Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2016-жылдын 20-сентябрындагы Ош областынын Өзгөн жана Ноокат райондорундагы, Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарындагы жана Кадамжай районундагы шайлоочулар көтөргөн айрым социалдык маселелер жөнүндө ЧЕЧИМИ

30-09-2016 10:16

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2016-жылдын 20-сентябрындагы

 

Ош областынын Өзгөн жана Ноокат райондорундагы, Баткен областынын Кызыл-Кыя  шаарындагы жана Кадамжай районундагы шайлоочулар көтөргөн айрым социалдык маселелер жөнүндө

 

ЧЕЧИМИ

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Ош областынын Өзгөн жана Ноокат райондорундагы, Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарындагы жана Кадамжай районундагы шайлоочулар көтөргөн айрым социалдык маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары У.З. Ормонов, С.М. Джураев, М.Э. Мавлянова билдирген маалыматтарды жана бул маселелерге карата жергиликтүү органдардын жетекчилеринин жоопторун угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

         Комитет Ош областынын Өзгөн жана Ноокат райондорундагы, Баткен областынын Кызыл-Кыя  шаарындагы жана Кадамжай районундагы шайлоочулар актуалдуу социалдык маселелерди көтөргөндүгүн белгилейт.

         Өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, социалдык объекттерди куруу аркылуу  татыктуу турмуш деӊгээлин калкыбызга камсыз кылуучу иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча маанилүү милдет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына коюлган, бул болсо жумуштардын чоӊ көлөмүн аткарууну талап кылат.

         Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги республикалык бюджетин каражаттарынын эсебинен “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2016-жылга бекиткен суммада финансылануучу социалдык объекттерди  куруу жана иштетүүгө берүү боюнча белгилүү бир иштерди жүргүзүп жатат.

Атап айтканда, Кадамжай району боюнча 5 объекттин курулушуна 44 928,7 миӊ сом каралган:

2 спорттук зал - Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар кыштагындагы мектепте жана Апсамат кыштагындагы Б. Примов атындагы №50 мектепте (азыркы учурда аталган 2 мектептин  спорттук залдарынын курулушу бүткөрүлдү);

  • 1 саламаттык сактоо объекти – Пүлгөн кыштагындагы  аймактык оорукананын курулушу жана Бүргөндү конушу боюнча долбоорлоо жумуштары.

Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен жабдуу системасынын курулушун улантууга 5 000, 0 миӊ сом каралган, анын ичинен 2 000,0 миӊ сомго финансылоо ачылган.

2016-жылдын 14-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 28 036,2 миӊ сом суммасында финансылоону ачкан, бул болсо 2016-жылдын планынын 59,8 %н түзөт.

Мындан тышкары,  “Жерүй” алтын кенине лицензия сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен финансылануучу объекттердин бекитилген тизмегине ылайык, 2015-жылдан тартып Кадамжай районунда 1 275 окуучулук орунга эсептелген, жалпы сметалык наркы 265 622,3 миӊ сом болгон 5 билим берүү объектисинин курулушу жүргүзүлүп жатат.

Жогоруда аталган объекттердин курулушуна 2016-жылы 171 137,7 миӊ сом каралган, анын ичинен 2016-жылдын 14-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 58 000,0 миӊ суммасында гана финансылоо ачылган, бул болсо быйылкы жылдын планынын 33%ын гана түзөт.

2016-жылдын аягына чейин 4 билим берүү объектисин куруп бүткөрүү пландалган:

  • 3 мектепти – Охна кыштагындагы мектеп-гимназиянын жаӊы корпусун, Майдан айыл аймагындагы №11 Исфайрам орто мектебин, Халмион айыл аймагындагы Халмион мектебин;
  • Орозбеков кыштагындагы Кулду атындагы мектептин окуу корпусун.

Бирок, Кадамжай районунун Үч-Коргон кыштагындагы шайлоочулар менен жолугушууда айтылгандай, республикалык бюджеттин каражаттарынан жетиштүү түрдө финансыланбагандыктан, “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча курулушу башталган социалдык объектерди бүткөрүү мүмкүн болбой турат.

 Ош областынын Өзгөн жана Ноокат райондорундагы, Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарындагы жана Кадамжай районундагы шайлоочулар көтөргөн, социалдык объекттерге байланышкан маселелер боюнча иштин чыныгы жагдайларын иликтөө максатында Комитеттин  мүчөлөрү бул объекттерди жерине барып көрүштү жана окуучулар авариялык абалдагы мектептерде окуп жаткандыгына күбө болушту. Атап айтканда, Комитеттин мүчөлөрү өзгөчө белгилегендей, азыркы убакта Өзгөн районунун Бостон кыштагындагы Жусупбеков атындагы 275 окуучулук орундуу мектептин курулушу финансылоонун жоктугунан токтоп турат, ушундан улам мугалимдер окуучуларды жеке үйлөрдө жана мечиттерде окутууга мажбур болуп жатышат.

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын тургундары да шаардагы И.Абдрахманов атындагы мектеп-интернаттын тагдырына байланышкан маселени көтөрүштү, бул мектеп-интернат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабырдагы № 813 токтомуна ылайык 2013–2018-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана финансылоону оптималдаштыруу Планына кирип калган.

Мындан тышкары, калктуу конуштарда суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо маселесинин бышып жетилгендиги, суу менен жабдуу жана сууну агызып кетүү системаларын реабилитациялоону кечиктирүүсүз жүргүзүүнүн зарылдыгы  курч коюлду.

        

Аталган маселелерди талкуулоонун натыйжасында, жогоруда баяндалгандарды эске алып, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

         1. Ош областынын Өзгөн жана Ноокат райондорундагы, Баткен областынын Кызыл-Кыя  шаарындагы жана Кадамжай районундагы шайлоочулар көтөргөн айрым социалдык маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары У.З.Ормонов, С.М. Джураев, М.Э. Мавлянова билдирген маалыматтар эске алынсын.

 

         2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөргө финансылык каражаттарды бөлүү мүмкүндүгүн иликтөө сунушталсын:

Ноокат районунда:

  • 100 пациентти кабыл алууга эсептелген жаӊы поликлиниканын жана 100 жатак орундуу оорукананын курулушуна;
  • Он-Эки-Бел айлындагы жаӊы мектептин курулушуна (мурунку “Живпром” мектебинин имараты 2009-жылдагы жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу);
  •  Маданият кыштагындагы жаӊы мектептин курулушун толук бүткөрүүгө;
  • Кашкалдак кыштагындагы 120 орундуу балдар бакчасынын курулушун толук бүткөрүүгө;

Кадамжай районунда:

  • Үч-Коргон кыштагындагы оорукананы капиталдык оӊдоого жана жаӊы ФАПтын жаӊы имаратынын курулушуна;

Кызыл-Кыя шаарында:

  •  суу менен жабдуу жана сууну агызып кетүү системаларын реабилитациялоого;
  • БАМ кичирайонундагы курулуп бүтпөгөн мектептин курулушун бүткөрүүгө;

Өзгөн районунда:

  • Бостон кыштагындагы Жусупбеков атындагы 275 окуучулук орундуу мектептин курулушун толук бүткөрүүгө;
  • Шералы кыштагындагы Рысбаев атындагы 540 окуучулук орундуу мектептин курулушун толук бүткөрүүгө;
  • Куршаб кыштагындагы Ленин атындагы мектептин башталгыч класстар үчүн 275 окуучулук орундуу окуу корпусунун курулушуна;
  • Гүзар кыштагындагы Төлөнөв атындагы 275 окуучулук орундуу мектептин курулушун толук бүткөрүүгө;
  • Красный Маяк кыштагындагы Төрөгелдиев атындагы 640 окуучулук орундуу мектептин курулушун толук бүткөрүүгө;
  • жогоруда аталган кыштактардагы суу менен жабдуу жана сууну агызып кетүү тармактарын реабилитациялоого;
  • республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча – Куршаб кыштагындагы А.Тангатаров атындагы мектепти капиталдык оӊдоого.

 

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “2016-жылга республикалык бюджет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Өзгөн районунун Бостон кыштагындагы Жусупбеков атындагы 275 окуучулук орундуу мектептин курулушун бүткөрүүгө 5 млн. сом бөлүүнү карасын.

 

4. Ушул чечим жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы №813 “2013–2018-жылдагы Кыргыз Республикасындагы интернаттык типтеги балдар мекемелерин башкарууну жана финансылоону оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна ылайык И.Абдрахманов атындагы мектеп-интернаттын жабылуу коркунучуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жана Баткен областындагы Кызыл-Кыя  тургундарынын кайрылуусу (кириш № 12-214-45, 15.09.2016-ж.) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.

 

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 М. Аманкулов

 

 

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 2330