Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 14-мартындагы П№323-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө» ЧЕЧИМИ

20-11-2019 11:53

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 24-сентябрындагы

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 14-мартындагы П№323-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө»

ЧЕЧИМИ

      Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет)  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А.Ногойбаевдин жана Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин диретору Ш.М. Иманкуловдун «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын                    14-мартындагы П№323-VI протоколдук тапшырманын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө» маалыматтарын угуп жана берилген материалдар менен таанышып чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Комитет КР ЖК депутаты А.М.Эргешов демилгелеген КР ЖКнын 2019-жылдын 14-мартындагы П№323-VI протоколдук тапшырмасын  аткаруу үчүн  27.03.19-жылы (чыг.№6-2212и/19) аны Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине (мындан ары ТжЖМ) жиберген, жана 9-апрелде ага жооп алынган (кир.№6-8130/19).

КР ЖК депутаты А.М.Эргешов аны менен таанышып жана протоколдук тапшырмада каралган көйгөйлөрдү чечүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев менен алдын ала сүйлөшүлгөндүгүн жана макулдашылгандыгын эске алып, каттын (жооптун) маңыздык мазмунуна канаттанбагандыгын билдирди, жана ага ылайык Комитет 18.04.2019-жылы кескин чечим кабыл алуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн протоколдук тапшырманы кайрадан жиберүүгө (чыг.№6-2801/19), жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиевага кайрылып, аткаруу мөөнөтүн 2019-жылдын 1-майына чейин узартууга аргасыз болгон.

Бирок, 2019-жылдын 2-майында Комитетке ТжЖМден кайрадан эле  анын мазмуну КР ЖК депутаты А.М.Эргешовдун талаптарына жооп бербеген  жооп кат (кир.№6-10016/19)  келген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын            14-мартындагы №323-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча, төмөнкү маалыматт берилет. 

“Таш-Көмүр-Кербен” автожолунун, тактап айтканда №38 Жол тейлөө мекемесине карамагындагы узундугу 28 км түзгөн “Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-12” жана №12 Жол тейлөө мекемесине карамагындагы узундугу 39,6 км түзгөн “Кербен-Үчкоргон ГЭС” жолунун 39-72 км бөлүгүнө жалпы узундугу 67,6 км жолду техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) даярдоого №38 жана №12 Жол тейлөө мекемелери тарабынан “Кыргызжолунаадолборлоо” долборлоо институту менен келишим түзүлүп келишимдин негизинде 10 пайыз алдын ала төлөмү которулуп берилгендигин билдиребиз. 

          Ал эми, аталган жолду реабилитациялоого кредиттик же гранттык түрдөгү каражаттарды тартуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банкттын өкүлдөрү менен жолугушуулардагы сүйлөшүлөрдүн негизинде, аталган донорлорго сунушталган 67,6 км жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) даярдалгандан кийин сунуштоону билдиришкен. 

      Ошондой эле, 2019-жылдын 2-июнунда №02-6/4246 сандуу каты менен Кыргыз Респуликасынын экономика министрлигине, Таш-Көмүр шаарынан Кербен шаарына чейинки узундугу 67,6 км жолдун, реконструкциялоого Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (ГЧП) аркылуу демилгелөө боюнча долбоорунун тизмесине киргизүү сунушталгандыгын кошумча маалымат катары берилет.

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Депутаттык суроо-талаптарга, каттарга, кайрылууларга жана башкаларга жооп жиберүүдө, аларга жооп жазуу даярдалып жатканда чыгармачыл формалдык эмес (куру жооп) мамиле колдонууну токтотуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине (ведомстволук уюмдарга, түзүмдүк бөлүмдөргө) сунушталсын.

2. 2019-жылдын 1-ноябрына чейин Таш-Көмүр шаарынан Кербен шаарына чейинки узундугу 67,6  чакырым стратегиялык автомобиль жолун реконструкциялоого ТЭН (техника-экономикалык негиздемени) даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын             14-мартындагы П№323-VI протоколдук тапшырмасын аткаруунун чегинде кабыл алынган чаралар боюнча орто-аралык маалыматты берсин.

3. Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиевага жогоруда көрсөтүлгөн протоколдук тапшырманын аткарылыш мөөнөтүн 2019-жылдын 1-декабрына чейин  узартуу өтүнүчү менен кайрылсын.

4. Ушул протоколдук тапшырма Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине аткарууга кезектеги (үчүнчү) жолу жиберилсин.

5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Комитеттин бөлүмүнө тапшырылсын.

Төрайымдын орун басары                                                    А.М. Эргешов

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 194