Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 29-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна КОРУТУНДУСУ

20-11-2019 12:06

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 29-октябрындагы

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

КОРУТУНДУСУ

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясында жана 2020-2021-жылдарга божомолунда аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды эсепке алуу менен иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы №503-токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А. Боронов жана финансы министри Б.Ж. Жеенбаеванын маалыматарын угуп, кураторлук кылуучу министрликтерден жана ведомстволордон келип түшкөн сунуштар менен таанышып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолу Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык даярдалган. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясында жана 2021-2022-жылдарга болжолунда аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды, Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним жана жаратмандык” иш программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн планын эске алуу менен иштелип чыккан. Бюджет долбоорун эсептөө негизине 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын негизги багыттарынын параметрлери алынган.

ИДПнын анык өсүш арымы 2020-жылы 5,0%, 2021-жылы 4,0% , жана 2022-жылы 4,4% деңгээлине экономиканын тармактарынын өсүшүнүн эсебинен жетишилет: кызмат көрсөтүү чөйрөсүн (2020-ж. – 4,3%, 2021-ж. – 3,5%, 2022-ж. – 2,9%), курулуш (2020-ж. – 11,7%, 2021-ж. – 9,1%, 2022-ж. – 8,7%), айыл чарба (2020-ж. - 3,7%, 2021-ж. – 3,3%, 2022-ж. - 3,3%), өнөр жай (2020-ж. – 4,1%, 2021-ж. – 2,9%, 2022-ж. – 6,3%).

ИДП өндүрүшүнүн структурасында кызмат көрсөтүүлөрдүн салыштырма салмагынын өсүү динамикасы 2020-ж. 47,2%, 2021-ж. 47,2%, (2022-ж. – 46,6%). ИДПда өнөр жайдын үлүшү 2020-ж.  18,6%дан 2021-ж 18,4%га чейин төмөндөйт (2022-ж. - 18,7%). Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, өнөр жайдын салыштырма салмагы 2020-жылы 10,6% дан 2021-жылы 10,9% га чейин көбөйөт (2022-ж. – 10,9%). ИДПда курулуштун салыштырма салмагы 2020-жылы 9,6%дан 2021-жылы 9,7%га чейин көбөйөт  (2022-ж. - 9,9%). Айыл чарбасынын салыштырма салмагы 2020-жылы 10,8%,  2021-ж. 10,7% түзөт (2022-ж. – 10,6%).

 2020-2022-жылдарда өнөр жайда өсүү иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын туруктуу иштешинин, токтоп турган өндүрүштөрдү жаңыртуу, Талды-Булак, Сол жээк, Бозымчак, Иштамберди, Кара-Казык, Жерүй, Чаарат  кендеринин көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен 4,6%, 3,2% жана  6,0%га өсүү болжолдонууда.

Транспорт иштери жана жүктөрдү сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн өсүшү 2020–2022-жылдарда тийиштүү түрдө 7,1%, 4,5%, 3,2% деңгээлинде болжолдонууда.

Бул өсүш аба байланыш географиясын кеңейтүүнү багытында иштерди улантуунун жана кургактагы транспортто жүк ташуунун көбөйүшүнүн эсебинен болот, бул болсо транспорт тармагынын көлөмүнүн өсүшү үчүн шарттарды түзөт.

2020-2022-жылдарда курулушта өсүш арымы тийиштүү түрдө 11,7%, 9,1%, 8,7%, деңгээлинде болжолдонууда.

          Курулуштагы артыкчылыктуу багыттар:

- калктын аялуу катмары үчүн жеткиликтүү социалдык турак-жай куруу;

- турак жай, социалдык жана өнөр жай багытындагы объектилердин курулушунун көлөмүн көбөйтүү, жаңы архитектуралык-курулуш системасына, имараттардын типтерине, жана заманбап технологияларга өтүү;

- автомобилдик жолдорду реабилитациялоо жана сактоо, эл аралык коопсуз транспорттук коридорлорду түзүү;

- төмөнкү объектилердин курулушуна жана реконструкциялоого  инвестицияларды тартуу: Камбар-Ата ГЭС-1, ГЭСтин Жогорку-Нарын каскады, Ак-Булуң ГЭСи, Ат-Башы ГЭСи, Үч-Курган ГЭСи, Токтогул ГЭСи ж.б. генерациялоочу объектилер;

- айыл жашоочуларын жаңы сугат жерлер менен камсыздоо үчүн ирригациялык инфраструктураны куруу, ошондой эле учурдагы ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо жана реабилитациялоо.

Калктын жан башына ИДПнын көлөмү 2020-жылы 1 490,9 АКШ долларынан 2022-жылы 1 581,2 АКШ долларына чейин өсөт.

Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алганда, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2020-жылга  183 708,1 млн. сом суммада, же ИДПга карата 27,5 % болжолдонууда. 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу ИДПга карата мамлекеттик бюджеттин болжолдонгон кирешеси 7,8 % га, же 13 248,4 млн. сомго көбөйөт.

2021-2022- жылдардагы мезгилде мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү тийиштүү түрдө 186 187,9 млн. сомго жана  191 306,8 млн. сомго чейин өсөт.

Салыктык кирешелер 2020-жылы 144 755,0 млн. сомду түзөт. 2020-жылы салыктык кирешелер 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 8,6 %га же 11 490,3 млн. сомго көбөйөт. ИДП көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшү ИДПга карата 21,7 % түзөт. Орто мөөнөттүү келечекте салыктык түшүүлөр 2021-жылы 151 502,3 млн. сомдон 2022-жылы 159 882,8 млн. сомго чейин өсөт.

2020-жылы мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 29 270,3 млн. сом, же ИДПга карата 4,4 % га бааланат. Салыктык эмес кирешелер 2019-жылдын бекитилген бюджетине карата 3 663,8 млн. сомго же 14,3 %га көбөйөт. 2021-2022-жылдардагы мезгилде салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрү тийиштүү түрдө 27 351,6 млн. сом жана 27 506,4 млн. сом суммада болжолдонууда.

Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 2020-жылы 163 710,4  млн. сом, суммада же ИДПга карата 24,5каралган. 2019-жылдын бекитилген бюджетине карата республикалык бюджеттин кирешелерин номиналдык туюнтууда 7,9 % же 11 948,0 млн. сомго көбөйөт. 2021-2022-жж. мезгилинде республикалык бюджеттин кирешелери тийиштүү түрдө 164 916,6 млн. сомду жана  169 243,7 млн. сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелер курамында салыктык кирешелер 2020-жылы 127 879,0 млн. сомду (ИДПга карата 19,2 %), 2021-жылы– 133 366,7 млн. сомду  (ИДПга карата 18,7 %), 2022-жылы– 140 973,8 млн. сомду (ИДПга карата 18,6 %) түзөт. Үч жылдык мезгил үчүн алардын  орточо жылдык өсүш арымы 106,1 % түзөт.

Республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери 2020-жылы– 26 148,6 млн. сом (ИДПга карата 3,9 %), 2021-жылы – 24 215,9 млн. сом (ИДПга карата 3,4 %) жана 2022 -жылы– 24 397,2 млн. сом (ИДПга карата 3,2 %) өлчөмүндө каралууда.

2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 173 663,9 млн. сом же ИДПга карата 26,0 % деңгээлинде белгиленди, бул 2019-жылга бекитилген (161 913,1 млн. сом) бюджеттен 11 750,8  млн. сомго сомго көп.  Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке алуу менен 181 722,5 млн. сом деӊгээлинде белгиленген,  анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен 144 015,0 млн. сом, бул 2019-жылга бекитилген (130 256,3 млн. сом) бюджеттен 13 758,7 млн. сомго көп, атайын эсептин каражаттары 10 749,7 млн. сом, бул 2019-жылга бекитилген (9 373,5 млн. сом) бюджеттен 1 376,2 млн. сомго көп, мамлекеттик инвестициялардын каражаттары 26 957,8 млн. сом. 2021-2022-жылдардагы мезгилде республикалык бюджеттин чыгымдары финансылык активдерди кошпогондо тийиштүү түрдө 173 498,4 млн. сом жана 174 967,0 млн. сомду түзөт.

Мамлекеттик инвестициялардын кредиттери бюджеттин сунушталган долбоорунда 2020-жылы 18 682,0 млн. сом, 2021-жылы – 22 249,0 млн. сом жана  2022-жылы – 19 025,3 млн. сом өлчөмүндө каралууда.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги

Бул бөлүм боюнча 2020-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда 1 533,7 млн сомго же 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 10,7 % азаюу менен 12 827,9 млн. сом суммада каражат каралган, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 2 251,5 млн сомду түзөт же 2019-жылдын бекитилген бюджетинин деңгээлинде; атайын эсептин каражаттарынын эсебинен 90,0 млн сом же 2019-жылдын бекитилген бюджетинин деңгээлинде; мамлекеттик инвестициялардын каражаттарынын эсебинен 10 486,3 млн сом же 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 87,2%. 

Пландалган чыгымдарды каржылоо булактары: республикалык бюджеттин каражаттары, атайын эсептин каражаттары жана мамлекеттик инвестициялардын каражаттары, алар КР ТЖМнын жалпы чыгымдарына карата пайыздык катышта  17,6%,  0,7%, 81,7%  түзөт.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин бөлүмдөрү боюнча бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү 2020-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда төмөнкүдөй берилген:

- борбордук аппаратка - 45,4 млн. сом, бул КР ТжЖМнын пландалган бюджеттик каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 2,0%  түзөт;

- Жол чарбасы департаментине автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын ремонттоого жана тейлөөгө – 1 871,7 млн. сом, бул КР ТжЖМнын пландалган бюджеттик каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 83,1% түзөт; 

- Жарандык авиация агенттигине литердик рейстин чыгымдарын камсыздоого, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) “кара тизмесинен” кыргыз авиаташуучуларын чыгаруу үчүн иш-чараларга – 179,9 млн. сом, бул КР ТжЖМнын пландалган бюджеттик каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 8,0% түзөт;

- Автомобилдик, суу транспорту жана салмак габариттик контролдоо агенттигине берилген транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана автомобиль жолдорун сактоонун сапатын жана коопсуздугун камсыздоого – 154,5 млн. сом, бул КР ТжЖМнын пландалган бюджеттик каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 6,9% түзөт.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине 2020-жылга 671,1 млн. сом каралган, ал 2019-жылдын  бекитилген  бюджетине карата  865,8 млн. сомго азайган:

- МТБМК борбордук аппараты боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен 92,8  млн сом,  2019-жылдын бекитилген бюджетине карата (7049-бөлүм) 560,5 млн сомго азаюу менен.

– МТБМК алдындагы Байланыш агенттиги боюнча 107,8 млн. сом, анын  ичинде  бюджеттик каражаттардын эсебинен – 102,7 млн. сом, 1,3 млн.сомго азаюу менен жана  атайын эсептин каражаттарынын эсебинен – 5,1 млн. сом 2019-жылдын бекитилген  бюджетинен 0,2 млн сомго көбөйүү менен;

– МТБМК алдындагы Мамлекеттик фельдъегердик кызмат боюнча бюджеттик каражаттар эсебинен 33,4 млн. сом же 2019-жылдын  бекитилген бюджетине карата 0,6 млн сомго көбөйүү менен;

  • МТБМК алдындагы Электрондук өз ара байланыш борборуна 14,1 млн.сом (субсидиялар) же 2019-жылдын бекитилген бюджетинин деңгээлинде;

Мамлекеттик инвестициялардын каражаттары 423,0 млн сом суммада каралган.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин чыгымдарынын 561,3 млн сомго азайышы “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин жоюлгандыгына байланыштуу болду, ал 2020-жылы мамлекеттик программаларда, иш-чараларда жана төлөмдөрдө каралган.

Мамлекеттик карыздын учурдагы абалы

2019-жылдын 30-июнуна карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 310 765,75 млн. сомду  (4 471,91 млн. АКШ доллары) түздү, анын ичинен:

  • 84,81%  тышкы карыз түзөт - 263 561,38 млн.сом (3 792,64 млн. АКШ доллары);
  • 15,19% ички карыз түзөт – 47 204,37 млн.сом (679,27 млн. АКШ доллары).

Мамлекеттик тышкы карыз 200 дөн ашык кредиттен турат, алардын көпчүлүгү (98%дан ашыгы) 0,75-2,0% пайыздык коюм жана 40 жылга чейинки тындыруу мөөнөтү  менен жеңилдетилген шарттарда берилген. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕБРР)  тартылган 34 кредитти кошпогондо, бардык тышкы зайымдар белгиленген пайыздык коюмда берилген.

Кытай, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (МАР) жана Азия өнүктүрүү банкы  (АӨБ) кыйла мамлекеттик тышкы карыздын бардык портфелинин 77%ын көрсөтүүчү ири кредиторлор болуп саналат. Мындан кийин Япония жана ЭВФ тиешелүү түрдө 7ден 5%га чейин көрсөтөт.

Капиталдык салымдар

2020-2022-жылдарда  капиталдык салымдарга чыгымдар  курулуштун даярдыгы жогору болгон социалдык-экономикалык маанидеги, анын ичинде  билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт чөйрөсүндөгү оъекттерди курууга жана реконструкциялоого, суу чарба оъбекттерин курууга, Ош шаарынын, Бишкек шаарынын жаны конуштарынын социалдык жана инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө, республиканын стратегиялык маанидеги авто жолдорун жана чек арага жанаша жаткан райондордун жолдорун курууга жана реконтрукциялоого, эң маанилүү мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга жана ал программаларга киризилбеген айрым социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө багыттоо артыкчылыктуу тарипте пландаштырылууда.

2020-жылга “капиталдык салымдар” беренеси боюнча чыгымдар 3000,0 млн сом суммасында каралып, ал биринчи кезекте объекттеринин жана авариялык объекттерин курулушун аяктоого жана кайра конструкциялоого,ошондой эле  курулушу жогорку даярдыктагы объекттерге багытталат.

 Мында республикалык бюджеттен каржылануучу  реконструкциялануучу жана курулуш  объектилердин тизмесинде 2019-жылга 5 159,0 млн сом суммадагы каражаттар каралып, анын ичинде:

  • 1 587,2 млн. сом  - 200 объекттердин курулушуна ;
  • 236,8 млн. сом   - 101 объекттерди капиталдык оңдоого;
  • 350 млн. сом  - 73 объекттерди суу менен жабдууга;
  • 1 500,0 млн. сом  - 190 объекттердеги  автожолдор жана көпүрөлөрдүн курулушуна жана оңдоого;
  • 350,0 млн. сом  ирригациянын 8 объекттер курулушуна;
  • 139,7 млн. сом  -  товарларды  транспорттук контролдоо жана эсепке алуу 4 стационардык пункттарынын курулушуна;
  • 995,3 млн. сом   башка  объекттерге.

 “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча чыгымдардын  жыл сайынкы көлөмү толук кандуу каржылоо үчүн иш жүзүндөгү муктаждыкка караганда аз пландаштырылууда. “Капиталдык салымдардын” ресурстарынын   чектелүү шарттарында пландаштыруу кийинкиге калтыруу принциби боюнча ишке ашырылууда.

Объекттердин тизмеси бюджеттик камсыздоодон ажыратылып бектилүүдө. Бүткөрүлбөгөн курулуштар капиталдык салымдардын олуттуу проблемасы болуп саналат. Бардык табыштамаларды камтууга умтулуу каражаттардын “чачкындалышына” алып келүүдө жана долбоорлор негизинен пландаштырылган жылда бүткөрүлбөй калууда.

Бирдиктүү  мамлекеттик табыштамачынын алдын ала эсептөөлөрү боюнча бүгүнкү күнгө курулуштун 347 социалдык объекттердин  (кийиинкиге калтырылган жана курулуп бүтпөгөн) 14 409,3 млн сом зарыл. Андан тышкары, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу үчүн, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн иш чараларга, турак жай коммуналдык чарба объекттерине каражаттарды кароо зарыл.

Капиталдык салымдардын олуттуу бөлүгү иш жүзүндө өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу (өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан социалдык объекттерди курууга, анын ичинде бузулган мектептерди, саламаттык сактоо объекттерин, көпүрөлөрдү ж.б.у.с. калыбына келтирүүгө) чыгымдалууда.

          Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылга билдирилген суммасында 6,1 %дан көп же 138 896,5 миң сом суммасы суралган. Негизги суммадагы айырма, КР ТжЖМнин алдындагы Жол чарба департаментине - 71 469,3 миң сом, КР ТжЖМнин алдындагы Жарандык авиация агенствосуна - 46 090,1 миң сом, министрликтин борбордук аппаратына - 21 337,1 миң сом таандык.

          КР ТжЖМнин борбордук аппараты

          2020-жылга бюджеттин долбоорунда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифрасына ылайык 43 138,0 миң сом каралган. Ошол эле убакта, борбордук аппарат өтүнмөдө 66 775,1 миң сом же 21 337,1 миң сом ашыкча сураган.

          Бүгүнкү күнгө, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине мүчөлүк төлөмдөрдүн карыздарын жоюу маселеси турат.

          Ошондуктан жыл сайын бул карыз тийиштүү жылга Министрликтин муктаждыгы катары бюджеттик долбоорго киргизилет, бирок, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан акча каражаттарын көбөйтүү каралган эмес жана ушуга байланыштуу жыл сайын карыздын суммасы өсүүдө:

          - ТРАСЕКА программасы боюнча – Европа-Кавказ-Азия коридору 2017-2019-жылдарга - 107 473,6 евро (2019-жылдын 4-апрелине карата евронун сомго карата курсу 78,5219 жана 8 439 031,3 сом), мүчөлүк төлөм жыл сайын 60 000 евро.

          - Мамлекеттер аралык авиациалык комитетине КМШ (КМШ МаАК) 2018-2019-жылдарга – 4 890 200 россия рубили (2019-жылдын 4-апрелине карата россия рубилинин сомго карата курсу 1,0719 жана 5 241 805,4 сом) мүчөлүк төлөм жыл сайын 2 548 400 россия рубили.

          Жогоруда көрсөтүлгөн мүчөлүк төлөмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин КМШга катышкан мамлекеттердин транспорттук координациялык кеңешине (КМШ ТКК) алдында жылдык мүчөлүк төлөм 534 200,0 рубилди жана Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешине (ЖӨаК) 1 633 228 рубилди түзөт.

          Мүчөлүк төлөмдөр боюнча көрсөтүлгөн карыздарды жоюу максатында, ошондой эле эл аралык уюмдардын алдында келе жаткан жыл үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө үчүн 21 337,1 миң сом кароо керек.

          2020-жылга карата КР ТжЖМнин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин бюджетин 226 000,9 миң сом өлчөмүндө көбөйтүү керек, башкача айтканда каралган 179 910,8 миң сом суммасынан 46 090,1 миң сомго көп.

          153 965,5 миң сом суммасы муктаждык чыгымдарынын негизги суммасы Кыгыз Республикасынын расмий делегацияларын авиациялык транспорттук тейлөөнү камсыз кылууга каралгандыгын белгилей кетүү керек.

          КР ТжЖМнин алдындагы Жол чарба департаменти

          2020-жылга бюджет долбоорундагы учурдагы бюджет Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифрасына ылайык Жол чарба департаменти боюнча учурдагы бюджет боюнча 1 871 713,4 миң сом каралган.

          Бирок, жогоруда аталган сумма департаментке коюлган маселени аткаруу үчүн жетиштүү эмес, 2020-жылга республикалык бюджетте 1 943 182,7 миң сом каралышы керек. Кошумча муктаждык – 71 469,3 миң сомду түзөт. Бул сумма жолдорду куруу үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өсүшүнө байланыштуу зарыл.

          2020-жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигин санариптештирүү боюнча иш-чаралардын Планын ишке ашырууга 2020-2023-жылдарга республикалык бюджеттен 5 944 000 сом талап кылынат, анын ичинде борбордук аппаратты электрондук документ жүгүртүү форматына өткөрүү үчүн 144 000 сом, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камыз кылууда жеке жана юридикалык жактардан кагаз түрүндө маалымкаттарынын суроо-талабы алып салынсын, керектүү маалыматтарды берүүнү камсыз кылуу СМЭВ «Түндүк» аркылуу - 5 800 000 сом.

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги эң керектүүсүн киргизүүнү суранат «Башка товарларды жана кызматтарды колдонуу» 2215-беренеси боюнча жаңы документтерди иштеп чыгуу жана курулушта колдонулган ченемдик-техникалык документтерди (ЧТД) өркүндөтүү, алардын ичинен (жаңыларын иштеп чыгуу жана колдонуудагы ЧТДны кайра кароо), колдонуудагы ченемдерди эл аралык, европалык жана регионалдык ченемдерге шайкеш келтирүүгө – 20,0 миллион сом;

          - Ысык-Көл курорттук-рекрациялык зонасынын башкы схемасынын
3-этабын бүтүрүүнү иштеп чыгуу үчүн - 16,5 миллион сом;

          - «2015-2020-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук» мамлекеттик программасын ишке ашырууга - 25,9 миллион сом;

          - Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун өндүрүштүк корпусун жана лабораториясын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө – 30,4 миллион сом;

          - Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга – 50,0 миллион сом;

          - процесстерге тартылган бардык маморгандарга жана ресурс берүүчү умюдарга орнотуу менен, курууга уруксат алуу үчүн онлайын режиминде (электрондук түрдөгү) зарыл документтерди берүү мүмкүндүгү менен (Бирдиктүү терезе) электрондук платформаны иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө – 38,9 миллион сом, жалпы талап кылынган сумма – 181,7,0 миллион сом.

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна Финансы министрлигинин финансылык карыздарын (мурунку карыздарды жабуу) төлөп берүүнүн зарылдыгына карата депутаттар тарабынан бир катар сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган Мыйзам долбоору менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин жана Комитет тарабынан жетекчиликке алынган министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматтарын угуп, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Комитеттин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын  2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда мындан ары өркүндөтүү максатында төмөнкүлөр үчүн кошумча финансы каражаттарын карасын:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин борбордук аппараты - 21337,1 миң сом;

- Жол башкармалыгы департаменти - 71 469,3 миң сом, анын ичинде кредитордук карыздарды жабуу үчүн 444738,4 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги - 46,090,1 миң сом;

- аба кемелерин сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен 500 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссудаларды бөлүп берүү жолу менен Өкмөт тарабынан авиакампанияларды субсидиялоо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин  181,70 млн. сом суммасында кошумча каржылоону, анын ичинде курулушу аяктаган объекттер боюнча подряддык уюмдардын алдындагы насыялык карыздарды жабуу үчүн 40 500,2 миң сом кароо зарыл.

- курулушта (СНиП, ГОСТ жана д.у.с.) жаңы ченемдик-техникалык документтерди (ЧТД) иштеп чыгуу жана колдонуудагыларын өркөндөтүү жана Бишкек шаарынын ДДП жана Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу;

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жылгын айылындагы М.Барпиев атындагы жана Ош облусунун Ноокат районунун Кулуштан айылындагы Кулуштан атындагы мектептерди  куруу;

- Талас облусуунун Шекер айылында “Чынгыз Ордо” маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин куруп бүтүрүү;

- Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 700 окуучуга мектеп имаратын куруп бүтүрүү;

- “Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду” унаа жолун (0-104км) реконструкциялоо жана жол боюндагы тротуарларды куруу, сугат системаларын куруу жана жарыктандыруу менен байланышкан тиешелүү жумуштар.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекитилген мыйзамдарга ылайык Комитет жетекчиликке алган министрликтерди жана ведомстволорду толук көлөмдө каржылоону аяктоо, ошондой эле автоунаа жолдорун, салынып баштаган мектептердин жана башка социалдык объекттердин курулуштары үчүн кошумча финансы каражаттарын бөлүп берүү боюнча чараларды көрсүн.

4. Ушул корутунду аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна киргизүү үчүн Бюджет жана финансы боюнча комитетке жиберилсин.

 

Төрайым                                                                                 М.Э. Мавлянова

 

Көрүүлөрдүн саны : 545