Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2020-жылдын 14-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 7-мартындагы П№319-VI Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу ЧЕЧИМИ

19-02-2020 16:12

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2020-жылдын 14-январындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 7-мартындагы П№319-VI Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу

ЧЕЧИМИ

 

      Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын    7-мартындагы П№319-VI Протоколдук тапшырмасыныны аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А. Ногойбаевдин маалыматын угуп жана берилген материалдар менен таанышып чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:

      Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 7-мартындагы №319-VI протоколдук тапшырмасын Комитет карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү чечимин (20.03.2019-ж. №6-6562/19) жөнөткөн.

     Андан соң, 2019-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун тапшырмасына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлгөн. Кеңешмеде Жарандык авиация агентствосу аэродромдун аймагында мыйзамсыз жана контролсуз курулуштардын негизги себеби деп шаар жана калктуу конуштардын башкы пландарында аэродромдордун жана аларга караштуу функциялык зоналарынын жоктугун белгилеген.

    Жыйынтыгында Жарандык авиация агентствосу тарабынан Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине сунушталган өзгөртүүлөргө маалым кат-негиздеме даярдалып, катышуучулардын кароосуна киргизилсин деп чечилген.

       2019-жылдын 18-апрелиндеги кийинки кеңешме өткөрүлүп, даярдалган өзгөртүүлөр каралган жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ведомстволор аралык макулдашууга жөнөтүлсүн деп чечим чыгарышкан.

      «Манас» эр аралык аэропорту» ААКнун маалыматына ылайык ар бир аэропорттун санитардык-коргоо зоналарын изилдөө, аныктоо иштерине 2020-жылдын бюджетинде акча каражаты каралган. Жогоруда айтылган Авиациялык эрежелерине сунушталган өзгөртүүлөрдүн макулдашуу иштери бүтүп, кабыл алынгандан кийин тийиштүү иштер башталат.

      Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн салынган 5 кабаттуу турак-жайы бүгүнкү күндө колдонууга берилгенин жана 70 үй-бүлө кирип жашап жатканын депутат М.И. Бакиров маалымдады.

       Депутат Б.У. Сыдыков Ноокен районунда 250 га жер бар экендигин жана ал жерге Жалал-Абад аэропортун келечекте көчүрүү маселесин карап чыгууну айтты. Аны менен бирге Россия Федерациясында “Аэропорты Регионов” холдингин мисал катары келтирип, алар менен суйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иштерди аткаруу менен аэропортторду куруу, өнүктүрүүнү сунуштады.

 

Баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкү чечимге келди

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын    7-мартындагы П№319-VI Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А. Ногойбаевдин маалыматы эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жалал-Абад шаарында жайгашкан аэропортту андан ары өнүктүрүү максатында Ноокен районунун аймагына көчүрүү маселесин карап чыксын.
  3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрилиги жана «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Жалал-Абад аэропортунун жанында салынган курулуштарды эске алуу менен санитардык-коргоо зоналарын аныктоо иштерин 2020-жылдын 2-кварталына бүтүрсүн.
  4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аткарууга жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К. Касымалиевага жогорудагы Протоколдук тапшырманы Комитеттин көзөмөлүнөн алып салуу үчүн жөнөтүлсүн.

Төрайымдын

 орун басары                                                                                            А. Эргешов

Көрүүлөрдүн саны : 63