Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын иши жөнүндө отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги ЧЕЧИМИ

18-04-2017 16:51

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  иши жөнүндө отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 18-апрелиндеги

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш. Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын иши жөнүндө отчетун карап чыгып жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилейт:

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүн продукциясынын көлөмүнүн (мындан ары – ИДП) жалпы суммасы 458 млрд.сомду түздү, өсүштүн иш жүзүндөгү темпи 103,8 пайызды түздү (2015-жылы иш жүзүндөгү өсүш 103,9% түзгөн). ИДП дефлятору 102,5% деңгээлинде түзүлдү. Кумтору кенинин иштетүүсү боюнча ишканаларды эске албаганда, ИДП өсүшүнүн иш жүзүндөгү темпи 103,7% түзгөн, ал эми 2015-жылы ушуга окшош көрсөткүч 104,9% болгон.

Экономикалык өсүшү экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынган, анын ичинде айыл чарбасында иш жүзүндө көлөмдөр 3,0% өскөн, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө - 3,0%, курлушта – 7,4% жана өнөр жайда – 5,2%.

Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көлөмүнүн көбөйүшү белгиленет. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга салымдардын бардык каржылоо булактардын эсебинен инвестициялардын көлөмү 133,4 млрд.сомду түздү жана 3,8% көбөйдү.

2016-жылы жолдордун курулушундагы иш көлөмү 4871,4 млн. сомго аткарылган, ал 2015-жылдын көрсөткүчүнө карата 144,3% түздү. Анын ичинен үстүдөгү бюджет боюнча аткарылышы 1 914,1 млн. сомду түзгөн жана мамлекеттик капиталдык салымдардын объекттери боюнча 2 957,3 млн. сом болгон.

«Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча 85,4 чакырым автожолдор оңдолгон, анын ичинде узундугу 23 чакырым Бишкек – Аэропорт «Манас» автомобилдик жолдун асфальт-бетон жабуусу, узундугу 25 чакырым Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолу, узундугу 6,64 чакырым Балыкчы шаарындагы Абдрахманова көчөсүндө автожолу жана узундугу 30,8 чакырым башка тизмектери боюнча объекттер салынган.

2016-жылдын мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 130 574,4 млн. сомду түзөт, 2015-жылга салыштырмалуу жалпы кирешелер 1,8 % же 2 282,5 млн. сомго өсүш болгон.

Ошону менен бирге, белгилеп кетүү керек, түзүлгөн дареметти пайдаланууда резервдер бар. Ири каражаттарды салууга карабастан, жаңылатуу жана модернизациялоо үчүн олуттуу чет өлкөлүк инвестицияларды тартууда айрым тармактарда өндүрүштүк кубаттуулуктар толук өлчөмдө иштетилген эмес, негизги фонддун салыштарма салмагы олуттуу болууда, ал амортизациялык чегерүүлөрдүн эсебинен өз наркынын негизделбеген өсүшүнө алып келет.

2016-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы + ички) карыздын өлчөмү 4065,4 млн. АШК долларын түзөт (281,450,9 млн. сомду, ИДП карата 56,6% түзөт).

2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү 141,6 млн. АКШ долларына көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы тармагында түзүлгөн абал олуттуу тынчсыздындырууну түзөт.

2006-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында катталган бардык авиакомпаниялар Евробирликтин «Кара тизмесине» кирген.

2016-жылдын 25-январынан тартып 5-февралына чейинки мезгилде кезектеги Жарандык авиациянын эл аралык уюмдарынын аудиторлорунун (ИКАО) жумушчу сапары болгон.

ИКАОнун аудиторлорунун корутунду сессиясындагы жарыяланган аудиттин жыйынтыгына ылайык, толугу менен аудиттин натыйжалары 2009-жылдын аудитине караганда эки эседен дагы ашык начар болуп чыккан.

ИКАОнун негизги талаптарынын бири болуп инспектордук курамынын штаттык санын жана алардын эмгек акысын көбөйтүүсү саналат.

ИКАОнун консультациялык жардамдын бюросу 2017-жылдын февралында учууга эксплуатацияны контролдоо үчүн болгон 12 инспекторлор жетишсиз экендигин айкындаган, дагы кошумча 7 инспектор керек экендиги белгилеген. Азыркы учурда өз милдеттерин аткаруу үчүн  ЖА Агенттигине КР Аба Кодексинде жана Агенттик жөнүндө жободо каралган кошумча15 штаттык бирдик керек.

ИКАОнун аудитинин учурунда айкындалган учуу-техникалык сын-пикирлерден тышкары, 2 бөлүм боюнча орто баалар, негизинен, начар каржылоо маселеси менен байланышкан, өзгөчө мамлекет тарабынан төмөнкүлөрдү камсыз кылуу жөндөмдсүз экен бөлүгүндө белгиленет:

- ЖА агенттигинин ичинде Боинг, Аэробус плюс тибиндеги батыш үлгүсүндөгү АК жеткиликтүүлүгү бар квалификациялуу адистер менен;

- жарандык авиация органынын кызматкерлеринин квалификациясын такай жогорулатууга.

2016-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жетекчилигинин астында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргелешип 2017-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигин каржылоону көбөйтүү механизмин иштеп чыгуусу Протокол менен тапшырылган.

Бирок берилген тапшырма ишке ашырылган эмес.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2016-жылдын 14-июнунда чечими менен Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнө жарандык авиация агенттигинин инспекторлорунун санын көбөйтүү жана алардын эмгек акысын жогорулатуу маселесин кароо тапшырылган.

2017-жылга бекитилген смета жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигин 2018-2020-жылга орто мөөнөттүү бюджеттин божомолдоо долбоорун каржылоо боюнча түшүрүлгөн контролдук цифралар жетишсиз болгон.

Жарандык авиациянын агенттигинин негизги каржылоо булагы болуп мамлекеттик бюджет саналат.

Азыркы иш жүзүндөгү каржылоонун деңгээли жөнгө салуучу, мамлекеттик башкаруунун көзөмөл органы катары учуулардын коопсузудугун камсыз кылуунун үстүнөн талапка ылайык контролду уюштурууга жол бербейт. Эл аралык талаптар авиациялык администрацияларга жогорку талаптарды коет, бирок, Агенттикте аныкталган эмгек акыга тийиштүү квалификациядагы адистерди тартууга жана штатта кармап калууга  жол бербейт, ошондуктан штат такай толугу менен комплектелбейт. Авиа ишканалардагы эмгек акынын жогорку деңгээли жана Агенттиктин инсепктордук курмынын төмөн айлык акылары  кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келет. Бирок, Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана Авиациялык эрежелерине ылайык инспекторлор тиийштүү ыйгарым укуктар, тийиштүү эмгек акы менен камсыз кылууга тийиш, ошондой эле өздөрүнүн иш-милдеттерин майнаптуу аткарууга зарыл болгон даярдоо курстарын өтүүгө мүмкүнчүлүгү болууга тийиш.

Жогоруда аталган максаттарга жетишүү Европа бирлигинин «Коомдоштуктун тизмесинен» чыгууга Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы үчүн мааниллү кадамдарынын бири болуп саналат, ошондой эле, бул ИКАОнун эксперттери тарабынан толук масштабдуу текшерүүдөн ийгиликтүү өтүүгө түрткү берет.

Эл аралык уюмдардын алдында  өз убагында мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө боюнча талапка ылайык иш жүргүзүлбөйт.

Бүгүнкү күнү ЭАК алдында Кыргыз Республикасынын карызы 637 086,6 АКШ долларын түзөт.

Республикада азыркы учурда бардык аэропортоордогу болгон авиациялык техникасы жана аэронавигациялык жабдуулар жаӊылантууну жана алмаштырууну талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Аэронавигициялык жабдууну модернизациялоого жана «Манас» авиабазанын Коалициялык күчтөрүнүн аба кемелерин тейлөө үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө» 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 265 токтомуна ылайык «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына жыл сайын акча каражаттардын бөлүнүп берилиши каралган.

Коалициялык күчтөр болгон мезгилде «Кыргызаэронавигацияны» тейлөөгө 85 млн. суммасындагы АКШ долларындын ордуна аларга 10 млн. долларга компенсацияланган, жана азыркы учурда компенсацияга бөлүштүрүү токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2016-жылдын 14-июнундагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өчакырымөтүнүн 2009-жылын 29-апрелиндеги № 265 токтомунун негизинде Жарандык ишканасы «Кыргызаэронавигациясына» аэронавигациялык жабдууну модернизациялоо үчүн бөлүнгөн, бирок алуучуга жетпеген 140,0 млн. сом боюнча кызматтык териштирүүсү тапшырылган.

Аталган маселе боюнча акыркы маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  ушул мезгилге чейин берилбеген.

Авиакомпаниялардын ийгиликтүү иши үчүн маанилүү фактор болуп салык салуу принциби саналат, ал калк тарабынан сатып алынган авиабилеттердин наркына маанилүү түрдө таасир этет. Эл аралык авиа маршруттар боюнча авиа учууларды жасаган авиакомпаниялар авиаотунду КНСсыз сатып алышат, ошол эле учурда, ички маршруттар боюнча рейстерди аткарган авиакомпаниялар КНС менен сатып алышат. Бул авиаотунду КНСсыз сатып алган башка авиакомпанияларга караганда аларды атаандаштыксыз абалга калтырат. Өкмөт иш жүзүндөгү ишти кайра карап чыгуу зарыл.

Уюлдук байланыштын 10 секунд өлөчөмүндөгү, (башка өлкөлөрдө бул кадам 1 секунду түзөт), иш жүзүндөгү кадамдык тарификацияларга жарандардын көптөгөн кайрылууларын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Траспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 2016-жылдын 8-ноябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралында № 97 токтому бекитилген «Көчмө радиотелефон байланыштын кызматт көрсөтүүлөр эрежелерин» кайра карап чыгууну тапшырган.

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин калктын адилеттүү нааразычылыгын жараткан радиотелефон байланыштын кызмат көрсөтүүлөр тарифи карала элек.

Кыргыз Республикасында 95 пайыз жүк ташуулар автомобилдик транспорт менен жүзөгө ашырылат, бул жерде алардын ийгиликтүү ишине таасир этүүчү маанилүү фактор болуп иш жүзүндөгү автобомилдик жолдору саналат.

Жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдор тарамдарынын эскириши 2016-жылдын башында 80 пайызды түзгөн, жол курулмаларынын 70 пайызы капиталдык ремонттоону жана реконструкциялоону талап кылат.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор  министрлигинин керектөөсү үстүдөгү бюджет боюнча  2016-жылга 2 818 738,3 миң сомду түзгөн, иш жүзүндө  2 179,233,4 миң сом каржыланган, башкача айтканда, 107,2 млн. сом  каржыланбай калган.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылануу толук эмес көлөмдө берилгендигин белгилеп кетүү зарыл, жана 2016-жылдын декабрь айында министрликтердин жана ведомстволордун социалдык жана милдеттүү чыгашалары гана боюнча (эмгек акы, Соцфондго чегерүүлөр, стипендиялар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) камсыз кылынган.

Ошону менен бирге, Комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин АУП жана ИТР кызматкерлеринин айлык акысынын төмөн экендигине көңүлүн бурат, ал орто эсеп менен, үстөктөрдү жана кошумча акыларды алганда 10,4 миң сомду түзөт, ал кызмат орундук маяна 5 300дөн  кеминде 10 500 сомду түзөт. Анын натыйжасында кадрлардын туруксуздугу байкалат жана  ведомстволорго жүткөлгөн маселелерди аткаруу үчүн инженердик-техникалык кызматкерлердин курч таңсыктыгы бар.

Жыл сайын жумуштардын көлөмү көбөйгөндүктөн, ошондой эл,  күтүүсүз жагдайлар пайда болгон учурда, жаңы конуштардын тургандарынын, депутаттардын (протоколдук тапшырмалары) кайрылуулары 5 жылдын ичинде жол курулуш жумуштарына материалдардын кымбатташына жана инфляцияны эске албастан үстүдөгү бюджет боюнча ошол эле бир деңгээлде каражаттар бөлүнүп келүүдө.

Бүгүнкү күнү жол тармагы жалпы керектөөнүн 55-60 пайыздын чегинде гана каржыланат, ал 2000-2005-жж. каржылоонуну көлөмү 6,5-7 эсе көбөйгөн жана 1,7-2,0 млрд. сом болуп ( 30,0 млн. АКШ долларына жакын) 8 жылдан бери калууда.

(Салыштыруу үчүн: Казакстандын бюджетинен жол секторуна жыл сайын бөлүп берилүүчү каражаттардын үлүшү 7-8 пайызды түзөт).

Жол жумушутарынын көлөмү 2012-жылдан тартып анык көрсөткүчтөр боюнча жыл сайын 20 пайызга көбөйүп келген, ошол эле учурда каржылоонун  көлөмү  орто эсеп менен жыл сайын 5тен 15 пайызга чейин  көбөйгөн.

Ошентип, эгерде 2014-жылы узундугу 136,0 чакырым асфальт-бетондук жабуу жасалган болсо, анда 2015-жылы 147,0 чакырым жабылган, башкача айтканда, бул 10,0 чакырым. көбүрөөк, ушундай кырдаал жол жумуштарынын башка түрлөрү боюнча түзүлгөн.

Ушуга байланыштуу жол чарбалыгынын чөйрөсүндө толук кандуу иши жана коюлган маселелерди аткаруу үчүн (инфляцияны эске албастан) жыл сайын республикалык бюджеттен үстүдөгү бюджеттин эсебинен (мамлекетик капиталдык салымдардын каражаттарын эске албастан) 2 300,0 млн. сом каралышы керек.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети көп сандуу жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларына байланыштуу жана депутаттардын 24 айдан кийин (ЕАЭБ Келишиминде айтылган  ченемдерге ылайык келген) Кыргызстан тарабынан Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен ташылган жүктөргө карата транзиттик бирдейлештирилген колдонууну караган тарифтерди жана МИ «УК «Кыргыз Темир жолуна» ижарага тепловоздорду жана вагондорду берүү мөөнөтүн узартууга тийиштүү болгон Өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдин негиздүүлүк маселелеси боюнча Жумушчу тобун түзгөн.

Жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 10-январындагы жыйналышында каралган, ал жерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча транспорттук саясатка караштуу эки жылдык өткөөл мезгил жөнүндө жана Кыргызстанга/дан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактары боюнча транзит менен келүүчү жүктөргө карата бирдейлештирилген темир жол тарифтерин колдонуу жөнүндө ЕАЭБ келишимине протокол киргизилген. Бирлик өлкөсүнүн протоколу күчүнө киргенден тартып Кыргызстандан келүүчү жүктөр үчүн бирдейлештирилгенден бир кыйла жогору транзиттик тарифтер колдонулуп калды.

(Маалымкат үчүн: транзиттик тариф боюнча бензиндин бир тоннасынын наркы 60,5 $ түзөт, ал эми бирдейлештирилген тариф боюнча 18,4$ түзөт.

Комитет тарабынан тастыкталгандай, ЕАЭБ киргенде Кыргызстанга моралдык зыянды (жарандыкка тийиштүү конституциялык укуктарды) албаганда, (150ден 200 млн. чейин АКШ долларында) материалдык чыгым келтирилген.

Комитеттин жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У. Жапаров тастыктагандай, темир жолдор аркылуу ЕАЭБ киргенден кийин бирдейлештирилген тарифтердин 24 айга мөөнөтүн узартуусу мамлекеттик бюджетке 1 млрд. сомго чыгым келтирген, мында ал белгилеп кеткендей, бирдейлештирилген тарифтердин мөөнөтүн узартуусу ушул мезгилдин ичинде мамлекет 150-200 млн. долларды албай калган жана Коррупцияга каршы кызматына бирдейлештирилген тарифтердин мөөнөтүн узартуу боюнча чечим кабыл алууда кимиси казакстандык темир жолчулардын тарабында болгондугун айкындоону сунуш кылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү сунуш кылды:

- Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге 2014-жылдын 29-майында ( Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майында Евразия экономикалык бирилиги жөнүндө Келишимди колдонуу боюнча  шарттары жана  өткөөл жоболор  жөнүндө протоколу, анда 24 айга чейин мөөнөтүн узартуу боюнча маселе каралаган) кошулуу тууралуу сунуш берген тийиштүү мамлекеттик түзүмдүн кызмат адамдарына карата тийиштүү чараларды көрсүн жана ЕАЭБга кошулуу боюнча Жол картасын ишке ашыруусу боюнча  алардын жоопкерчилигин кароо;

- бирдейлештирилген темир жол тарифтеринин мөөнөтүн 24 айга узартууну колдонууга карата вице-премьер-министр Олег Панкратовдун аракетсиздигине баа берүү жана Кыргыз Республикасына жана бизнес коомдоштукка билип туруп пайдасыз түзүлгөн Келишим боюнча анын күнөөсүн аныктап, жеке жоопкерчилик маселелесин кароо;

Курулуш тармактын негизги максаты жана милдетти болуп Кыргыз Республикасынын жарандарына туруктуу жашоо-тиричилик чөйрөсүн түзүү, жана архитектура–шаар куруу иши жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруусу саналат.

Маанилүүлүгү боюнча шаарлардын жана калктуу конуштардын генералдык пландары алардын  туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча, келечекте шаарлардын жана калктуу конуштардын өнүгүшүн аныктоочу стратегиялык документтердин бири болуп саналат. 

Көптөгөн шаарлардын жана калктуу конуштардын Генералдык планы болбогондугу  рынок экономикасы шарттарында – өлкөнүн  калктуу конуштарын башкаруу жана  жөнгө салуу рычагдарын алып салууда.

Азыркы учурда 8 шаарда гана (Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Көл, Кара-Суу жана Өзгөндө) бекитилген генералдык пландары бар жана 5 шаар боюнча (Баткен, Кызыл-Кыя, Талас, Токтогул, жана Кара-Балта) жаңы генералдык пландар иштелип чыгууда, алар бир бөлүгү генералдык планды жергиликтү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашуу жана бекитүү баскычында болууда. Калган 18 шаар боюнча генералдык пландарды иштеп чыгууга жана  камсыз кылууга тийиш.

Кыргызстандын жалпы айылдык конуштардын санынын 1859 айылдык калктуу конуштар боюнча бекитилген генералдык пландары бар 185 айыл гана болгон, алар  2001-жылдан кийин иштелип чыккан, жалпы сандын 10 гана пайызын түзөт, 909 айылдар 1991 жылы ишелип чыккан генералдык пландары бар, ал 48,5 пайызды түзөт, ошондой 121 айылдын генералдык планынын корректирлөөсү талап кылынат, ал республиканын калктуу  айыл конуштарынын жалпы санынын 41,5 пайызды түзөт.

Негизинен, өлкө боюнча 1689 айылдык калктуу конуштарга генералдык планды иштеп чыгуу керек жана белгиленген тартипте көрсөтүлгөн калктуу конуштарда долбоорлоодо жана курууда иш жүзүндө колдонуу үчүн бектилиши зарыл.

Бишкек шаарынын шаар куруу документациясынын негизги курамы болуп бүгүнкү күнү 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген шаардын генералдык планы болуп саналат.

Бүгүнкү күнү шаар куруу жана архитектура МДИ Бишкек шаарынын борбордук аймактарынын ДДП иштеп чыгып, 2016-жылдын 14-окятбрында Бишкеке шаарынын Мэриясынын ПДД тапшырыкчысына өткөрүп берди.

Келечекте 700 га Бишкек шаарынын башка аймагында наркы 7,2 млн сомду түзгөн ПДД иштеп чыгуусу пландаштырылууда. Ошондой эле, Нарын шаарынын жана Жалал-Абад шаарынын борборлорун 30 млн. сомго генералдык пландарды иштеп чыгуу керектөөсү болууда. Бишкек шаарынын иш жүзүндөгү чек аралар боюнча 18 миң гектарга 154,499 мил. сом талап кылынат.

Ош шаарынын борбору ПДД аянты 600 га, наркы 5,6 млн. сомду түзгөн, курч зарылдыгы бар иштеп чыгуусу талап кылынат.

Негизинен Бишкек жана Ош шаарларыныны пландоонун деталдуу долбоорлору болбогондугуна байланыштуу шаар куруу документациясынын толук көлөмдө болууга мүмкүнчүлүгү түзүлбөйт. Ал шаар куруу бузуулардын санын өсүшүнө алып келет.

Шаарлардын, калктуу конуштардын генералдык пландарды иштеп чыгуу үчүн жана аларды жыл сайын каржылоо көйгөйлөрүн толугу менен чечүү үчүн Өкмөт бюджеттик каржылоону жыл сайынкы пландарында 20 млн. сомдон каралып турууга тийиш.

Комитет 2016-жылдын 14-июнундагы жана 2016-жылдын 15-ноябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Генералдык пландарды жана ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгууларды каржылоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү сунуштаган.

Комитет белгилегендей, жол кыймылынын коопсуздугу Кыргыз Республикасында экономикалык жана социалдык мааниге ээ, олуттуу мамлекеттик көйгөй болуп саналат, түзүлгөн жагдай мамлекетте көрүлгөн чараларга карабастан терс динамикасын көрсөтүүнү улантууда.

Жолдордогу иш-жүзүндөгү кооптуу абалды эске алуу менен, коомго ири зыян келтирилип жатат, аварияларды заманбап негизги коркунучтарга, ал эми жол кыймылы чөйрөсүндөгү кырдаалды адамзаттын туруктуу өнүгүсүндөгү негизги маселелерге киргизүүгө болот.

Республикада түзүлгөн жол кыймылынын коопсуздугу боюнча статистика олуттуу тынчсыздандырууну жарат. Кеткен 2016-жылдын 12 айында 5 868 жол-транспорттук окуялар жасалган, анда 920 киши каза тапкан жана 7 901 киши ар кандай түрдөгү жаракат жана майып болгон.

Мындай абалда Өкмөт тарабынан бул кырдаалды оңдоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөйт. Түйүндөрдүн, жабдуулардын эскиришине жана аларды тейлөө үчүн каржылоонун жоктугуна байланыштуу болгон себептер менен светофорлордун көптөгөн жабдуулары иштебейт.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги региондордун жол-коммуникациялар уюмдары тарабынан авариялык-кооптуу участокторду жоюу боюнча маселелерди чечүү үчүн эч кандай конкреттүү чаралар көрүлбөйт.

ИИМ жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине калктын нааразычылыгы артылууда, опузалоо, негизсиз кармоо, пара алуу  ушул сыяктуу фактыларга принципиалдуу талапка ылайык баа берилбей келүүдө.

Ушул убакытка чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзү 2012-жылы  иштеп чыккан «Коопсуз шаар» программасын  ишке ашырбай жатат.

2012-жылы өткөрүлгөн тендер логикалык аяктоого жеткирилген эмес. Долбоордун токтоп калышына Кыргыз Республикасынын ИИМ жаңы жетекчилигинин позициясы себеп болду, ал кытай компаниясы менен долбоорду ишке ашырышы келген жок.

2014-жылыл көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча  түзүлгөн келишим бузулган.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 232-р тескемеси менен мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында «Коопсуз шаар» долбоору боюнча чечим кабыл алынган. 2014-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын тескемеси менен тендердик комиссиянынын курамы жана тендердик документация бекитилген.

Тендердик сунуштардын баалоосунун натыйжасында 2015-жылдын 27-январында «Стилсофт» ЖЧК жана ААК «Спецстройкоопсуздук» россиялык өнөктөштөр менен консорциумда чыккан «Стилсофт Бишкек» деген  компания жеңүүчү деп таанылган.

Тендердин жеңүүчүсүн жарыялагандан кийин, Кыргыз Республикасынын ИИМ жетекчилиги, өз кызыкчылыктарын көздөп, тендер өткөрүүдө бир нече бузуулар бар деген шылтоо менен тендердин жеңүүчүсү менен макулдашууга кол коюудан баш тарткан. Анын натыйжасында соттук териштүүлөр башталган.

Бир жылдан ашык уланган, соттук териштүүлөрдүн натыйжасында, Бишкек шаарынын район аралык сотуунун 2016-жылдын 26-июлундагы аныктамасы менен тендер бузуулар менен жүргүзүлдү деп таанылган.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш  боюнча комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө 2016-жылга 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 15-499/16 отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине таандык болгон маселелердин бөлүгү канааттандыраарлык деп таанылсын.

2. Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                              М. А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 2061