Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2016-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн Ош жана Баткен областтарындагы автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча иштер жөнүндө ЧЕЧИМИ

30-09-2016 10:20

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2016-жылдын 20-сентябрындагы

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн Ош жана Баткен областтарындагы автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча иштер жөнүндө

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук функцияларды жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн азыркы жана жаңыдан реабилитацияланган автомобиль жолдору менен курулуштардын абалына карата шайлоочулардын көптөгөн кайрылууларынын жана дооматтарынын келип түшүшүнө байланыштуу Ош жана Баткен областтарынын региондоруна чыгуу менен транспорт жана жолдор министринин орун басары Э.А. Осоевдин жалпы колдонуудагы жолдордун абалы жана тейлениши, талап кылынган жол инфратүзүмүнүн камсыз болуу деңгээли, суу чыгаруучу түзүлүштөр, жер алдындагы жана жер үстүндөгү коммуникациялар, ошондой эле “Ош-Баткен-Исфана (мындан ары – ОБИ) улуттук жолдорун реабилитациялоо долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

“Ош-Баткен-Исфана” автомобиль жолунун жалпы узундугу 403 километрди түзөт. “Кыргызжолтрансдолбоор” мамишканасы тарабынан ДСД иштелип чыгылган.

Баткен областынын автомобиль жолдору ОБИнин автомобиль жол башкармалыгы тарабынан тейленет жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин (мындан ары – ТЖМ) түзүмдүк бөлүкчөсү болуп саналат.

ОБИнин автомобиль жолдорун реабилитациялоого эл аралык финансылык институттар тартылып, Бүткүл дүйнөлүк банк, Европа реконструкциялоо Өнүктүрүү банкы, Европа Бирлиги, Ислам өнүктүрүү банкы, Кытайдын жана JICAнын Экспорттук Импорттук Банкы менен каржылоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларга кол коюлган.

Тилекке каршы, күтүлгөн жыйынтык ойдогудай болгон жок. Жылдан жылга реабилитациялоо жана куруу процессинен өткөн автомобиль жолдорунун канааттандыраарлык эмес абалы жөнүндө маселелер айтылып келе жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууларынын жүрүшүндө дагы бир жолу автожолдордун сапаты, жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын (жол белгилери, белгилемелер, светофорлор, тиешелүү жол тосмолору жана багыт берүүчү түзүлүштөрү) орнотуу жана камсыздоо боюнча бир катар сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.

Атап айтканда, ОБИнин автомобиль жолунун (Ноокат ашуусу) 22,2-километринен 22,3 километрине чейинки участкасынын жолдон өтүү бөлүгүнүн сол тилкесинде жол чөгүп, жолдун үстүнкү бетинин бузулушуна жана терс кесепеттерге – ЖТОго алып келген. Ал тургай коюлган талаптарга ылайык бузулган участкада тиешелүү жол белгилери өз учурунда орнотулган эмес. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Т.З. Зулпукаров тарабынан да көтөрүлгөн жана Комитетке 2016-жылдын 16-июнунда П№79-VI Протоколдук тапшырма берилген.

Аталган факт боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусунда калыбына келтирүү иштери подрядчынын – “Циньцзян Бейсин” кытай компаниясынын эсебинен аткарыла тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок, курулуш материалынын карьерге ташып келиниши жөнүндө (шагыл, шагыл-кум аралашмалары жана дренаж куруу үчүн таштар) маселенин чечилбегендигинен улам азыркы учурда дагы эле калыбына келтирүү иштери баштала элек.

Депутаттар ошондой эле Учбай-Акчабуу автожолунун жана Төө-Моюн-Өсөр-Жаңы-Арча автожолунун участкасын реконструкциялоонун зарылдыгын белгилешет. “Т. Зулпуев” айыл өкмөтүнүн “Учбай” участкасындагы жолдун узундугун (13 км) оңдоо зарыл, бул Ноокат шаарында транспорт тыгындарынын маселелерин чечээр эле.

Ошондой эле ОБИ автожолунун 61-километринде тиешелүү светофорлорду орнотуу жөө жүргүнчүлөр өтмөлөрүн куруу маселелерин (Көк-Жар айылы) жана 75-километрдеги жер алды менен мал айдап өтүү курулушун жана Ноокат шаарынын борборундагы жер үстүндөгү же жер алдындагы өтмөлөрдүн курулуштарын реабилитациялоо долбоорун кошуу жөнүндө маселелер актуалдуу болуп саналат.

Өзгөн-Кеңеш-Айгыржал автожолунун 14-километринде Баш-Дөбө жана Төрт-Көл (Ана-Кызыл жана Кеңеш-Айгыржал) эки айыл округун бириктирген – Жазы суусу аркылуу өтүүчү көпүрө бар, анын узундугу 73,3 метрди, туурасы 8 метрди түзөт жана ар бири 14,06 болгон (чоңдугу 6,1+2х1,0 метр) 5 өтмө, арчындашкан типтеги жээк тирөөчтөрү бар, тирөөчтөрдүн аралыгы темир бетондуу (монолиттүү), балкаларынын пролёттук курулушунун тавролук кесилиши 5 балкадан турган узундугу 14,06 метр. Өтмө жолдордун үстүнө сейрек кездешүүчү асфальт бетон төшөлгөн, тратуарлары цемент бетондуу.

2016-жылдын июль айында нөшөрлөгөн жаандын жана суу ташкындарынын кесепетинен көпүрөнүн тирөөчтөрү 35-45 сантиметрге чөгүп, натыйжада № 2 тирөөчтөрдүн аралыгы 10-15 сантиметрге кыйшайып кеткен жана 1 жана 2-пролёттун ортосунда көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн үстүнкү өтмө жолдорунда жантайма түргө келген. Бүгүнкү күндө ал көпүрөнүн абалы коркунучтуу.

Бул көпүрө боюнча эки варианттагы сунуш менен “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоордук институтунун төмөндөгүдөй корутундусу бар:

-көпүрөнүн бузулган участкасын калыбына келтирүү;

-жаңы көпүрө куруу.

Жергиликтүү маанидеги Өзгөн-Зергер автожолу боюнча (жалпы узундугу 21 километр, IV категориясында, анын ичинде: 10 километри асфальтбетондуу (0-3 километрден, 7-10 километрге, 11-15 километрге чейин) жана 11 километрине шагыл төшөлгөн (3-7 километрден, 10-11 километрге, 15-21 километрге чейин) 3 километрден 7 километрге чейин шагыл төшөлгөн Өзгөн-Зергер автожолунун 2 километри Жээренчи айылы аркылуу өтөт.

2012-жылы 5 ЖЭИсинин күчү менен Токтогул айылында 2 километр узундуктагы 7-километрден 9-километр боюнча асфальтбетон төшөлгөн, ал эми 2016-жылы 1 километрге (2-километрден 3-километрге чейин) асфальтбетонун төшөө аякталган. 2017-жылдын титулдук тизмесине 4 километр жолду оңдоону киргизүү (курулуштун наркы-24 млн. сом) зарыл.

Узундугу 6,5 километр Абшыр-Ата жолунун бурулушуна чейин Көк-Жар айылынан тартып узундугу 18,5 километр болгон Көк-Жар-Абшыр-Ата жолунун абалы жакшы (2016-жылы 4-километрден 6, 5 километрге чейин Абшыр-Ата бурулушуна чейин Т. Кулатов атындагы айыл округунун каражаттарынын эсебинен асфальт төшөлгөн).

Шагыл төшөлгөн Көк-Жар - Кызыл-Кыядан Абшыр-Атага чейинки 6,5 километр жолдун узундугу 12 километрди түзөт. Абалы жакшы, профилировка боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Абшыр-Сай суусу аркылуу өтүүчү көпүрө ОБИ автожолунун 63 километринде жайгашкан. 2015-жылы убактылуу САРМ темир көпүрөсү курулган. Азыркы учурда айланып өтмө жол боюнча өтүү жүзөгө ашырылып жатат.

Көк-Жар-Кулатов-Кызыл-Кыя автожолунда “Кулатов” айыл өкмөтүнүн күчү менен 3,0 километр асфальтбетон төшөлгөн, бирок каржылоонун жетишсиздигинен айыл өкмөтүнүн ичиндеги 600 метр автожолуна асфальт төшөлгөн аны жылдын аягына чейин бүткөрүү пландаштырылып жатат.

Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадам-Жай районунун тургундары менен жолугушууда Үч-Коргон-Чаувай автожолун оңдоо маселеси көтөрүлгөн.

Автоунаа жолдорунун сакталышын камсыздоо максаттарында депутаттар Кызыл-Кыя цемент заводунун чоң жүктүү автоунааларына технологиялык жолдор боюнча жүрүү сунушталган.

Үч-Коргон айылындагы көпүрөнү оңдоо жаатында жол-эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери суунун агымын өзгөртүшкөн, бирок нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, ал жарым-жартылай бузулгандыктан аталган көпүрө ОБИнин башкармалыгынын балансына алынган эмес, буга байланыштуу Комитет ӨКМга көпүрөөнүн курулушу (же оңдолушу) жөнүндө маселени акыр аягына чейин чечүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Депутаттар тарабынан көтөрүлгөн актуалдуу маселелер жаатында транспорт жана жолдор министринин орун басары Э.А. Осоевдин маалыматынан улам ОБИнин автомобиль жолунун 22,2 – 22,3 километриндеги (Ноокат ашуусу) бардык кемчиликтер бир айдын ичинде жоюла тургандыгы белгилүү болду.

Аталган жолго караганда башка дагы татаал жолдордун бар экендигин эске алып, Учбай-Акчабуу жана Төө-Моюн-Өсөр-Жаңы-Арча автожолдорунун участкаларын реконструкциялоо боюнча 2017-жылдын титулдук тизмесинин планына 1 километр гана жолго асфальт төшөлүү менен оңдоо иштери киргизилген.

ОБИнин автожолунун 61-километрине жөө жүрүүчүлөр өтмөлөрүн куруу жана тиешелүү светофорлорду орнотуу маселелери боюнча (Көк-Жар айылы) жана Ноокат шаарынын борборунда жер үстүндөгү жана жер алдындагы өтмөлөр боюнча жер алдындагы өтмөлөрдү куруунун мүмкүн эместиги жөнүндө, ал эми светофорлук объектилерди орнотуу жолдорду реабилитациялоо боюнча долбоорго киргизиле тургандыгы тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, жер алдындагы мал айдап өтүүчү 75-километрдеги (Муркут айылы) курулушу боюнча – ОБИни реабилитациялоо долбооруна киргизүү үчүн Транспорт жана жолдор министрлигине кат жөнөтүлгөн.

Көпүрөлөр жаатында:

-46 жылдан бери эксплуатацияланып келе жаткан Өзгөн-Кеңеш-Айгыржал автожолунун Жазы суусу аркылуу өтүүчү 14-километриндеги көпүрөнүн бузулган участогун калыбына келтирүү чечилген, анткени табигый кырсыктарга бөлүнгөн акча каражаттары жетишсиз.

Азыркы учурда долбоордук-сметалык документациялар аяктап жатат, көпүрөнү долбоорлоого 176 миң сом, ал эми курулуш жана калыбына келтирүү иштерине 15,0 млн. сом талап кылынат.

-ОБИнин автожолунун 63-километри Абшыр-Сай суусу аркылуу жайгашкан. Көпүрөнү реабилитациялоо ратификацияланган долбоорго киргизилген.

2016-жылдын аягына чейин табигый кырсыктарды жоюуга каралган финансылык каражаттардын эсебинен төмөнкүдөй иштерди аткаруу зарыл: № 2-тирөөчтөрдү демонтаждоо, транспорттордун убактылуу өтүүсү үчүн узундугу 28 метр болгон орточо автожол айрылыш көпүрөсүн монтаждоо, суунун агымын жасалма жол менен чыңдоо курулмалары жана рисверма курулмалары.

Ошондой эле Э.А. Осоев тарабынан узундугу 3,0 км болгон Көк-Жар-Кызыл-Кыя автожолуна ШПО төшөлө тургандыгы, ал эми Абширсай айылындагы Додон-Салиев-Абширсай автожолуна 1,0 км асфальтбетон төшөлө тургандыгы убада кылынган.

ОБИнин автожолунун 63-километринде көпүрөнүн курулушу 28-108 километр жол участогун реконструкциялоодо бүтүрүлмөкчү.

Жер алдындагы мал айдап өтүүчү өтмөнү куруу маселеси боюнча жол кырсыктарынан качуу үчүн аталган маселе жолдорду реабилитациялоо долбооруна киргизилет.

Үч-Коргон-Чаувай автожолу жаатында – транспорт жана жолдор министрлиги 2017-жылдын титулдук тизмесине аталган автожолго асфальт төшөө (узундугу 2 км) төшөөнү киргизүүнү пландаштырып жатат, Э.А. Осоевдин сөзүнөн улам оңдоо иштери 2017-жылдын апрелинде башталат.

Жогоруда баяндалганды эске алып, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Жалпы колдонуудагы жолдордун абалы жана тейлениши, ошондой эле улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реабилитациялоо жолдорун каржылоо жөнүндө макулдашууларды ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жана чечимде саналып өткөн автожолдордун, көпүрөлөрдүн участкаларын жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары (жол белгилери, белгилемелер, светофорлор, тиешелүү жол тосмолору, суу чыгаруу жана багыт берүүчү курулмалар) менен камсыздоо жана орнотуу жөнүндө транспорт жана жолдор министринин орун басары Э.А. Осоевдин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реабилатациялоо долбоорун аткаруу жана автомобиль жолдорунун, көпүрөлөрдүн участкалары боюнча транспорт жана жолдор министрлигинин милдеттенмелерин аткаруу, жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары менен камсыздоо үчүн финансылык каражаттарды бөлүү боюнча кординалдуу чараларды көрсүн.

3. Транспорт жана жолдор министрлиги “Ош-Баткен-Исфана” автомобиль жолун реабилитациялоонун жана куруунун сапатын жакшыртуу жана саналып өткөн автожолдордун, көпүрөлөрдүн участкаларын чечүүдө жогоруда саналып өткөн милдеттенмелерди аткаруу жана жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын орнотуу боюнча төмөндөгүдөй кечиктирилгис чараларды көрсүн:

-2016-жылдын 20-октябрына чейин ОБИнин автомобиль жолунун 22,2-22,3 километриндеги (Ноокат ашуусу) бардык кемчиликтерди четтетүү;

-2017-жылдын титулдук тизмесинин планына Учбай-Акчабуу; Төө-Моюн-Өсөр-Жаңы-Арча автожолунун участкаларын; Өзгөр-Зергер автожолунун 4 километрин; Көк-Жар-Кызыл-Кыя, Додон-Салиев-Абширсай автожолдорун реконструкциялоо; Үч-Коргон-Чаувай автожолуна асфальт төшөө (узундугу 2 км), 2017-жылдын апрелинде оңдоо иштерин баштоо.

Төмөндөгү курулмаларды кароо:

-жөө жүрүүчүлөр өтмөлөрүн зарылчылыгы боюнча;

-ОБИнин автожолунун 61-километрине светофорлорду орнотуу (Көк-Жар айылы);

-Ноокат шаарынын борборунда өтмө жолду (жер үстүндөгү же жер астындагы) куруу (айлампа);

-75-километрде жер үстүндөгү мал айдап өтүү өтмөсүн куруу (Муркут айылы);

-көпүрөлөр боюнча:

-2016-жылдын аягына чейин Абшыр-Сай суусу аркылуу табигый кырсыктарды жоюуга каралган финансы каражаттарынын эсебинен № 2 тирөөчтөрдү демонтаждоо, транспорттун убактылуу өтүүлөрү үчүн узундугу 28 метр чечилме автожол көпүрөсүн (ЧАЖК), суунун нугун жасалма жол менен чыңдоо жана рисбермалар курулмаларын аткаруу зарыл;

-ОБИ автожолунун 63-километрине көпүрө куруу (28-108-километрдеги жолдун участкасын реконструкциялоо).

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мурда кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылбагандыгын эске алып, “2016-жылга республикалык бюджет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Өзгөн-Кеңеш-Айгыржал автожолунун 14-километриндеги Жазы суусу аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушун аяктоого 7 млн. сом карасын.

5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

-Үч-Коргон айылындагы көпүрөнүн курулушу (же оңдолушу) жөнүндө маселени акыр аягына чейин чечсин.

6. Аталган корутунду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жөнөтүлсүн.

7. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                             М.А. Аманкулов

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 2055