Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2019-жылдын 7-февралындагы П №305-VI Протоколдук тапшырмасы тууралуу ЧЕЧИМИ

20-11-2019 09:27

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 9-апрелиндеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2019-жылдын 7-февралындагы П №305-VI Протоколдук тапшырмасы тууралуу

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын    7-февралындагы П №305-VI Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри               Ж. Бейшеновдун жана «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.А. Абдыкеримовдун маалыматтарын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын           7-февралындагы жыйналышында депутат М. Бакиров көтөргөн темир жол тармагындагы көйгөйлөр, тактап айтканда “Узбекистон темир йуллари” АКмунун “Кыргыз темир жолу” УК” МИсынын алдындагы 2008-жылдын октябрынан 2017-жылдын мартына чейин жүк вагондорун пайдалангандыгы үчүн 1 миллион 862 миң 562 швейцария франкы  өлчөмүндөгү карызы жана Жогорку ылдамдыктагы Кара-Балта - Бишкек - Балыкчы – Каракол темир жолун куруу маселеси боюнча Техникалык экономикалык негиздемени иштеп чыгуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2019-ж. 7-февралындагы П №305-VI) протоколдук тапшырмасы боюнча Комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигине (чыг.№6-1265/19  21.02.19-ж.) кат жолдонуп, расмий жооп (кир. 6-6702/19  22.03.19-ж.) алынган.

         Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча, 1996-жылдын 24-декабрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда темир жол транспорту боюнча кызматташуу жөнүндөгү Макулдашууга (мындан ары текст боюнча келишим) кол коюлган.

Макулдашуунун 1-беренесинин 5-пунктунда төмөндөгүчө жазылган: “Келишим түзүүчү тараптар Кыргыз Республикасына жана Өзбекстан Республикасына тиешелүү вагондорду Келишим түзгөн тараптардын кайсынысынын темир жол участкаларында болбосун акысыз түрдө биргелешип пайдаланууга макул болушту”. 

Кыргыз темир жолу жана Өзбек темир жолу жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга  ылайык 1997-жылдын январь айынан тартып жүк вагондорун пайдалангандыгы үчүн бири-бирине төлөм төлөшкөн эмес. 

2017-жылдын 21-февралында “КТЖ” УК” МИсы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине бул Макулдашуунун юридикалык күчүнүн бар же жоктугу маселеси боюнча кайрылган. КР ТИМ аталган Макулдашуу Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  2008-жылдын 25-июнундагы №05/16564 нотасынын негизинде 2008-жылдын 3-октябрында эле өз күчүн жоготкондугун билдиришкен. Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин нотасы  2008-жылдын 3-июлунда келип түшүп, Макулдашуунун 11-беренесине ылайык ал 2008-жылдын 3-октябрында ишин токтотот деп көрсөтүлгөн.

Кийин жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде, “КТЖ” УК” МИси 2017-жылы Макулдашуу өз ишин токтоткондугун аныктап, “КТЖ” УК” МИси “Узбекистон темир йуллари” мамлекеттик акционердик темир жол компаниясы жана Кыргыз темир жолунун ортосундагы 1997-жылы 12-февралында Ташкент шаарында кол коюлган эл аралык каттамдагы темир жол ташуулары үчүн өз ара эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндөгү Макулдашууну жана “Узбекистон темир йуллари” мамлекеттик акционердик темир жол компаниясы жана Кыргыз темир жолунун ортосундагы  2015-жылдын 12-декабрында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) кол коюлган эл аралык каттамдагы темир жол ташуулары үчүн өз ара эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндөгү Келишимге №2 кошумча Макулдашууну негиз катары кабыл алып, 2017-жылдын апрель айынан тартып Өзбек темир жолуна кабарлоо менен жүк вагондорун пайдалангандыгы үчүн төлөмдү киргизип баштаган.   

“КТЖ” УК” МИси Өзбек темир жолуна Макулдашуунун өз ишин токтоткон мезгилден тартып, тактап айтканда 2008-жылдын октябрынан 2017-жылдын мартына чейинки жүк вагондорун пайдалангандыгы үчүн чогулган карызды төлөө жана кабыл алуу жөнүндөгү 14.04.2017-ж. №04-26/709, 18.07.2017-ж. №04-26/1265 жана 07.02.2018-ж. №04-26/286 каттары аркылуу кайрылган.

2008-жылдын октябрынан 2017-жылдын мартына чейинки Кыргыз темир жолунун пайдасына түшүүчү сальдонун көлөмү 1 862 562 швейцария франкын түздү.

2018-жылы 13-сентябрда Москва шаарында (РФ) КМШ катышуучу-мамлекеттердин темир жол администрацияларынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү жана талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча Комиссиясынын жыйыны болуп өтүп, “Кыргыз темир жолунун Өзбек темир жолуна “Узбекистон темир йуллари” АКмунун “Кыргыз темир жолу” УК” МИсынын алдындагы 2008-жылдын октябрынан 2017-жылдын мартына чейинки мезгилде жүк вагондорун пайдалангандыгы үчүн 1 862 562 швейцария франкы  өлчөмүндөгү карызды кабыл алуу жана төлөө жөнүндөгү” талабын четке кагуу” чечими кабыл алынган.

Аталган маселе боюнча протоколго кыргыз тараптан каршы пикирлерди эске алуу менен кол коюлган (өзгөчө пикир).

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2018-жылдын 23-мартындагы №92 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж. Акаевдин 2018-жылдын 1-мартындагы “КТЖ” УК” МИсындагы бузуулар, анын ичинде Өзбек темир жолу менен өз ара эсептешүүлөр жөнүндөгү айтылган факттарды текшерүү үчүн аталган министрликтин адистеринен турган комиссия түзүлгөн.

Аталган маселе боюнча комиссия тарабынан Кыргыз темир жолу менен Өзбек темир жолунун ортосундагы 1997-жылдын январынан 2017-жылдын мартына чейинки ТЖА МЭБ негизги эсептөө ведомостторунун негизинде өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча текшерүү жүргүзүлгөн, ошондой эле комиссия тарабынан Кыргыз темир жолунун Өзбек темир жолунун алдындагы Макулдашуунун жүрүп турган мезгилиндеги (1997-жылдын январынан 2008-жылдын октябрына чейин) карызы 2 764 056 швейцария франкын түзгөндүгүн аныкталган.  

“КТЖ” УК” МИсынын өз убагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан Макулдашуунун ишинин токтогондугу тууралуу билдирүү алып албагандыгын Комиссия аныктаган жок, себеби 2008-жылдагы кирүүчү документтерди катточу журнал (1-2-китеп) мындан ары сактоого кирбеген, илимий жана тарыхый жактан маанисин жана практикалык маанисин жоготкон документ катары документтерди жок кылуу актына кирип кеткен.   

Жогорку ылдамдыктагы Кара-Балта - Бишкек - Балыкчы – Каракол темир жолун куруу маселеси боюнча, “Луговая – Балыкчы” темир жол участкасы Кыргызстан менен Казакстанды жана башка мамлекеттерди байланыштыруучу негизги темир жол болуп саналат. Участок бир тараптуу, узундугу 321,5 км, анын 60,3 км Казакстандын аймагында, ал эми 261,2 км Кыргызстандын аймагында жайгашкан.

“Луговая – Балыкчы” темир жол участкасын электрлештирүү долбоорун ишке ашыруу темир жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, айлананын булгануусун жана күйүүчү майга болгон көз карандылыкты азайтат. 

1992-жылы казак долбоор институту “Трансэлектропроект” тарабынан    “Луговая – Балыкчы” темир жол участкасын электрлештирүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Азыркы учурда ТЭН толугу менен жаңылоо, же акыркы долбоордун эскирип калганына байланыштуу жаңы ТЭН иштеп чыгуу талап кылынат.

Буга байланыштуу “КТЖ” УК” МИсы темир жол участкасын электрлештирүү боюнча долбоордун ТЭН даярдоо ишинин эл аралык донордук уюмдар тарабынан (Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк) каржылануу мүмкүндүгүн караштырууда. 

Баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкү чечимге келди:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын    7-февралындагы П №305-VI Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри                  Ж. Бейшеновдун жана «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.А. Абдыкеримовдун баяндамалары эске алынсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

- өз ара эсептешүүлөрдүн жыйынтыгында 2008-жылдын октябрынан 2017-жылдын мартына чейинки мезгилде “Кыргыз темир жолу” УК” МИсына тиешелүү жүк вагондорун пайдалангандыгы үчүн “Узбекистон темир йуллари” АКмунан 1 862 562 швейцария франкы өлчөмүндөгү акча каражатын кайтаруу боюнча чара көрүү;

-ушундай кырдаал түзүлгөндүгүнө жана акча каражаттары өз убагында кайтарылбагандыгына күнөөсү бар жетекчилердин аракетине укуктук баа берүү;

-жогорку ылдамдыктагы Кара-Балта - Бишкек - Балыкчы – Каракол тез каттам темир жолун куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгуу.

 

  1. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү пункту боюнча иш алып баруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К. Касымалиевага жогорудагы Протоколдук тапшырманы Комитеттин көзөмөлүнөн алып салуу үчүн жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрайымы                                                М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 141