“Таш-Көмүр темир жол станциясын имараты, темир жол тарамдары менен кошо “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү тууралуу” ЧЕЧИМИ

24-06-2016 12:09

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2016-жылдын 21-июнундагы

 

“Таш-Көмүр  темир жол станциясын имараты, темир жол тарамдары менен кошо Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү тууралуу”

 

ЧЕЧИМИ

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет)  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасынын “Таш-Көмүр” темир жол станциясынын иштөөсүнө карата кайрылуусун карап чыгып жана маалыматын талкуулап, төмөндөгүлөрдү тастыктайт.

         Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы Таш-Көмүр темир жол станциясын имараты, темир жол тарамдары менен кошо “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин балансына өткөрүп берүү маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнөт.

         Таш-Көмүр темир жол станциясын темир жолчулар 1936-жылы эле Таш-Көмүр көмүр кенин камсыздоо үчүн түшүрүү-жүктөө жумушун уюштуруу максатында курган.

         1980-1990-жылдарда жаңы өнөр жай объекти – Таш-Көмүр жарым өткөргүч материалдар заводу курулган, анын ишин камсыз кылуу үчүн тийиштүү темир жол инфраструктурасы талап кылынган.

Ушуга байланыштуу, СССР Жол катнаш министрлиги жаңы Таш-Көмүр темир жол станциясын зарыл инфраструктуралык объекттери жана жабдуулары менен кошо курууга тийиштүү техникалык шарттамаларды берген.

         Зарыл уруксат документерин алгандан кийин Орто Азия темир жолунун темир жолчулары курулуш жумуштарын баштаган жана 1994-жылы Таш-Көмүр темир жол станциясынын курулушу аяктоого тийиш эле. Андан соң бул станция темир жолдун балансына өткөрүлүшү керек болчу.

         Бирок, жаңы Таш-Көмүр темир жол станциясынын курулушунун долбоорунда каралган жумуштардын бардыгы тең эле аягына чейин бүткөрүлгөн эмес.

         Долбоордун алкагында электрдик борборлоштурууну колдонуу менен станциялык жолдор курулган. Ошол эле учурда долбоордо каралган суу өтмө каналдын курулушу аткарылган эмес.

         Ушуга байланыштуу, СССР Жол катнаш министрлигинин жана Орто Азия темир жолунун жетекчилигинин тапшыруусу боюнча Таш-Көмүр темир жол станциясын андагы суу өтмө каналдын курулушуна байланышкан маселелердин баары чечилгенге чейин иштетүүгө убактылуу кабыл алуу үчүн комиссия түзүлгөн.

         Ошентип, ошол учурда жана андан кийин да темир жол станциясы Орто Азия темир жолунун Фергана бөлүмүнүн балансына кабыл алынган эмес.

         СССР ыдырагандан кийин Таш-Көмүр темир жол станциясынын долбоорунда каралган курулуш иштери аягына чейин бүткөрүлбөгөндүгүнө  байланыштуу станцияны темир жол тармагына өткөрүп берүү маселеси чечилбей келе жатат.

         Бүгүнкү күндө бул станция  ишинин мүнөзү боюнча жүк ташуу станциясы болуп эсептелет жана төртүнчү класска таандык. Анда жүктөрдү ташууну уюштуруу үчүн жүктөө-түшүрүү жолдору бар.

Таш-Көмүр темир жол станциясы Кыргыз темир жолундагы стратегиялык маанилүү бөлүк болуп саналат, ал аркылуу “Таш-Көмүр – Шамалды-Сай” маршруту боюнча жүк ташылат, андан ары Өзбекстан темир жолуна кошулат.

         Станцияда электрдик жебе-кошкучтардын жана сигналдардын  борбордоштурулган түйүнү бар. Бул түйүнгө 14 жебе-кошкуч туташтырылган.

         Бул борбордоштурулган электрдик түйүндү жана байланышты темир жолчулар гана иштете ала тургандыгын белгилөө керек, анткени алар темир жол инфраструктурасына таандык.

         Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигиндеги кеңешменин Протоколуна ылайык, “Кыргыз темир жолу” УК” МИге Таш-Көмүр темир жол станциясын имараты, темир жол тарамдары жана жер тилкеси менен кошо “Кристалл” ААКтан 59,6 млн. сомго сатып алуу маселеси боюнча сунуш киргизүү тапшырылган.

         2015-жылы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри В.Дилдин тапшыруусу боюнча түзүлгөн, курамына Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрү кирген комиссиянын ишинин натыйжасында станциянын объекттерин баланстан баланска өткөрүү маселеси иликтенди, станцияны карап чыгуу жүргүзүлдү, анын натыйжасында Маалымкат түзүлдү.

         Бирок, “Кристалл” ААКта Таш-Көмүр темир жол станциясынын объекттерине карата укук тастыктоочу документтер болбогондугуна байланыштуу ага мындай документтерди калыбына келтирүү жана берүү тапшырылган, бул иш ушул күнгө дейре аткарылган жок.

         Ошондой эле, жаңы Таш-Көмүр темир жол станциясы түзүлгөн учурдан тартып эле анын объекттерин кармоо жана оңдоо иштери “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын, б.а. мамлекеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлүп келе жаткандыгын да белгилөө керек.

         Таш-Көмүр темир жол станциясы, анын темир жол тарамдары Кыргыз темир жолуна таандык жер тилкесине курулган.

         1993-жылдан тартып азыркы убакка чейин Таш-Көмүр темир жол станциясын жумушка жарактуу абалда кармоо үчүн “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын эсебинен 100 млн. сомдон ашуун каражат сарпталган.

         Ар жыл сайын Таш-Көмүр темир жол станциясын кармоо үчүн 15 млн. сомдон ашуун каражат жумшалат. Мындан тышкары, Кыргыз темир жолу станциянын коопсуз иштөөсү үчүн 2015-жылы 150 тонналык вагондук таразаларды орнотту, станциянын жуп тарабындагы  куушу тазаланды жана жаңы куурлар коюлду, инфраструктураны жакшыртууга байланышкан башка жумуштар да жасалды.

         Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында белгиленгендей, линиялык бөлүктөрдү кошуп алганда темир жол мамлекеттин менчиги болуп саналат, буга кошумча, темир жол, ошондой эле темир жол транспортунун  жүк ташуу процессин жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүзөгө ашырууну тикелей камсыздоочу объекттери жана башка мүлктөрү мамлекеттен ажыратылууга жана менчиктештирилүүгө жатпайт.

Ошондой эле, 2001-жылдын 17-майындагы № 35 каттоо номери менен берилген, жерди пайдалануу укугуна № 021339 Мамлекеттик акт боюнча Таш-Көмүр темир жол станциясынын жер тилкеси Кыргыз темир жолуна бекитилген. Таш-Көмүр темир жол станциясы жана анын темир жол тарамдары Кыргыз темир жолуна таандык жер тилкесинде жайгашкан.

Бирок, “Кристалл” ААКты банкроттоо боюнча администрация жөнүндө арыз менен сотко кайрылган, бул арызда Таш-Көмүр темир жол станциясына бекитилген жер тилкесин пайдалануу укугун Кыргыз темир жолуна ыйгарган, 2001-жылдын 17-майындагы № 35 каттоо номери менен берилген, жерди пайдалануу укугуна № 021339 Мамлекеттик актты жокко чыгаруу өтүнүчү камтылган.

        

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

         1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасынын “Таш-Көмүр” темир жол станциясынын иштөөсүнө карата маалыматы эске алынсын.

         2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 15-июлуна чейин:

 

         - Таш-Көмүр темир жол станциясына, анын темир жол тарамдарына, станциялык инфраструктуранын башка объекттерине карата укук тастыктоочу документтерди талдоого алууну жүргүзсүн;

 

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-июнундагы №283 “Таш-Көмүр Солар” жоопкерчилиги чектелген коомун сатуу жөнүндө” токтомуна ылайык, “Таш-Көмүр Солар” жоопкерчилиги чектелген коомун сатууда Таш-Көмүр темир жол станциясын жана станциялык инфраструктураны сатыла турган массага киргизүүнүн мыйзамдуулугунун маселесин иликтесин;

 

         3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине жөнөтүлсүн;

 

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 М. Аманкулов

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 2163