Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 26-сентябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

13-10-2017
16:38

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 26-сентябры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Бекешев Д.Д., Арапбаев А.А(ишеним добуш Н.Макеевде), Айдаров С.А. (ишеним добуш Г.Асылбаевада),, Абжалиев А.Т. (ишеним добуш Н.Макеевде), (ишеним добуш Н.Макеевде), Чолпонбаев У.С. (ишеним добуш Н.Макеевде), Мамашова А.Т., Осмонова А.Ш. (ишеним добуш Э.Сурабалдиевада), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Асылбаева Г.К, Тулендыбаев П.Р., Сурабалдиева Э.Ж., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).

 

Бардыгы:  7 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы  - Абжапаров Тенизбек Жусупбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Зулпукаров Төрөбай Закирович

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү күн тартиби боюнча добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н. Макеев,  Г.Асылбаева, Э.Байбакпаев, А.Арапбаев, Э.Сурабалдиева, Д.Толонов, А.Султанов, Т.Зулпукаров, Б.Субанбеков и У.Примовдор тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. №6-11593/17 28.05.17-ж.). (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Комитет жактырды 3-окууда жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, О.Артыкбаев, А.Токторов, А.Абжалиев, Д.Джумабеков, Д.Исаева, М.Бакиров, П.Тулендыбаев, А.Исмаилова, Р.Туманбаева, Б.Субанбеков, А.Нурбаевдар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. 2017-ж.22.03  №6-6383/17) (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Тулендыбаев Пархат Розымович.

Комитет жактырды 3-окуууда жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы №371 токтому менен жактырылган «Инвестициялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Комитет жактырды 2-окууда жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, Б.Ибраимжанов, Д. Исаева, П.Тулендыбаевдар. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (кир. №6-9262/17  24.04.2017-ж.). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Байбакпаев Экмат Джурукбаевич.

Бул маселе күн тартибинен баяндамачы Э. Байбакпаев келбей калып кийинки жыйынга жылдырууну суранды. Комитет макулдугун берди.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 385 токтому менен жактырылган "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (кир.№6-15329/17  2017-ж.29.06.). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Э.Абакиров.

Суроолорго катышты: Сурабалдиева, Макеев. Комитет баяндамачынын жоопторуна канаттандырылган жок. Ошондуктан бул маселе кийинки жыйынга добуш менен жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-сентябындагы № 548 токтому менен жактырылган «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору ( кир.№6-18350/17 2017-ж.14.09.). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Суроого катышты: Сурабалдиева. Комитет жактырды 1-окууда жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-майындагы П№135-VI «Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетке тапшырма” протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө. Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Комитет бул протоколдук тапшырманын аткаруу мөөнөтүн 2017-жылдын 1- ноябрына чейин узартып берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

8. Ар кандай маселелер:

 

1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу тууралуу» темадагы «өкмөттүк күн» өткөрүү жөнүндө»  КРЖК Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечиминин долбоору.

Комитет бул өкмөттүк күндү 2017-жылдын 30-ноябрына белгиледи.

2. «Кыргыз Республикасынын Салык кодекси – берилген салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугу жөнүндө» маселе боюнча парламенттик угууну өткөрүү тууралуу” КРЖК Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечиминин долбоору (Комитеттин контролдук функциясы.).

Комитет парламенттик угууну декабрь айына белгиледи.

 

3. “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” 2015-жылдын 31- июлундагы №209 Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышынын мониторинги боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө” КРЖК  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечиминин долбоору(Комитеттин контролдук функциясы)

Жумушчу топко депутаттар Арапбаев жана Байбакпаев дайындалды.

 

4. “Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө” 2013-жылдын 30- июлундагы №167 Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышынын мониторинги боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө” КРЖК  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечиминин долбоору(Комитеттин контролдук функциясы).

Жумушчу топко депутаттар Жапаров, Сурабалдиева, Асылбаева жана Байбакпаев дайындалды.

 

5. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” 2012-жылдын 22- февралындагы №7 Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышынын мониторинги боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө” КРЖК  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечиминин долбоору(Комитеттин контролдук функциясы).

Жумушчу топко депутаттар Жапаров, Сурабалдиева, Асылбаева жана Байбакпаев дайындалды.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                   Макеев Н.К.

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.