Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 20-июну 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Айдаров С.А., Асылбаева Г.К, Арапбаев А.А., Чолпонбаев У.С., Сурабалдиева Э.Ж. , Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Т., Абжалиев А., Тулендыбаев П.Р., Осмонова А.Ш.
Бардыгы: 6 депутат.
Жыйналышка чакырылгандар:
Жогорку Кеңешинин депутаты –Зулпукаров Төрөбай Закирович, Жогорку Кеңешинин депутаты Шыкмаматов Алмамбет Насырканович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы – Садыков Болот Алымкулович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы -Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.
Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизи катары бекитүүгө добушка киргизди.
Комитеттин мүчөлөрү макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн өкүлү А.Абытов күн тартибинен 13 маселени:Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 330 токтому менен жактырылган «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды ( анткени негизги баяндамачы иш сапарында болгондугуна байланыштуу).
Экономика министри А.Кожошев 14-маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-майындагы П№135-VI «Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетке тапшырма” протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Баяндамачылары Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы -Абжапаров Тенизбек Жусупбекович,Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Зулпукаров Төрөбай Закирович) 2017-жылдын 15-сентбрына жылдырып берүүнү суранды.
Комитет макул болду жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору ( үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович
Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, ЖКнын Аппаратыынн юристи, Муканбетов.Комитет тактоо жумуштарын жүргүзүү максатында бир жумага (кийин кароону) жылдырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э. Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Байбакпаев Экмат Журукбаевич
Суроо-жооп болгон жок. Комитет кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы №433 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Жарнак жөнүндө” жана “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо-жооп болгон жок. Комитет кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы №277 токтому менен жактырылган «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо-жооп болгон жок. Комитет кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Примов, А.Омурбекова, Г.Асылбаева, А.Жапаров, М.Жеенчороев, А.Султанов, А.Мамашова, Э.Байбакпаев, Б.Сулейманов, Э.Сурабалдиева, О.Артыкбаев, К.Иманалиев, А.Узакбаев жана З.Жамалдинов тарабынан демилгеленген «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-491/17 10.01.2017-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Суроо-жоопко катышкандар: Абжалиев, Чодуев(айыл чарба министринин орун басары), Бекешев, Макеев. Комитет экинчи окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, М.Жээнчороев жана Т.Конушбаев тарабынан демилгеленген «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-30076/16 16.12.2016-ж.).
Комитет биринчи окууда колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
жана
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, М.Жээнчороев жана Т.Конушбаев тарабынан демилгеленген «Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-30076/16 16.12.2016-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Шыкмаматов Алмамбет Насырканович.
Суроо-жоопко катышкандар: Тулендыбаев, Абдыгулов, Бекешев, Самсалиева (банктар союзунун юристи). Комитет биринчи окууда колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №306 токтому менен жактырылган “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо-жооп болгон жок. Комитет кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы №365 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо-жооп болгон жок. Комитет экинчи окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6- февралындагы №74 токтому менен жактырылган “Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович
Суроо-жооп болгон жок. Комитет экинчи окууда кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
11. "2016-жылдын 13-октябрындагы Тбилиси шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын доолбору
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо-жооптор: Юсуров, Абжалиев. Комитет кабыл алды жана добуш берди. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
12.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 201-жылдын 16-майындагы № 292 токтому менен жактырылган «Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Суроо-жооп болгон жок. Комитет кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
15. Ар кандай маселелер
1.Бишкек шаарынын Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын башкармасынын начальниги - Садиров Бакытбек Абдишукуровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку КенешининАрдак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович
Суроо-жооптор:Макеев, Кумашов (салык кызматынын төрагасынын орун басары) Абжалиев. Комитет кабыл алды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2016-жылга жана 2017-жылдын учурдагы мезгилине республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча бөлүгүндөгү ишмердүүлүгү тууралуу отчетторун угуу маселелерин жылдыруу жөнүндө
Комитет 2017-жылдын октябрь айынынын экинчи бөлүгүнө жылдырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы Макеев Н.К.
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.