Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин “Шаар куруучулук документация (Генплан, ТПД) менен камсыз болуу жагында Бишкек шаарындагы иштин абалы жана республиканын курулуш тармагында нормативдик-техникалык документациянын иштелип чыгышы жөнүндө” ЧЕЧИМИ

07-12-2016 10:05

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

“Шаар куруучулук документация (Генплан, ТПД) менен камсыз болуу жагында Бишкек шаарындагы иштин абалы жана республиканын курулуш тармагында нормативдик-техникалык документациянын иштелип чыгышы жөнүндө”

 

ЧЕЧИМИ

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш   жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Мамкурулуш) директору Т.М.Мамбетовдун “Шаар куруучулук документация (Генплан, ТПД) менен камсыз болуу жагында  Бишкек шаарындагы иштин абалы жана республиканын курулуш тармагында нормативдик-техникалык документациянын иштелип чыгышы жөнүндө” маалыматын  угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

         Мамкурулуш архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө аткаруу бийлигинин функцияларын аткаруучу администрациялык ведомство болуп саналат.

         Мамкурулуштун негизги максаты жана милдеттери болуп Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жашоо-тиричиликтик стабилдүү чөйрөнү түзүү жана архитектуралык-шаар куруучулук иш-аракет жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу эсептелет.

         Шаарлардын жана калктуу конуштардын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуудагы мааниси боюнча алардын генералдык пландары шаарлардын жана калктуу конуштардын перспективалуу өнүгүшүн аныктоочу башкы стратегиялык документтердин бири болуп саналат жана шаар куруучулук мамилелерди жөнгө салууда шаар куруу укугу системасынын негизги элементтеринин бири катары кызмат кылат.

         Курулуш объекттерин жайгаштыруу жана укук белгилөөчү документтерди даярдоо деӊгээлинде долбоорлоого жана курулушка уруксаттарды алуу баштапкы документтер катары кызмат кылат.

         Көптөгөн шаарларда жана калктуу конуштарда генералдык пландарынын жок экендиги рынок экономикасынын шартында өлкөнүн калктуу конуштарын башкаруу жана жөнгө салуу рычагдарын жокко чыгарат, ал эми рынок экономикасында өндүрүштүн негизги каражаттары -  курулуш жүрүүчү жер тилкелери жана кыймылсыз мүлк объекттери негизинен жеке менчикте болот.

         Мамкурулуштун маалыматы боюнча алганда, азыркы убакта болгону 8 гана шаарда (Бищкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Көл, Кара-Суу, Өзгөн) бекитилген генералдык пландары бар, 5 шаар боюнча (Баткен, Кызыл-Кыя, Талас, Токтогул, Кара-Балта) жаӊы генералдык пландар иштелип чыгууда, алардын айрымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында макулдашуу жана бекитүү стадиясында турат. Калган 18 шаар боюнча генералдык пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл.

         Айыл-кыштак калктуу конуштары боюнча алганда, Кыргызстандагы 1859 айыл-кыштактын жалпы санынын ичинен 185 айыл-кыштактын 2001-жылдан кийин иштелип чыккан, бекитилген генпландары бар, бул жалпы сандын 10 пайызга жакынын түзөт. 909 айыл-кыштактын  1991-жылга чейин иштелип чыккан генпландары бар, бул жалпы сандын 48,5 пайызын түзөт. Ошондой эле 121 айыл-кыштактын генпландарына тактоо киргизүү жана 659 айыл-кыштакка жаӊы генпландарды иштеп чыгуу талап кылынат, алар республикадагы айыл-кыштактардын жалпы санынын 41,5 пайызын түзөт.

Бүтүндөй алганда өлкө боюнча 1689 калктуу конушка генералдык пландарды иштеп чыгуу жана аларды курулуштарды долбоорлоодо жана курууда  практикада колдонуу үчүн бекитүү зарыл.

        

         Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын шаар куруучулук документтеринин негизгилеринин бири болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылы бекиткен  шаардын генералдык планы саналат.

         Азыркы убакта Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту Бишкек шаарынын борбордук аймактарын тарамдап пландаштыруу долбоорлорун (ТПД) иштеп чыгууну бүтүрдү жана 2016-жылдын 14-октябрында тапшырыкчыга – Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ-на өткөрүп берди. Мындан кийин Бишкек шаарынын 700 га башка аймагы боюнча, наркы 7,2 млн сомдук ТПД иштеп чыгуу пландаштырылууда. Бишкек шаарынын иш жүзүндөгү чек аралары боюнча 18 миӊ га аймакка ТПД иштеп чыгууга 154,499 миӊ сом талап кылынат.

Ошондой эле Нарын жана Жалал-Абад шаарларынын генпландарын алардын борборлоруна ТПД менен кошо иштеп чыгууга муктаждык бар, алардын наркы 30 млн сомду түзөт.

         Мамкурулушка караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту Ош шаарынын генералдык планын иштеп чыгууну бүткөрдү, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-мартындагы № 150 “2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын генералдык планы жөнүндө” токтому менен бекитилди. Бирок Ош шаарынын борборунун 600 га аймагына ТПД түзүүнүн курч зарылдыгы бар, буга 5,6 млн сом талап кылынат.

         Бишкек жана Ош шаарларынын ТПД-лору жок экендигине байланыштуу алардын шаар куруучулук документациялары толук деп айтууга мүмкүн эмес. Бул болсо шаар курууда укук бузуулардын санынын өсүшүнө көмөк берүүдө.

         Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, шаарлардын, калктуу конуштардын генералдык пландарын иштеп чыгуу жана аларды ар жыл сайын финансылоо маселесин толук чечүү үчүн Мамкурулуш бюджеттик пландаштыруунун ар жылдык пландарына 20 млн сомдон кароону сунуштайт.

         Мындан тышкары, азыркы убакта өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясына ылайык Мамкурулуштун алдына Кыргыз Республикасында калктын, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуучу иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жана өнүктүрүүнүн маанилүү милдети коюлган. Бул болсо долбоорлоо-иликтөө жана илимий-изилдөө жумуштарынын чоӊ көлөмүн аткарууну талап кылат.

         Ушуга байланыштуу Мамкурулуш эрежелердин жыйындысы түрүндөгү нормативдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу үчүн ар жыл сайын 12 млн сомдон кароону да өтүнөт.

        

         Азыркы убакта курулуш тармагына катышуучулар жана инвесторлор курулуш комплексине ивестицияларын келишине жана анын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан бир катар мыйзамдык чектөөлөргө жана администрациялык бөгөттөргө учурап жатат.

         Шаарлардын узак мөөнөттүү генпландары менен бир катарда ыкчам аймактык пландаштыруу документтери да зарыл, аларда жер пайдалануунун жана курулуш жүргүзүүнүн негизги багыттары, формалары жана эрежелери аныкталат. Бул болсо Кыргызстан түшкөн рыноктук экономика жолуна ылайык келет.

         Белгилеп кете турган жагдай, бардык курулуш иш-аракети нормативдик-техникалык документтер боюнча жүзөгө ашырылат, алар өзүндө адгенде эле имараттардын жана курулумдардын бекемдигинин, туруктуулугунун, өрттүк, сейсмикалык, санитардык-гигиеналык, экологиялык коосуздугунун нормаларын камтыйт, ошондуктан нормативдик документтер илимий-техникалык прогресске, талаптардын жогорулашына, экономикалык мамилелердин өзгөрүшүнө д.у.с. жараша ар дайым жаӊыланып турууга, кайра каралып турууга же жаӊыдан иштелип чыгууга тийиш.

         Эскирген технологиялар жана жабдуулар, аз натыйжалуу материалдар, жасалымдар жана конструкциялар курулуш тармагынын алгалап өнүгүшүнө кедерги болот, бул болсо стихиялуу, баш-аламан курулушка алып келет жана жумуштарды индустриялаштыруунун даражасына жана курулган объекттердин наркына  тескери таасир кылат.

         Курулуш уюмдарынын алдында жабдуулардын эскиргендиги, курулуш тармагын өстүрүү жана модернизациялоо үчүн финансылоонун жетишсиздиги д.у.с. чечилбей жаткан көптөгөн көйгөй маселелер турат.

         Мындан тышкары, айрым КНжЭ-ди нормативдик укуктук актыларга, б.а. шаар куруу боюнча курулуштук нормаларды белгилөөчү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун кабыл алууну талап кылуучу жоболорго айландыруу зарыл.

Бирок, Мамкурулуш ээлик кылган, изилдөөчүлүк жана эксперименталдык жумуштардын негизинде жаӊы нормаларды иштеп чыгууга жана колдонуудагы нормаларды жаӊылоого чакырылган илимий-изилдөө базасы техникалык жактан да, кадрдык жактан да жетишсиз жабдылган.

Ошондуктан коопсуздук көрсөткүчтөрүнө туура келбеген материалдарды (жасалымдарды жана конструкцияларды) курулушта колдонууда жол берилгис тобокелдик келип чыгат жана өндүрүмдүн керектөөчүсү адаштырылат (алданат), ал эми Кыргызстан болсо сейсмикалык активдүүлүк жогору болгон аймактардын катарына кирет.

Бул маселени талкуулоонун жүрүшүндө депутат М.Э. Мавлянова Бишкек башкы архитектура башкы башкармалыгын Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө киргизүүнүн натыйжалуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна, ошондой эле кызыл сызыкты бузуу менен курулган объекттерге мониторинг жүргүзүүнү депутаттык жумушчу топ түзүү аркылуу жүзөгө ашырууну сунуштады.

 

Ушуга байланыштуу, курулуш тармагын өркүндөтүү боюнча коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу жана аны курулуш чөйрөсүн өнүктүрүү стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын архитектуралык-курулуштук саясатын иштеп чыгуунун жаӊы талаптарына жооп берүүчү жаӊыланган нормативдик укуктук актылар, нормативдик-техникалык документтер менен камсыздоо максатында Комитет чечти:

 

         1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш   жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Т.М.Мамбетовдун “Шаар куруучулук документация (Генплан, ТПД) менен камсыз болуу жагында Бишкек шаарындагы иштин абалы жана республиканын курулуш тармагында нормативдик-техникалык документациянын иштелип чыгышы жөнүндө” маалыматы эске алынсын.

 

         2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

         - ар жыл сайын республикалык бюджеттен курулуш тармагынын нормативдик-техникалык базасын ѳркүндѳтүү үчүн 20 млн. сом жана 30 млн сом бөлүү менен, маселе толук чечилгенге чейин шаарлардын, калктуу конуштардын генералдык пландарын иштеп чыгуу үчүн кечиктирилгис чараларды көрсүн;

         - Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан акционердик коомдордун (суу менен жабдуу, жылуулук менен жабдуу, электр менен жабдуу ишканаларынын) акцияларынын контролдук пакеттерин кайтарып алуу мүмкүндүгү жөнүндө маселени карасын.

 

3. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары: 

- бул шаарларды шаар куруучулук документациялары менен камсыздоо максатында (шаарлардын тарамдап пландаштыруу долбоорлорун (ТПД) иштеп чыгуу үчүн) зарыл финансылык каражаттарды издеп тапсын жана долбоорлорду ишке ашырууну тездетсин;

- автомобиль жолдорунда убактылуу объекттерди жайгаштырууну иретке салуу боюнча чараларды көрсүн;

- жаӊы инженердик тармактарды (коммуникацияларды) курууга (5 жылга чейинки мезгилге эсептөө менен) бул тармактарды  иштетүүчү кызматтар менен бирдикте каражаттарды издеп табуу менен, учурда иштетилип жаткан инженердик тармактарды (коомуникацияларды) инвентаризациялоону жүргүзсүн.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш   жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

- нормативдик-техникалык документтерди (КНжЭ, МАСТ д.у.с.) тез арада жаӊылоо жана белгиленген тартипте кабыл алуу боюнча чараларды көрсүн;

- имараттардын жана курулумдардын сейсмикалык туруктуулугун, энергиялык натыйжалуулугун, коопсуздугун (өрттүк, санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык коопсуздугун, татааал шарттардагы коопсуздугун) камсыз кылуучу, шаар куруучулук  нормаларын дайыма жаӊылап турсун жана архитектуралык-шаар куруучулук чөйрөсүндө техникалык регламенттерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин;

- илимий изилдөөчүлүк жана эксперименталдык жумуштардын негизинде жаӊы нормаларды иштеп чыгууга жана колдонуудагы нормаларды жаӊылоого чакырылган, иштеп жаткан институттардын илимий-изилдөөчүлүк базаларын, техникалык жактан да, кадрдык жактан да шарттарды түзүү менен жаӊыртуу  боюнча чараларды көрсүн;

- мыйзамдардын ортосундагы каршы келүүлөрдү четтетүү менен КНжЭ-лерге милдеттүү техникалык нормалардын статусун берүү боюнча сунуштарды киргизсин.

 

5. Бишкек башкы архитектура башкармалыгын Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө киргизүүнүн натыйжалуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна, ошондой эле кызыл сызыкты бузуу менен курулган объекттерге мониторинг жүргүзүү максатында депутат М.Э.Мавлянованын жетекчилиги астында депутаттык жумушчу топ түзүлсүн, бул топко төмөндөгүлөр киргизилсин:

К.М. Жумалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты;

Т.К. Конушбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты;

Э.Т. Карасартов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бөлүмүнүн башчысынын орунбасары – жыйынтык маалымкатты даярдоо жана зарыл материалдарды чогултуу үчүн жооптуу адам;

З.Р. Ризаева - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет бөлүмүнүн эксперти;

________________ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай чарбасы мамлекеттик агентигинин адиси (макулдашуу боюнча);

________________ -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлкккө укуктарды каттоо департаментинин адиси (макулдашуу боюнча);

-   _________________ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармачылыгынын адиси (макулдашуу боюнча);

- _________________ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын  жерди коргоо жана колдонулушун контролдоо, кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча башкармачылыгынын адиси (макулдашуу боюнча);

 

________________ - көз карандысыз эксперт;

________________ - көз карандысыз юрист.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш   жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы, мериянын, Бишкек башкы архитектуралык башкы башкармалыгынын тийиштүү кызматтары жумушчу топко көмөк көрсөтсүн.

 

7. Депутаттык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча тийиштүү материалдар менен кошо маалымкат даярдалсын жана 2017-жылдын 15-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кароосуна берилсин.

 

8. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                   М.А. Аманкулов

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 1989