Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 8-октябрындагы Бишкек-Ош автожолунда таш кулоодон коргоочу курулманы (галереяны) куруу иштери менен танышуу жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы социалдык объекттердин курулушунун абалы жана шайлоочулар көтөргөн маселелер боюнча көчмө жыйынынын ЧЕЧИМИ

20-11-2019 11:57

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 8-октябрындагы

Бишкек-Ош автожолунда таш кулоодон коргоочу курулманы (галереяны) куруу иштери менен танышуу жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы социалдык объекттердин курулушунун абалы жана шайлоочулар көтөргөн маселелер боюнча көчмө жыйынынын

ЧЕЧИМИ

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Жалал-Абад облусунун Токтогул райондорундагы жолдордун, социалдык объектилердин жана билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышкандан кийин пайда болгон маселелер боюнча көтөргөн жана ушул региондун шайлоочуларынын кайрылууларында белгиленген көйгөйлөргө карата Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Б.Ч.Бердалиев, Финансы министринин орун басары У.Т. Кармышаков, Архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.А.Акматалиев жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин маалыматтарын жана жоопторун угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Комитеттеги депутаттар Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) каржылаган Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоорунун алкагында JICAнын каражаттарынын эсебинен Бишкек-Ош автожолунун 246-километриндеги  табигый кырсыктарды болтурбоо максатында курулуп жаткан (галереяны) таш кулоодон коргоочу курулманы куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып чыгышты.

Бийик тоолуу капчыгайдын кооптуу участоктору боюнча тик эңкейиштерин жана тик зоолорун аралап өткөн 672 км узундукта созулуп жаткан Бишкек-Ош автомобиль жолу өлкөбүздүн транспорттук артериясынын эң маанилүү стратегиялык мааниге ээ обьектеринин бири болуп саналат.

Ушул долбоордун максаты автомобиль жолдорунан коопсуз өткөрүү дареметин жогорулатууга адамдардын жана транспорт кыймылдарынын аргасыз кармалуусун жана катастрофалык кырдаалдардын келип чыгышын төмөндөтүүгө тынымсыздыкты жана автомобилдердин коопсуз кыймылын камсыз кылууга багытталып Бишкек-Ош автомобиль жолундагы абдан кооптуу участокторун кар күрткүлөрүнөн  сактоо болуп саналат.

“Бишкек-Ош автомобиль жолун кар күрткүлөрдөн сактоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) 4,288,000,000 (төрт миллиард 288 миллион) япон иенинин өлчөмүндө грант берүүдө.

Комитет мүчөлөрү Токтогул районунун Торкен айылындагы А.Мамыров атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Учурда 500 окуучу билим алган мектеп имараты мурда айылдык дүкөн катары салынып, бирок кийинчерээк мектепке берилген. Бир партада үчтөн окуучу отуруп, үч мөөнөт менен окушат. Мектеп имараты эскилиги жетип, кулап калуу коркунучу бар экени айтылды. Андан соң Кара-Суу айылындагы Т.Казатов мектебинде болуп, имараттын абалын көрүштү. Бул айылга 2018-жылы жаңы мектептин пайдубалы түптөлүп, бирок курулушу улантылбай келет. Кара-Суу айылындагы бала бакчаны толук бүтүрүү үчүн 1,5 млн сом акча бөлүп берүүнү суранышты.

Европа өнүктүрүү банкы аркылуу каржылана турган айыл - шаарларды ичүүчү суу менен камсыздоо долбооруна токтогул шаары менен биргеликте Жаӊы-Жол айыл округуна караштуу 6 (алты) айыл киргендиги айтылып, бирок, белгисиз себептер менен кошулбай калган Арал, Кара-Суу айылдарын тизмеге киргизип берүүнү суранышты.

Көчмө жыйынга чакырылган тиешелүү министрликтер жана ведомстволор жетекчилеринин катышуусу менен жогоруда аталган социалдык объектилердин жана билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышып чыгышты жана Комитет мүчөлөрү өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.

Бала-Чычкан айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелер боюнча суроо-жооп түрүндө талкуу болуп, маселени жеринде көргөн эл өкүлдөрү тийиштүү тармактын өкүлдөрүнө көйгөйдү чечүү боюнча тапшырмаларды беришти.

Комитет райондогу жолдордун, социалдык объектилердин жана билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышкандан кийин пайда болгон маселелер боюнча көтөргөн жана ушул региондун шайлоочуларынын кайрылууларында белгиленген көйгөйлөргө карата тиешелүү министрликтер жана ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин маалыматтарын жана жоопторун угуп, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

- 2020-жылдагы республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча Торкен айылындагы А. Мамыров атындагы орто мектептин жаӊы имаратын курууга жана Кара-Суу айылындагы Т. Казатов мектебинин курулушун улантууга акча каражатын кароо;

- 2020-жылы Токтогул шаарын жана Жаӊы-Жол, Бала-Чычкан, Кызыл-Туу, Арал жана Кара-Суу айылдарын Европа өнүктүрүү Банкы аркылуу каржыланып жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо долбооруна киргизүү.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине:

- Жаӊы-Жол а/о (2км) жолду асфальтоону «капиталдык салымдар» беренеси боюнча титулдук Тизмеге киргизүү;

- Сары-Камыш айылынан кетүүчү жолду «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү автомобилдик жолуна (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү автомобилдик жолу) кошуу маселесин чечүү.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине:

- Кара-Суу айылындагы курулуп жаткан бала бакчаны толук бүтүрүү үчүн зарыл болгон 1,5 млн. сом финансылык каражатты тез арада бөлүү мүмкүнчүлүгүн табуу.

4. Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бул чечимдин аткарылышын Комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

Комитеттин төрайымы                                                         М.Э. Мавлянова

 

Көрүүлөрдүн саны : 138