитеттин бөлүмүнүн сектор башчысы;

         - Ризаева Зухра Рассуловна - Комитеттин бөлүмүнүн эксперти;

         - Алыбаев Сапаралы - көз карандысыз эксперт;

         - Кубанычбеков Каныбек - көз карандысыз эксперт;

         - Апышев Урмат - көз карандысыз эксперт;

         2. Жумушчу топ объекке баруу менен, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан (мындан ары КР ТЖМ) берилген Талас-Тараз-Суусамыр автожолун 75-105 километрин реконструкциялоо боюнча материалдарды, төмөнкү каттарды ар тараптуу изилдеп чыксын:

         - Бишкек шаарынын УКМКинин башкы тергөө башкармалыгынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 01/2588;

         - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын 2018-жылдын 10-июлундагы № 15/22999;

         - КР ТЖМ 2018-жылдын 10-августундагы № 220 буйругу менен түзүлгөн «Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун реконструкциялоо, III фаза, 75-105 км» долбоору боюнча жер жумуштарынын аткарылышынын көлөмдөрүн тактоонун жыйынтыктары боюнча комиссиянын маалыматын;

         - Контракка ылайык мындан аркы жол-жоболду өткөрүү үчүн 2019-жылдын 22-январындагы комиссиянын жыйналышынын протоколу;

         - Көз карандысыз эксперттердин эксперттик баа берүүсү жөнүндө отчету жана Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун 75-105 километрин реконструкциялоого тиешеси бар башка материалдарды;

         - ЖМК жарыяланган материалдар.

         3. Жумушчу топ зарыл болгондо тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартсын.

         4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги төмөнкүлөргө милдеттендирилсин:

         - Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун 75-105 километрин реконструкциялоо боюнча толук маалыматты жана Эсептөө палатасынын аудитинин материалдарын (эгер ушундайлар болсо) 2019-жылдын
24-апрелине чейин берсин;

         - депутаттык жумушчу топтун ишин жүзөгө ашыруу үчүн транспорт, орун-жай жана зарыл оргтехника менен камсыз кылуу менен зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды берүүгө көмөк көрсөтсүн.

         5. КР ТЖМ ведомстволук караштуулуктагы түзүмдөрүн  депутаттык жумушчу топтун ишин жүзөгө ашыруу үчүн транспорт, орун-жай жана зарыл оргтехника менен камсыз кылуу менен зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды берүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттендирсин. 

         6. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигине жиберилсин.

         7. Депутаттык жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары боюнча иликтенген материалдары менен маалымкатты 2019-жылдын
15-июнуна чейин Комитеттин кароосуна даярдасын.

         8. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                               М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 142