Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Протоколдук тапшырмалары тууралуу ЧЕЧИМИ

13-12-2016 10:37

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2016-жылдын 29-ноябрындагы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Протоколдук тапшырмалары тууралуу

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын   16-июнундагы П №77-VI, 2016-жылдын 16-июнундагы П №79-VI, 2016-жылдын 14-сентябрындагы П №82-VI, 2016-жылдын 13-октябрындагы П №97-VI, 2016-жылдын 13-октябрындагы П №99-VI Протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Ж. Калиловдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А. Орозалиевдин маалыматтарын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт:

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын           16-июнундагы жыйналышында депутат Д.А. Джумабековдун «Бишкек-Кара-Балта» автожолун реконструкциялоо боюнча транспорт жана коммуникациялар министрлигинде өткөрүлгөн тендерде көп каражат сарптоону көрсөткөн компания утуп жатканын белгилеген маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2016-жылдын 16-июнундагы П №77-VI) протоколдук тапшырмасы боюнча Комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине (№6-4267 и/16  24.06.16-ж.) жана Бишкек шаарынын прокуратурасына ((№6-42635 и/16  24.06.16-ж.) кат жолдонуп, расмий жооптор алынган.

Бул маселени Комитеттин жыйналышында талкуулоонун жүрүшүндө транспорт жана жол министри Ж. Калилов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мурда жол боюнча компанияларды эл аралык консультанттар тандашканын жана проблема болбогонун белгиледи.

Транспорт жана жолдор министрлигинде түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнүн нака сунушу Бишкек-Кара-Балта долбоору боюнча түзүлгөн кырдаалдын себеби болуп калды. Муну менен ал Өкмөт тараптан кимдир-бирөөнүн кийлигишкени жөнүндө маалымат жоктугун, бирок жергиликтүү тендердик комиссиянын мүчөлөрү боюнча алардын квалификацияларынын ылайык келишин кароо керектигин белгиледи, анткени аларды тандоо критерийлери шек туудурат, ал тургай тендердик тандоонун жана ченемдик-укуктук документтерди сактоонун жол-жоболорун жакшы билишпейт, андыктан алардын бири кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргойт деген пикирди жаратат.

Министр мындан ары тендердик комиссиянын ишинде, ошондой эле анын мүчөлөрүн тандоо принциптери боюнча тартипти жолго коюу боюнча чаралар көрүлөрүн ишендирип айтты. Ошол эле учурда ал эл аралык консультанттардын ролуна көңүл бурууну, алардын сунушун эске алуу керектигин белгиледи, анткени аларды банк жалдайт жана көз карандысыз саясат жүргүзүшөт.

Акыркы убактарда эреже бир канча өзгөрдү. Кээде ошол эле фирмалар банк тарабынан жалданып, бизге улам келе беришет, бул дагы чоң маселе. Инженердик фирмалардын сапатка ылайык келбейт деп айтканыбызга карабастан, кандайдыр бир жагдай менен банк тарабынан жалданып, кайра бизге келишет, ушуга байланыштуу ал «кредитти алган биз жана төлөөчү да биз» деп, банктарга маселе коюуну убадалады.

Кыргызстанда жол долбоорлору негизинен АӨБ жана Дүйнөлүк банктын каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Ж. Калилов мында өзүнүн биринчи жарлыгы менен банктын жол-жоболорун тыкыр иликтөөнү жана тендерлерди өткөрүүдө бузууларга жол бербөөнү талап кылганын билдирди. Тендердин сапатына сөзсүз текшерүү жүргүзүлөрүнө министр убада кылды.

Комитеттин төрагасы М.А. Аманкулов бардык негизги тышкы карыздын суммасынан 40%ы жол тармагына кетерин, алгач биз карызды жоюунун булагын аныктообуз жана коммерциялык негизде автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө маселени карообуз керек деп белгиледи.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын            16-июнундагы жыйналышында депутат Т.З. Зулпукаров көтөргөн «Ош-Баткен-Исфана» автожолундагы Ноокат ашуусундагы жолдун үч участкасы оюлуп жараксыз болуп калганы жана кийинки убакта жол куруу боюнча тендерлер мыйзам бузуу менен өтүп жатканы жөнүндөгү билдирүүсүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2016-жылдын 16-июнундагы П №79-VI) протоколдук тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине (№6-4267 и/16 24.06.16-ж) кат жолдонуп жообу менен депутат тааныштырылган, бирок маселени жеринен чечүү үчүн Комитеттин чечимине ылайык 2016-жылдын 20-сентябрында “Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн Ош жана Баткен областтарындагы автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана реаблитациялоо боюнча иштер жөнүндө” деген темада көчмө жыйын уюштурулган.

“Ош-Баткен-Исфана” автомобиль жолунун (Ноокат ашуусу) 22,2 километринен 22,3 километрине чейинки участкасынын жолдон өтүү бөлүгүнүн сол тилкесинде жол чөгүп, жолдун үстүнкү бетинин бузулушуна жана авариялык кырдаал түзүлүп-адам өмүрүнө зыян алып келген жол транспорт кырсыктары катталган. Ал тургай коюлган талаптарга ылайык бузулган участкада тиешелүү жол белгилери өз учурунда орнотулган эмес.

Аталган факт боюнча министрликте түзүлгөн комиссиянын корутундусуна ылайык калыбына келтирүү иштери подрядчынын – “Циньцзян Бейсин” кытай компаниясынын эсебинен аткарыла тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынган.

Депутат тарабынан көтөрүлгөн бул актуалдуу маселе Транспорт жана жолдор министринин орун басары Э.А. Осоевдин жыйындын жүрүшүндө берген маалыматынан улам “Ош-Баткен-Исфана” автомобиль жолун (Ноокат ашуусу) 22,2-22,3 километриндеги бардык кемчиликтер бир айдын ичинде жоюла турганы белгилүү болгон жана Комитет өзүнүн чечиминде (№6-22825/16 29.09.16-ж.) жогорудагы министрликке 2016-жылдын 20-октябрына чейин бардык кемчиликтерди четтетүүнү сунуштаган.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын         14-сентябрындагы жыйналышында депутат С. Нышанов “Бишкек-Ош” жолунда көптөгөн кырсыктар болуп, адамдар каза таап жатканын жана алардын алдын алуу боюнча иш-чараларды көрүү маселеси көтөргөн билдирүүсүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2016-жылдын 14-сентябрындагы П №82-VI) протоколдук тапшырмасы кабыл алынып Комитетке жиберилген.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышында “Ар кандай маселелер” түрмөгүндө депутат Б. Субанбеков “Бишкек-Ош” жолунда жол кырсыктардан көптөгөн жарандардын каза табышына байланыштуу жана аны болтурбоонун жолдорун аныктоо үчүн Өкмөттүк саат өткөрүү менен коопсуздукту касыздоо маселеси тууралуу чечим кабыл алууну сунуштаган.

“Бишкек-Кара-Балта” автожолун реконструкциялоо жумуштары кечигип жаткандыгын жана тендер маселеси боюнча маалымат берүүнү суранган.

Депутат Ж. Акаев жол кырсыгынан жабыркаган жарандардын саны күн сайын өсүп жана “Коопсуз шаар” долборунун ишке кирбей жаткандыгы боюнча маселе көтөргөн.

Бул маселе боюнча 2016-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Өкмөттүк саат өткөрүлүп, жол-транспорт кырсыктарынын алдын-алуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш. Жээнбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-сентябрында № 905-VI токтому кабыл алынган.

Бул маселе боюнча КР транспорт жана жол министри Ж. Калилов жол чөгүп кеткенден кийин долбоорлоо институту текшергенин, геологдорду жөнөткөнүн белгиледи.

Эки тараптуу протокол бар, подрядчик автожолдун (Ноокат ашуусу) бузулган өтмөк бөлүгүн өздөрүнүн күчү жана каражаттары менен калыбына келтирүүгө макулдук берген, бирок карьер жөнүндө маселени чечүү белгисиз убакка созулгандыктан иш өз убагында башталган эмес.

Ж. Калилов аткаруучулардан жана өзүнөн жоопкерчиликти албастан, бул ишти өз убагында аткарбаганына кайгыруу менен Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча топко да, подрядчикке да эмдиги жылы ишти бүткөрүүгө тапшырма берди жана жоопкерчилик сөзсүз карала турганын жана күнөөлүүлөргө карата тийиштүү чаралар көрүлөрүнө Комитетти ишендирди.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын            13-октябрындагы жыйналышында депутат Т. Масабиров автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү мамлекеттин карамагына берүү зарылдыгы боюнча сунушуна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2016-жылдын 13-октябрындагы П№97-VI) протоколдук тапшырмасы боюнча Комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кат (№6-6778 и/16  01.11.16-ж.) жолдогон.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги жогорудагы маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №239-токтомун чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12-март 2002-жылдагы №135 токтомунун негизинде (азыр күчүн жоготкон) унаа каражаттарын Мамлекеттик техникалык кароодон комиссиялык түрдө өткөрүп келишкенин билдирет.

Техниканы кароону коммерциялаштырып коюу менен мамлекет эски тариф боюнча жыл сайын 25 млн. сомдон ашык жоготууда.

Техникалык кароо, республиканын автопаркынын техникалык абалын мамлекет тарабынан жөнгө салуунун бир түрү болуп, унаа каражаттын техникалык абалынын натыйжасынын негизинде болгон автокырсыктарынын санын азайтууга түздөн-түз таасир берип, жыйынтыгында жол транспорт кырсыктарынан курман болгондордун санын азайтууга түрткү болуп турган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги унаа каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү функциясынан ажыратылган. Патрулдук милиция кызматы, укуктук ченемдик актылардын негизинде, жол кырсыгын алдын алуу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча коюлган талаптарды толук кандуу аткара албай жатат.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын            13-октябрындагы жыйналышында депутат К. Нурматов медициналык тез жардам автоунааларын Патрулдук милиция кызматы тарабынан коштоо маселеси боюнча көрүлгөн сунушуна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2016-жылдын 13-октябрындагы П№99-VI) протоколдук тапшырмасы боюнча Комитет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кат (№6-6462 и/16  19.10.16-ж.) жолдогондугун билдирет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги жол кыймылынын эрежесинин 3.2-пунктуна ылайык көк түстөгү жарык маякка кошумча кызыл түстөгү маяк кошуларын билдирет. Кыймылдын башка катышуучуларынан жол артыкчылыгын алуу үчүн ушундай транспорт каражаттарынын айдоочулары көк түстөгү жарык маякты күйдүрүү жана атайын үн сигналын берүү керек. Аларга жол берип жатканына ишенгенде гана ал артыкчылыкты пайдалана алышат. Бул укук менен Эреженин ушул пунктунда белгиленген учурларда оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорттук каражаттары менен коштоп жүрүүчү транспорттук каражаттарынын айдоочулары пайдаланышат.

Бул пунктка ылайык автомашиналардын кыймылында милициянын кайгуул кызматы менен медициналык тез жардам бирдей артыкчылык укукка ээ.

 

Баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкү чечимге келди:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Протоколдук тапшырмалары тууралуу (2016-жылдын 16-июнундагы П №77-VI, 2016-жылдын 16-июнундагы П №79-VI, 2016-жылдын 14-сентябрындагы П №82-VI, 2016-жылдын 13-октябрындагы П №97-VI, 2016-жылдын 13-октябрындагы П №99-VI) Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Ж. Калиловдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А. Орозалиевдин баяндамалары эске алынсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

 

  • Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан автожолдорду реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн тендерлердин ачык-айкындуулугун камсыздоо, аларды өткөрүүдөгү бардык коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча ишти күчөтүү;

 

  • Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине унаа каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү функциясын кайтарып берүүнүн максатка ылайыктуулугун кароо жана ушул максатта республиканын автопаркынын техникалык абалын мамлекет тарабынан жөнгө салуу боюнча укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу.

 

  1. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү пункту боюнча иш алып баруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С. Омурбековага жогорудагы Протоколдук тапшырмаларды Комитеттин көзөмөлүнөн алып салуу үчүн жөнөтүлсүн.

 

Комитеттин төрагасы                                                   М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 2127