Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Комитетинин “Ош” эл аралык аэропортундагы 2016-жылдын 11-13-декабрь күндөрү түзүлгөн кырдаал жана жалпысынан жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин абалы тууралуу 2017-жылдын 10-январындагы ЧЕЧИМИ

25-01-2017 09:46

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Комитетинин

 

“Ош” эл аралык аэропортундагы 2016-жылдын 11-13-декабрь күндөрү түзүлгөн кырдаал жана жалпысынан жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин абалы тууралуу

2017-жылдын 10-январындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын декабрь айындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутататтары У.Б. Примов, К.Ш. Баймуратов, А.Т. Алтыбаева, И.И. Матраимов тарабынан Ош шаарындагы аэропроттун тейлөөчү кызматкерлеринин дарегине сын-пикирлер айтылган, анткени 2016-жылдын 11-13-декабрь күндөрү авиакаттамдардын кармалгандыгы себебинен улам аэробекеттин имаратында күтүүгө мажбур болгон жүргүнчүлөргө тиешелүү тейлөө көрсөтүлгөн эмес. Аэропорт ар кандай форс-мажордук кырдаалдарга тиешелүү деңгээлде даярдалган эмес, аэропорт кызматтары өз кызматтык милдеттерин аткарышпайт, энелер жана балдар бөлүмдөрү талаптагыдай ченемдерге ылайык келбейт деп белгиленди. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Комитетке Протоколдук тапшырма да берилди.

Андан сырткары, Комитеттин жыйынында жалпысынан аэропорттун бардык кызматтарынын иши нааразычылыкты пайда кылууда, ташуучулар менен аэропорттун ортосунда тиешелүү өз ара байланыш жок, авиация тармагынын ченемдик-укуктук документтеринде (авиациялык эрежелерде) жетишпестиктер бар, ошентип бул жүргүнчүлөрдү тейлөөгө таасирин тийгизет деп белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары                А.Т. Алтыбаева, И.И. Матраимов, У.Б. Примов тарабынан бул маселени Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизүү жана депутаттык комиссия түзүү керектиги тууралуу сунуш айтылып, бул Комитет тарабынан колдоого алынды.

 

Жогорудагылардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна “Ош” эл аралык аэропортундагы 2016-жылдын 11-13-декабрь күндөрү түзүлгөн кырдаал жана жалпысынан жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу” маселе киргизилсин жана депутаттык комиссия түзүү тууралуу Комитеттин чечимин колдоо депутаттардан суралсын.

 

 

Төрага                                                                                       М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 3617