Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019- жылдын 19-ноябрындагы «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна К О Р У Т У Н Д У С У

22-11-2019 09:48

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019- жылдын 19-ноябрындагы

«Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

К О Р У Т У Н Д У С У

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 431-токтому) «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

Ушул Мыйзамдын долбоору курчап турган чөйрөгө, үчүнчү жактын ден соолугуна, өмүрүнө жана (же) мүлкүнө, жүргүнчүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтурууга кепилдиктерди берүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору ташууларда зыян келтирилиши мүмкүн болгон жүргүнчүлөрдүн мүлктүк кызыкчылыктарын, өмүрүн, ден соолугун, мүлкүн коргоо жаатындагы камсыздандыруу мыйзамдарын өркүндөтүүгө да багытталган. Мыйзам долбоору менен пайда табуучу болуп саналган адамдардын чөйрөсү такталат.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу тартиби жана эрежелеринин шарттары каралган берене менен толукталат, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Маалымкат-негиздемеге ылайык ушул мыйзам долбоорун кабыл алууда жарандык жоопкерчиликтерди милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрүнүн аткарылышын күчөтөт, жабырлануучуларга өз убагында зыяндын ордун компенсациялоого жарандардын укуктарын ишке ашыруу камсыз кылынат, ташуучулардын каржылык жөндөмдүүлүгүн сактап калууга, кооптуу жүктөрдүн коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджетке кошумча каржылык сарптоолорду алып келбейт, тескерисинче мамлекеттин бюджетине кошумча каражаттардын түшүшүн камсыз кылат.

Ошону менен бирге Комитет Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизанын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн корутундусунун Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери бөлүгүнө көңүл бурууну сунуштайт.

Баяндалганды эске алуу менен, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. Сунушталган Мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу жана биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Ушул корутунду Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жиберилсин.

           Төрайым                                                                                    М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 240