Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 19-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек автожолу» жана Казак Республикасынын «Карасу автожолу» өткөрүү пунктарынын ортосунда жаӊы көпүрөнү куруу жана иштеп турган көпүрөнү кайра куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун долбооруна ЧЕЧИМИ

20-11-2019 12:16

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 19-ноябрындагы

«Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек автожолу» жана Казак Республикасынын «Карасу автожолу» өткөрүү пунктарынын ортосунда жаӊы көпүрөнү куруу жана иштеп турган көпүрөнү кайра куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы

Макулдашуунун долбооруна

ЧЕЧИМИ

          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан сунушталган «Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек автожолу» жана Казак Республикасынын «Карасу автожолу» өткөрүү пунктарынын ортосунда жаӊы көпүрөнү куруу жана иштеп турган көпүрөнү кайра куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун долбоорун карап чыгып жана талкулап, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Макулдашуунун бул долбоорунун максаты товарларды өз ара алмашуунун ыӊгайлуу шарттарын түзүү, эки мамлекеттин аймактарынын ортосунда соода-экономикалык байланышты «Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек автожолу» жана Казак Республикасынын «Карасу автожолу» өткөрүү пунктарынын ортосунда жаӊы көпүрөнү куруу жана иштеп турган көпүрөнү кайра куруу жолу менен жакшыртуу болуп эсептелет.

          Жаӊы көпүрөнү курууну жана иштеп турган көпүрөнү кайра курууну каржылоо 2020-жылга жана кийинки жылдарга «Мамлекеттик капиталдык салым» беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине бөлүнүп берилген республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

          Жогорудагы баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөндөгүдөй чечимге келди:

  1.  «Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек автожолу» жана Казак Республикасынын «Карасу автожолу» өткөрүү пунктарынын ортосунда жаӊы көпүрөнү куруу жана иштеп турган көпүрөнү кайра куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казак Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун долбоору жактырылсын.

  2. Комитеттин бул чечими Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жиберилсин.

Төрайым                                                                        М.Э. Мавлянова

 

Көрүүлөрдүн саны : 89