Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 19-сентябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

22-09-2017
17:08

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 19-сентябры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Юсуров А.Л., Абжалиев А.Т. (ишеним добуш Н.Макеевде), Чолпонбаев У.С. (ишеним добуш А.Арапбаевде), Мамашова А.Т., Осмонова А.Ш. (ишеним добуш А.Арапбаевде), Сурабалдиева Э.Ж. (ишеним добуш Н.Макеевде), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Асылбаева Г.К, Тулендыбаев П.Р.,

 

Бардыгы:  6 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович,Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Султанов Акылбек Шакирович,Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана казынасынын пайдалануу мамлекеттик Комитетинин төрагасы - Рыскулов Уланбек Дуулатович,«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы –Калиев Айбек Рыспекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы- Казаков Болсунбек Кумушбекович;«Электр станциялары» ААКнун башкы директору - Кыдырбаев Узак Асанкарыевич;Бишкек шаардык  электр жылуулук борборунун директору - Омуркул уулу Нурлан;«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору- Джаманбаев Мырза Кермалиевич,“В.И.Д. Майнинг Компани” ЖЧК сынын жетекчиси Власов Николай Михайлович

 

         Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү күн тартиби боюнча добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 367 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.Азимов.

Суроо жоопко катышкандар: Д.Бекешев, Азимов. Комитет 1-окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган Протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Суроо жоопко катышкандар: Новиков, Бекешев. Комитет макул болду жана  добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү , каршы-1 (Бекешев) жана калыс жок.

 

3 «2018 - жылга бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун макулдашуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Новиков Артем Эдуардович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Султанов Акылбек Шакирович.

Талкууго катышкандар: Бекешев, Арапбаев, Асылбаева, Асылкулов (салык кызматынын төрагасынын орун басары), Новиков. Комитет макул болду жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. 2017-2018-жылдарга Бишкек шаардык электр жылуулук борборуна көмүр алып келүү жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана казынасынын пайдалануу мамлекеттик Комитетинин төрагасы - Рыскулов Уланбек Дуулатович;«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы –Калиев Айбек Рыспекович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри - Новиков Артем Эдуардович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы- Казаков Болсунбек Кумушбекович;«Электр станциялары» ААКнун башкы директору - Кыдырбаев Узак Асанкарыевич; Бишкек шаардык  электр жылуулук борборунун директору - Омуркул уулу Нурлан;«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору- Джаманбаев Мырза Кермалиевич.

Талкууго катышкандар: Арапбаев, Асылбаева, Макеев, Калиев, Кыдырбаев, Казаков, Джаманбаев, Тариэлов, Новиков.

Комитет бул маселени эске алды жана тийиштүү тапшырмаларды Өкмөткө берүүнү чечти. Комитет добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5. Ар кандай маселелер.

1.М.Д. Маматованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сунуштамасы

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри - Новиков Артем Эдуардович.

            Комитет жактырып, чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. “Республиканын кичи атын чыккан жерлерин иштетүүнүн келечеги” темадагы “В.И.Д. Майнинг Компани” ЖЧК сынын презентациясын

Баяндамачы: “В.И.Д. Майнинг Компани” ЖЧК сынын жетекчиси Власов Николай Михайлович

Талкууго катышкандар:Макеев, Асылбаева, Рыскулов, Новиков. Комитет бул маселе боюнча экономика министрине тапшырма берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                   Макеев Н.К.

 

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.