Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 9-апрелиндеги “Нарын районунун Жерге-Тал айылдык аймагынын жана Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык аймагынын тургундарынын кайрылуулары тууралуу” ЧЕЧИМИ

26-04-2019 15:46

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 9-апрелиндеги

 

“Нарын районунун Жерге-Тал айылдык аймагынын жана Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык аймагынын тургундарынын кайрылуулары тууралуу”

 

ЧЕЧИМИ

 

“2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун жарлыгын жетекчиликке алуу менен “Бишкек-Нарын-Торугарт 272-365 км автожолунун реконструкциясы” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө тандалып алынган Подрядчылар менен кол коюлган келишимде граждандык жумуштардын компоненти жана анын наркынын ортосундагы ажырымдан долбоор боюнча үнөмдөлгөн каражаттан белгилүү бир сумма калгандыгын эске алып, Нарын районунун Жерге-Тал айылдык аймагынын башчысы Ш.Ч. Жумабековдун жана Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Т. Ыдырысовдун айылдын ички жолдорун реконструкциядан өткөрүүгө көмөктөшүү жана мүмкүн болушунча жардам көрсөтүү өтүнүчүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары –комитет) төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. “Бишкек-Нарын-Торугарт 272-365 км автожолунун реконструкциясы” долбоорунан үнөмдөлгөн финансылык каражаттарды Ат-Башы жана Нарын райондорунун айылдарынын ички жолдорун реконструкциядан өткөрүүгө пайдалануу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине сунушталсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                             М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 106