Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 23-майындагы “Бишкек-Ош” автомобиль жолундагы (“Бишкек – Кара-Балта” участогу), фаза 4 БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоору боюнча реконструкциянын жана “Кара-Балта - Суусамыр” участогундагы автожолун оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу” маселе боюнча көчмө жыйынынын Ч Е Ч И М И

31-05-2017 09:38

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш  боюнча  комитетинин

2017-жылдын 23-майындагы

 

“Бишкек-Ош” автомобиль жолундагы (“Бишкек – Кара-Балта” участогу), фаза 4 БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоору боюнча реконструкциянын жана “Кара-Балта - Суусамыр” участогундагы автожолун оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу” маселе боюнча көчмө жыйынынын

 

Ч Е Ч И М И

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары- Комитет) көчмө жыйында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевдин  “Бишкек-Ош” автомобиль жолундагы (“Бишкек – Кара-Балта” участогу), фаза 4 БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоору боюнча реконструкциянын жана “Кара-Балта - Суусамыр” автожолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу” маселе боюнча маалыматын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

2017-жылдын 2-майындагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 12-пунктуна жана 151-беренесинин 3-пунктуна, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук функцияларын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук функцияларын ишке ашыруу максатында тиешелүү министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү бийликтин жетекчилерин чакыруу менен 2017-жылдын 23-майында Комитеттин көчмө жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынган.

А.И. Жусубалиевдин маалыматы боюнча, учурда БАРЭК 3 (“Бишкек-Ош” автожолу, 3-Фаза, “Бишкек - Кара-Балта” участогу) коридорун жакшыртуу Долбоорун ишке ашыруу үчүн Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каражаттар бөлүндү: Насыя 65 млн АКШ доллары жана Грант 35 млн АКШ доллары, ал эми КРнын Өкмөтүнүн кошумча каржылоосу 20,8 млн АКШ долларын түзөт.

4-Фаза, “Борбордук-Азиялык Регионалдык Экономикалык Кызматташуу 3 коридорун жакшыртуу Долбоору” үчүн ушул Долбоордун алкагында эки компонент каралды:

1-компонент:

 “Бишкек-Ош” автожолун реконструкциялоо, “Бишкек – Кара-Балта”  участогу  15,9 км -  61 км), жалпы узундугу - 45,1 км. 

Бул участок I-б-техникалык категориянын нормативдери боюнча төмөнкү геометриялык көрсөткүчтөр менен долбоорлонгон:

- кыймыл тилкесинин саны – 4 жана 6

 -кыймыл тилкесинин кеңдиги – 3,5 - 3,75 м;

- өтүүчү бөлүгүнүн кеңдиги – 2 х 7,5;

- жолдун четинин  кеңдиги – 3,75 м

- Өтүүчү бөлүгүнүн  бекитилген четинин кеңдиги – 0,75м

- автомобилдин огуна эсептелген жүк – 11 тонна.

Долбоордук участоктун бардык узундугунда эки катмар асфальт-бетон 15 см калыңдыкта, үстүңкүсү - 6 см, ички катмары - 9 см калыңдыкта төшөлөт, мындан тышкары, 712 даана жаңы түтүктөрү алмаштырылып, орнотулат, 6 көпүрө  ремонттолуп, курулат. Ошондой эле, долбоор боюнча 91 даана электр өткөрүүчү линияларды тирөөчтөрдү  (ЭӨЛ-10 кВ  ЭӨЛ-0,4кВ) алмаштыруу  жана 507 даана байланыш линиясын кайрадан орнотуу каралган.

Жолду жашылдандыруу үчүн саны 4300 даана көчөттөрдү отургузуу каралган.

Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн 26 жол кесилиштеринде сфетофорлорду орнотуу каралган, 7 азыркы жер астынан өтмө жолдорду узартуу менен ремонттоо жана 6 жаңы жер астынан өтмө жолдордун курулушу каралган.

Бул участок калк жыш жайгашкан пункттар аркылуу өткөндүгүн эске алып Долбоордун таасирине дуушар болгон коммерциялык кызмат көрсөтүүчү объекттер, павильондор, жарнама тактайлар, техникалык тейлөө станциялары, май куюуучу бекеттер (АЗС), тосмолордун жана үйлөрдүн курулуштарын Долбоор тарабынан алып салуу каралууда. Долбоордун таасирине туш болгон объектилердин жалпы саны 167.

Консультант - Eptisa Servicios de Ingenieria, S.L. (Испания) компаниясы. Белгиленген консультациялык компания белгиленген участоктун деталдуу долбоорун иштеп чыкты.

2017-жылдын 7-февралында жарандык иштер боюнча Келишимдик сүйлөшүүлөр аяктады, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сhina Railway № 5 -компаниясы менен келишүүгө жетишилди.

2017-жылдын февраль айында КРнын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан Сhina Railway № 5 - компаниясына Акцепттик кат жөнөтүлдү, катта 28 күндүн ичинде бул компания Келишимди аткарууга Банктык кепилдикти берүүсү тийиш.

2017-жылдын 28-февралында Транспорт жана жол министрлиги менен   Сhina Railway № 5 - компаниясынын ортосунда жарандык иштер боюнча Келишимге кол коюлду.

2017-жылдын 3-апрелинде Eptisa Консультациялык компаниясы тарабынан “Курулуштун башталышы жөнүндө билдирме” берилди. Подрядчик 28 күндун ичинде Жумуштардын Программасын берүүсү тийиш, андан кийин участокто мобилизациялоо башталат. Бул Долбоор боюнча курулуш иштери 2017-жылдын сезонунда пландалууда.

         2-компонент:

         “Кара-Балта-Суусамыр” автожолунун “Төө-Ашуу” ашуусундагы туннелине (61-км – 129-км) чейинки участоктордун натыйжаларына негизделген жолду кармап-күтүү боюнча Пилоттук Келишим - жогоруда белгиленген Долбоордун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Жумуштун көлөмү: Бул маршрут боюнча автотранспорттордун кыйынчылыксыз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн, 3 жыл ичинде мүмкүнчүлүккө жараша, жыл бою тийиштүү ремонт жана кармап-күтүү жүргүзүлүп турат. Участокту кармап-күтүү жол-жобосунда жол жабууларын ремонттоо, жол белгилерин алмаштырып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу дренаждык курулмаларды кармап-күтүү, жол боюндагы өсүмдүктөргө көзөмөл жүргүзүү, көпүрөлөрдү ремонттоо, жол жээктерин (откосторду) бышыктоо, кышкы кармоону камсыз кылуу жана жол жабууларын ар түрдүү аба-ырайынын шарттарында кармоо аткарылат. Бул компонентти ишке ашыруу үчүн жалпы бюджет – 6 млн АКШ долларын түзөт.

Учурда бул компонент Подрядчикти тандоо боюнча конкурсун жарыялоо стадиясында турат.

«Бишкек - Кара-Балта» участогун реабилитациялоо долбоорун кайра кароо «Бишкек-Ош» автожолунун «Бишкек - Кара-Балта» участогу 4-Фаза, («Бишкек-Ош» автожолу, 9-кмден 61-кмге чейинки участок) “БАРЭК 3 транспорт коридорун жакшыртуу Долбоорунун” алкагында реабилитацияланып жатат. Долбоордук участоктун жалпы узундугу 52,5 кмди түзөт. Долбоор Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланат.

Бул Долбоор үчүн Техникалык-экономикалык негиздеме АӨБнын Техникалык жардамынын алкагында, Долбоордун экономикалык эффективдүүлүгүн аныктоо максатында Kocks Consult Консультациялык компаниясы тарабынан даярдалган. Техникалык-экономикалык негиздеме 1:2000 масштабдагы алдын-ала топографиялык сүрөткө тартуулар жана геотехникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде, Долбоордун болжолдонгон наркын аныктады. Техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгы боюнча, АӨБ 100 млн АКШ долларын бөлүп берүү жөнүндөгү чечимин кабыл алды, анын 65 млн АКШ долл. насыя жана 35 млн АКШ долл. – грант, ал эми КРнын Өкмөтүнүн кошумча каржылоосу 20,8 млн АКШ долларын түздү. Ошону менен бирге, Долбоор тарабынан жарандык жумуштарга 92,06 млн. АКШ доллары каралган.

Eptisa Консультациялык компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылган деталдуу долбоорлоонун алкагында, долбоордун инженердик наркын аныктоого мүмкүндүк берген, 1:1000 масштабда бир топ так топографиялык сүрөткө тартуулар, ошондой эле, кошумча теотехникалык жана башка изилдөөлөр жүргүзүлдү. Өзгөртүүлөр – жер астындагы өтмө жолдордун, тирөөчү дубалдардын, тосмолордун, түтүктөр, көпүрөлөр, темир-бетон лотоктору, төмөн түшүүчү жолдор, светофорлорду орнотуу жана башка ушул сыяктуу курулуш жумуштарынын наркы - 115,1 млн АКШ долларын түздү.

Ошону менен бирге, 23,06 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражаттардын жетишсиздиги пайда болду. Ушуга байланыштуу, жарандык жумуштардын бюджетине ылайык келтирүү үчүн, КР Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилиги тарабынан долбоордук документацияны кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды.

Жыйынтыгында, АӨБнын макулдугу боюнча, долбоордук участоктун узундугун 6,9 кмге кыскартуу чечими кабыл алынды жана «Бишкек-Ош» жолунун башталышы 9 кмдин ордуна 15,9 км эсептелинди. Ошентип, учурда долбоордук участоктун жалпы узундугу - 45,1 кмди түздү. Бул жолдун кыскарылышы жарандык иштерди сатып алуу боюнча тендерди жарыялаганга чейин болгон.

Ошону менен бирге, белгилей кетүү керек, КРнын Транспорт жана жол министрлиги менен Сhina Railway №5 компаниясынын генералдык Подрядчигинин ортосундагы кол коюлган Келишимдин наркы 70,24 млн АКШ долларын түздү, мындайча айтканда, каражатты 22 млн АКШ долларына чейин үнөмдөө болжолдонулууда. Бирок, үнөмдөлгөн каражатты долбоор аяктаганга чейин колдонуу максаттуу эмес, мурунку реализацияланган инвестициялык долбоорлордун негизинде, Келишимдин баштапкы наркын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө алып келүүчү, көрүнбөгөн кошумча жумуштардын көлөмү курулуштун жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн.

Долбоор бүткөндөн кийин, баштапкы Долбоордон алынып калган участогу (9 км - 15,9 км), үнөмдөлгөн каражатты сактап калган учурда, участокто курулуш иштерин аткаруу үчүн аларды кайрадан бөлүштүрүү маселеси Азия Өнүктүрүү Банкы менен биргеликте каралат.

Комитеттин көчмө жыйынында, бул маселени талкуулоонун жүрүшүндө, Комитеттин мүчөлөрү жана чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары «Бишкек - Кара-Балта» долбоору боюнча өткөрүлгөн тендердин ачык эмес болгондугу, муну жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтардын жана жарандардын сын-пикирлеринин көптүгү күбөлөндүргөндүгү, бул негизинен тендерди автожолдун участкасынын узундугун кыскартуу же жыйынтыгында чыгымдардын суммасын көбөйтүү максатында жасалды деген ойго алып келээрин белгилешти.

 

Комитет 2016-жылдын 20-июнундагы көчмө жыйынында, «Сосновка» салмак-габарит контролдоо пунктунун иши менен таанышуу учурунда, Комитеттин мүчөлөрү жол кыймылынын коопсуздугун, автомобиль жолдорунун жана жол курулуштарынын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын андан ары бузулушун четтетүү үчүн алар боюнча оор салмактагы жана ири габариттүү транспорт каражаттарынын кыймылына жол бербөө белгиленген.

Депутат М.А. Аманкулов «адамдык фактордун» таасирин жокко чыгаруу максатында жана ыктымалдуу коррупциялык элементтерди болтурбоо үчүн келип түшкөн финансылык каражаттарын (айыпты төлөө түрүндө) тиешелүү форма боюнча терминал аркылуу республикалык бюджетке которуу зарылчылыгы жөнүндө сунуш киргизген.

Комитет кызматтык укук бузууларга каршы күрөшүү жана коррупциялык факторлорду четтетүү жана жоюу боюнча бузуулардын санын азайтуу максатында салмак-габарит контролдоо пунктунда таразага тартуунун натыйжаларына автоматтык түрдө көз салуу үчүн борборлоштурулган серверди киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыгууну сунуш кылган.

Комитеттин 2016-жылдын 20-июнундагы көчмө жыйналышында депутаттарга "Сосновка" автомобилдик постундагы автоматташтырылган салмак-габарит контролдоо пунктунун иштөөсү иш жүзүндө көрсөтүлдү.

Транспорт жана жол министрлиги «Боробор Азиядагы жол байланыштарын жакшыртуу Программасынын Биринчи фазасы» долбоорунун алкагында автомобилдик транспорттук каражаттарын динамикалык системадагы автоматташтырылган салмак-габариттик контролдоо пунктун «Сосновка» жана «Кемин» өткөрмө пунктарына орнотуу үчүн сатып алган.

Автомобиль, суу транспорт жана салмак-габариттик көзөмөл агентствосунун  директору Э.М. Таштаналиев белгилегендей, ашыкча жүктөлгөн транспорт каражаттары кыска убакыттын ичинде автомобиль жолдорунун үстүнкү катмарын талкалап салуусу мүмкүн. Система  транспорт каражаттарын жүрүп келе жатканда таразага тартууну жүргүзүүгө жана уруксат берилген массадан ашыкча жүгү бар автомобилди өз убагында аныктоого мүмкүнчүлүгү бар, транспорттун кыймылдагы убагында системанын датчиктери автоматтык түрдө автомобилдин түрүн, транспорт каражатынын номердик белгилерин, анын салмагын жана окко түшкөн оордук күчүн анализдей алат. Бардык маалыматтар чогултулгандан кийин, система графикалык түрдө операторго транспорт каражаты боюнча түшкөн маалыматты жиберет, анын негизинде оператор ылайыктуу аракет жасоону кабыл алат. Системадан кабыл алынган маалыматтар автоматтык түрдө сакталат жана борбордук серверге жөнөтүлөт.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары тарабынан Транспорт жана жол министрлигинин Жол чарба департаментинин кызматкерлерине өздөрүнүн функционалдык милдеттерин ылайыксыз аткаргандыгы үчүн олуттуу дооматтар коюлду.

“Төө-Ашуу” ашуусундагы тоннелден Суусамырга чейинки жолдун участогунун абалынын начардыгына сын-пикирлер бир канча жолу айтылгандыгын жана ал боюнча өз убагында чара көрүлбөгөндүгүн, бул участок азыркы убакта эң жаман абалда экенин, ошол себептен оор кесепеттеги жол-транспорттук кырсыктардын саны көбөйгөндүгү белгиленди.

 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Комитет   ч е ч и м   кабыл алды:

 

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевдин “Бишкек-Ош” автомобиль жолундагы (“Бишкек – Кара-Балта” участогу), фаза 4 БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоору боюнча реконструкциянын жана “Кара-Балта - Суусамыр” автожолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу” маселе жөнүндөгү маалыматын эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жана жол министрлиги төмөндөгүлөр боюнча тийиштүү иш-чараларды аткарсын:

- бөлүнүп жаткан бюджеттик жана инвестициялык каражаттарды рационалдуу, максаттуу жана эффективдүү колдонуу;

- унаа жолдорду куруу, реконструкциялоо жана автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо үчүн алынган жоопкерчиликти өз убагында аткаруу.

 

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жиберилсин.

 

 

Төрага                                                                                 М.А. Аманкулов

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 2182