Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2016-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин курамына талапкерлерди сунуштоо тууралуу ЧЕЧИМИ

14-10-2016 15:25

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2016-жылдын 11-октябрындагы

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин курамына талапкерлерди сунуштоо  тууралуу

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д. Абулгазиевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы №310 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин ишине, анын мүчөсү катары, Комитеттин мүчөсүнүн катышуу мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу кайрылуусун карап чыгып, төмөнкүдөй чечимге келди:

 

1. Комитеттин мүчөлөрү Аттокуров Данияр Бексултановичтин жана Жунус уулу Алтынбектин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин мүчөлүгүнө киргизүү үчүн сунушталсын.

 

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 1459