Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 27-июнунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

29-06-2017
16:08

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 27-июну                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Юсуров А.Л., Арапбаев А.А.(ишеним добуш Н.Макеевде), Абжалиев А.(ишеним добуш Н.Макеевде), Чолпонбаев У.С.(ишеним добуш Н.Макеевде), Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Т., Айдаров С.А., Асылбаева Г.К, Тулендыбаев П.Р., Сурабалдиева Э.Ж. ,Осмонова А.Ш.

Бардыгы:  7 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

         Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизи катары бекитүүгө добушка киргизди.

            Депутат Асылбаева кошумча маселени (финполдун посторун текшерүү боюнча) кароого сунуштады, бирок бул сунуш колдоого алынган жок.

Комитеттин мүчөлөрү макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (үчүнчү окууга, экинчи окуунун режимине кайтып келүү сунушталат)).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович

Комитет кабыл алды жана добуш берди. Суроо жана жооп болгон жок.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, М.Жээнчороев жана Т.Конушбаев тарабынан демилгеленген «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-30076/16 16.12.2016-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Шыкмаматов Алмамбет Насырканович.

Комитет кабыл алды жана добуш берди. Суроо жана жооп болгон жок.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, М.Жээнчороев жана Т.Конушбаев тарабынан демилгеленген «Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-30076/16 16.12.2016-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Шыкмаматов Алмамбет Насырканович.

Комитет кабыл алды жана добуш берди. Суроо жана жооп болгон жок.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы №433 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Жарнак жөнүндө” жана “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кайрадан үчүнчү окууга ).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Суроо жана жоопко катышкандар: Макеев, Бекешев, Асылбаева.Комитет кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы №277 токтому менен жактырылган «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кайрадан үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Суроо жана жоопко катышкандар: Бекешев, Асылбаева.Комитет күчүнө калтырып кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы №74 токтому менен жактырылган “Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет кабыл алды жана добуш берди. Суроо жана жооп болгон жок.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы №179 токтому менен жактырылган «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Пирназаров Марат Түгөлбаевич.

Суроо жана жоопко катышты: Бекешев. Комитеткабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №306 токтому менен жактырылган “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кайрадан экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Суроо жана жооп болгон жок.Комитет экинчи окууда күчүнө калтырып кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы №365 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кайрадан экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Суроо жана жоопко катышкандар: Бекешев, Сурабалдиева, Иманалиев (экономика министринин орун басары).Комитет экинчи окууда эски күчүнө калтырып кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (алкоголдук ичимдиктерин жүгүртүүнү чектөө жөнүндө) (“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” КР Мыйзамына, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КР Кылмыш жаза кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-9588/15 10.04.2015-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич.

Талкууга катышкандар: Бекешев. Сурабалдиева четке кагууну сунуштады. Комитет кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -көпчүлүгү, каршы- 1 баяндамачы Бекешев)жана калыс жок.

 

11. Ар кандай маселелер.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө.

Талкууга катышкандар: Бекешев, Сурабалдиева, Макеев. Комитет 2017-жылдын 12-сентябрына парламенттик угууну өткөрүү боюнча чечим каблы алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                   Макеев Н.К.

 

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.