Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасына жана андан Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө карата транзиттик унификацияланган тарифтерди Кыргызстан тарабынан 24 айдан кийин (ЕАЭБ келишиминде эскертилген ченемдерге ылайык) колдонуу каралган, мөөнөттү жылдыруу боюнча чечимди кабыл алуунун негиздүүлүгү маселеси жана “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын тепловоздорун жана вагондорун ижарага берүү маселеси боюнча жумушчу топтун маалыматы жөнүндө ЧЕЧИМИ

24-01-2017 12:57

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 10-январындагы

 

Кыргыз Республикасына жана андан Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө карата транзиттик унификацияланган тарифтерди Кыргызстан тарабынан 24 айдан кийин (ЕАЭБ келишиминде эскертилген ченемдерге ылайык) колдонуу каралган, мөөнөттү жылдыруу боюнча чечимди кабыл алуунун негиздүүлүгү маселеси жана “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын тепловоздорун жана вагондорун ижарага берүү маселеси боюнча жумушчу топтун маалыматы жөнүндө

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Комитеттин 2016-жылдын 4-октябрындагы чечими менен түзүлгөн, Кыргыз Республикасына жана андан Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө карата транзиттик унификацияланган тарифтерди Кыргызстан тарабынан 24 айдан кийин (ЕАЭБ келишиминде айтылган ченемдерге ылайык) колдонуу каралган, мөөнөттү жылдыруу боюнча чечимди кабыл алуунун негиздүүлүгү маселеси жана “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын тепловоздорун жана вагондорун ижарага берүү маселеси боюнча жумушчу топ жүргүзгөн мониторинг жана ал берген маалымат менен таанышып, төмөндөгүлөрдү тастыктайт.

Комитеттин депутаттык жумушчу тобу каралып жаткан маселе боюнча депутаттык суроо-талаптарга келип түшкөн жоопторду иликтеп чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча ЕАЭБ жөнүндө келишимге транспорттук саясат жана  Кыргызстанга жана андан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү жүктөргө карата унификацияланган темир жол тарифин колдонуу жагында эки жылдык өткөөл мезгил жөнүндө протокол киргизилген. Бул протокол күчүнө киргенден кийин Бирликтин өлкөлөрү Кыргызстанга баруучу жана андан келүүчү жүктөр үчүн унификацияланган тарифтен бир нече эсе жогору тарифтерди колдоно башташты.

Маалымат үчүн: азыркы убакта Кыргызстан үчүн бир тонна бензинди алып өтүүнүн наркы 60,5 $, ал эми унификацияланган тариф боюнча болгону 18,4 $. Жыгач материалдарын алып өтүү бир тоннасына 39,91 $ болот, ал эми унификацияланган тариф боюнча болгону 7,09 $.

Унификацияланган тарифке тиешелүү маселе депутаттар тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн, 2016-жылы 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйналышында бул маселени депутат И.А.Пирматов козгоп, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери биз күйүүчү-майлоочу майларды алып өтүү үчүн Казакстанга 6 млрд. сом ашыкча төлөгөндүгүбүздү айтты. Ушуга байланыштуу Комитетке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № П 107-VI протоколдук тапшырмасы берилген.

Жумушчу топ “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасында (МИ) “кызматтык пайдалануу үчүн” (КПҮ) режимдик статусуна киргизилген документтердин кеңири тизмеги  бар экендигин өзгөчө белгилейт.   Бул тизмекке финансылык отчеттор, башка отчеттук бланктар, чарбалык иш-аракетти чагылдырган документтер, алардын ичинде жада калса вагондорду ижарага берүү жөнүндө документтер, ишкана жөнүндө маалыматтар, тизмектин өзү да киргизилген.

“Кыргыз темир жолу” УК” МИ-нын Башкы директору А.Ногойбаев берген катты (чыг. № 132 КПҮ, 30.11.2016-ж.) КПҮ категориясына киргизилген маалыматтардын Тизмеги менен кошо  алардын бул статуска мыйзамдуу жана укук ченемдүү киргизилгендигин айкындоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберүү керек, анткени аталган Тизмекте көрсөтүлгөн материалдарды депутаттык комиссияларга, көз карандысыз эксперттерге жана башка юридикалык жана жарандык жактарга бербей койгон учурларды алардын көп сандаган оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары күбөлөйт.

Бул маселени Комитеттин 2017-жылдын 10-январындагы жыйналышында талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан “Кыргыз темир жолу” УК” МИ-нын жетекчилигинин дарегине олуттуу сын-пикирлер айтылды жана түзүлгөн кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштар киргизилди.

Жумушчу топ берген материалдар менен таанышып чыгып депутаттар ЕАЭБ-не кирип жатканда Кыргызстанга, тагыраак айтканда кыргыз элине материалдык зыян (150 дөн 250 млн АКШ долларынын чегинде) келтирилгендигине ынанышты. Буга моралдык зыянды да (конституциялык укуктар, жарандык жагына чейин) кошкондо зыяндын өлчөмү ого бетер өсөт.

ЕАЭБ-не кирүү жагындагы маселелер Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри О.М. Панкратовго бекитилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты                   А.Т. Алтыбаева бул жагдай  биздин мамлекетке орчундуу зыян келтирилген жалгыз учур эмес экендигин белгилеп, вице-премьер-министр                   О.М. Панкратовдун өтө оор кесепеттерге (унификацияланган тарифтер боюнча жоготуулар, Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөр боюнча) алып келген аракетсиздигине юридикалык баа берүүнү жана анын жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароону сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты         А.Ү. Жапаров билдиргендей, ЕАЭБ-не киргенден кийин темир жол аркылуу ташуунун унификацияланган тарифтерин киргизүүнү 24 айга жылдыруу мамлекеттик бюджетке 1 млрд. 200 млн. сом зыян келтирди. Депутат унификацияланган тарифтерди колдонууну кийинкиге калтыруудан улам бул мезгилде мамлекет кеминде 150–250 млн. АКШ долларын албай калгандыгын айтты жана унификацияланган тарифтерди киргизүүнү кийинкиге жылдыруу боюнча чечим кабыл алууда ким казакстандык темир жолчулар тарабында болгондугун айкындоону Коррупцияга каршы кызматка сунуш кылды. Муну менен бирге депутат мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиктен Комитетке күнөөлүүлөрдү табууну жана Мекендин чыкканчылары катары жазалоону сунуш кылды.

Ошондой эле, бул маселени талкуулоодо  Жогорку Кеңештин депутаттары К.М. Жумалиев, Б.У. Сыдыков, Жунус уулу Алтынбек, Э.Т. Токтошев мүмкүн болуп турса да унификацияланган  тарифтерди өз убагында колдонбогондон улам кесепеттер келгендиги (кыргызстандыктарга материалдык жана моралдык зыян келтирилгендиги), мекендештерибиздин көз алдында ЕАЭБ-нин баркын түшүрүүгө өбөлгөлөр түзүлгөндүгү тууралуу пикирлерин айтышты.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Кыргыз Республикасына жана андан Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө карата транзиттик унификацияланган тарифтердин Кыргызстан тарабынан 24 айдан кийин (ЕАЭБ келишиминде айтылган ченемдерге ылайык) колдонуу каралган, мөөнөттү ужылдыруу боюнча чечимди кабыл алуунун негиздүүлүгү маселеси жана “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын  тепловоздорун жана вагондорун ижарага берүү маселеси боюнча жумушчу топтун жетекчиси депутат Т.К. Конушбаевдин баяндамасы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

 

  • 2014-жылдын 29-майында Евразия Экономикалык Бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча (Евразия Экономикалык Бирлиги жөнүндө Келишимди Кыргыз Республикасынын колдонуусунун шарттары жана өткөөл жоболору жөнүндө протокол, анда унификацияланган темир жол тарифтерин колдонуунун мөөнөтүн 24 айга узартуу каралган) сунуш киргизген тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн кызмат адамдарына карата тиешелүү чараларды көрүү жана ЕАЭБге кошулуу боюнча Жол картасын ишке ашыруу боюнча алардын жоопкерчилигин кароо;

 

- унификацияланган темир жол тарифтерин колдонууну 24 айга жылдыруу жагында вице-премьер-министр О.М. Панкратовдун аракетсиздигине баа берүү жана Кыргыз Республикасы жана бизнес-коомдоштук үчүн пайдасыздыгы күн мурдатан дайындуу Келишим түзүүдөгү күнөөсүн аныктоо менен анын жеке жоопкерчилигин кароо,

 

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
М. Абылгазиевдин 2016-жылдын 8-августундагы № Т-2468 тапшырмасына ылайык А.А. Такырбашевдин кайрылуусун объективдүү кароо максатында түзүлгөн жумушчу топко тоскоолдуксуз иштөө үчүн шарттарды түзүү жана зарыл документтерди ар тараптуу изилдөөгө жана жыйноого көмөк көрсөтүү.

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы:

 

  • мыйзамдуулук жана укук ченемдүүлүк даражасын айкындоо максатында, “Кыргыз темир жолу” УК” МИ-нын маалыматтарынын Тизмегине киргизилген ар бир документтин “кызматтык пайдалануу үчүн” жана “жашыруун” категорияларына киргизүүнүн негиздүүлүгүн аныктасын;
  •  
  • кызмат адамдарынын аракеттеринин натыйжасында бүтүндөй мамлекетке жана бизнес-коомдоштукка иш жүзүндө келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктасын.

 

4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2015-жылдын
1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” МИ-нын финансылык-чарбалык ишинин жана финансылык отчёттуулугунун аудити жөнүндө отчётту Комитетке берсин жана Эсептөө палатасынын аудиторлору тарабынан “Кыргыз темир жолу” УК” МИ-нын 2013, 2014 жана 2015-жылдардагы ишин текшерүүнүн маалымкаттарын, МИ-нын ММБФ-на карыздарын жоюу тууралуу жазма эскертүүлөрдү жана алардын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты кошо тиркөө менен (эгерде бар болсо), айкындалган финансылык бузулуштар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирсин.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд депутаттык жумушку топко Фонддун “Кыргыз темир жолу” УК” МИ (жана башка МИ-лар) 2011 – 2015-жылдарда таза пайдадан 50%ды төлөө жагындагы кат жазышууларын боюнча материалдарды, ошондой эле, сотко же башкага кайрылуулар жасалгандыгын көрсөтүү менен, “Кыргыз темир жолу” УК” МИ-нын (жана башка МИ-лардын) Фондго карызын өндүрүп алуу жагында көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин 2013-жылдын 11-июлундагы №159-тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жана “Кыргыз темир жолу” УК” Мамлекеттик ишканасынын адистеринен “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашыруучу ички темир жол жүк ташууларына тарифтерди көбөйтүүнүн максатка ылайыктуулугу маселеси боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ жумушту бүткөргөндөн кийин жасалган талдоону, негиздүү кеңири тыянактарды жана сунуштамаларды камтыган жыйынтык маалыматты Комитетке берсин.

 

7. Депутаттык жумушчу топтун иштөө мөөнөтү депутаттык суроо-талаптарга толук жооптор алынганга, “Кыргыз темир жолу” УК” МИ-да кырдаалды жакшыртуу боюнча иштиктүү чаралар көрүлгөнгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин 2013-жылдын 11-июлундагы №159-тескемеси менен түзүлгөн ведомстволук жумушчу топтун, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри                            М. Абулгазиевдин 2016-жылдын 8-августундагы № Т-2468 тапшырмасына ылайык түзүлгөн жумушчу топтун, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги түзгөн жумушчу топтун иштери жыйынтыкталганга чейин узартылсын.

 

8. Комитеттин ушул чечиминин көчүрмөлөрү төмөндөгүлөргө жөнөтүлсүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматына; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондго; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине.

 

9. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Комитет бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                    М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 1669