Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби (2019-жылдын 24-сентябры)

20-09-2019 16:28

Долбоор

         Өткөрүү убактысы:    2019-жылдын 24-сентябры, саат 10:00дө

         Өткөрүлө турган жер:         Батыш залы (1-кабат)        

1. «Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору тууралуу (КРӨ № 224-токтому, 14.05.19-ж.)

(Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетун эске алуу менен)

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Баяндамачылар:           Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Марипов Улукбек Асамидинович – КР Эсеп палатасынын төрагасы.

2.   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 1-мартындагы №2277-VI «Кербен» аэропортун ишке киргизүү тууралуу» токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматы жөнүндө

Демилгечи: Комитет

Баяндамачылар:           Акышев Курманбек Токтогулович – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору;

         Примбердиев Мурат Дуйшеевич - «Манас» ААКтын башкармалыгынын башчысы.

3.    Ар кандай маселелер

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 14-мартындагы П № 323-VI  Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу

  • Комитет
  • Бейшенов Жанат Саматович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри

 

Комитеттин төрайымы                                               М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 246