Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 13-июнунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

15-06-2017
16:16

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 13-июну                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Арапбаев А.А., Чолпонбаев У.С., Сурабалдиева Э.Ж. ,Тулендыбаев П.Р., Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Т., Айдаров С.А. Асылбаева Г.К, Абжалиев А., Осмонова А.Ш., Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен).

Бардыгы: 9 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү- 7, кеңеш берүү добушу менен-2.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Жогорку Кеңешинин депутаты –Назаров Айтмамат Кошоевич, Жогорку Кеңешинин депутаты- Райымкулов Бактыбек Кемелбекович, Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович, Эсептөө палатасынын төрагасы - Марипов Улукбек Асамидинович, Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизи катары бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Депутат А.Жапаров өзү демилгелеген жана баяндамачы катары 4) суроону- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. №6-4753/17 28.02.17-ж.).( экинчи окууга). күн тартибинен алып салууну сунуштады (анткени жаңы мыйзам долбоору киргизилет жана бул мыйзам долбоору артка чакырылып алынат). Комитет күн тартибинен алып салууга макул болду жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы ишмердиги жөнүндө отчету.

Баяндамачы:Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы - Марипов Улукбек Асамидинович.

Суроо-жоопко катышкандар: Макеев, Бекешев, Абжалиев, Айдаров, аудитор. Талкуулоонун негизинде Комитет бул отчетту эске алды жана тийиштүү тапшырмаларды чечимде белгилеп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдагы ишмердиги жөнүндө отчету

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Жапаров, Осмонова. Талкуулоонун негизинде Комитет бул отчетту канаттандырарлык деп баалап, чечимди добуш менен кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы №179 токтому менен жактырылган «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Абжалиев.Талкуулоонун негизинде Комитет бул маселени кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.К. Назаров, А. У. Жапаров, К.К. Исаевдер  тарабынан демилгеленген “Бюджеттик насыя берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-14790/16  03.06.16ж.)  (Бюджет жана финансы боюнча комитетинде экинчи окууда каралган).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Назаров Айтмамат Кошоевич

Депутат А.Жапаровдун жана Г.Асылбаеванын сунушу менен бул маселе эмки жыйынга жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н. Макеев,  Г.Асылбаева, Э.Байбакпаев, А.Арапбаев, Э.Сурабалдиева, Д.Толонов, А.Султанов, Т.Зулпукаров, Б.Субанбеков и У.Примовдор тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. №6-11593/17 28.05.17-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты-

Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Айдаралиева (Салык кызматынын төрагасынын орун басары) Макеев.Талкуулоонун негизинде Комитет бул маселени кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы №283 токтому менен жактырылган «2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган КРӨ менен Казакстан РӨ ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, КРӨ менен Казакстан РӨ ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана КРӨ менен Казакстан РӨ ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2016-жылдын 26-декабрындагы КРӨ менен Казакстан РӨ ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү туралуу КРӨ менен Казакстан РӨ ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы КРӨ менен Казакстан РӨ ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КРӨү менен Казакстан РӨ ортосундагы 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-11508/17  24.05.17-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Суроо-жооп болгон жок. Комитет бул маселени кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Б.К. Райымкулов тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Райымкулов Бактыбек Кемелбекович

Суроо-жооп болгон жок. Комитет бул маселени кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Ар кандай маселелер.

1.2018-2040 – жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын Концепциясы жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Жапаров Акылбек Усенбекович

Комитет чечим кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

2.Карасуу райондук мамлекеттик салык кызматынын башкармасынын салыктык текшерүү бөлүмүнүн начальниги – Ахмедов Насиридин Бекмуратовичти  Кыргыз Республикасынын Жогорку КенешининАрдак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович

Комитет макул болуп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. “Республиканын кичи атын чыккан жерлерин иштетүүнүн келечеги” темадагы “В.И.Д. Майнинг Компани” ЖЧК сынын презентациясын

Баяндамачылар: “В.И.Д. Майнинг Компани” ЖЧК сынын жетекчиси Власов Николай Михайлович

Депут Бекешев бул маселени алып салууну сунуштады. Комитет макул болуп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                   Макеев Н.К.

 

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.