Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 24-октябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

25-10-2017
16:59

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 24-октябры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары А.Юсуров

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Айдаров С.А., Абжалиев А.Т., Чолпонбаев У.С., Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Арапбаев А.А., Асылбаева Г.К, Осмонова А.Ш., Тулендыбаев П.Р., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).

 

Бардыгы: 11 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри-Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бокоев Кенжебек Сатымкулович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

 

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү күн тартиби боюнча добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-октябрындагы №681 токтому менен жактырылган «2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду денонсациялоо (колдонулушун токтотуу) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри –Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович.

Бул маселени Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы №292 токтому менен жактырылган «Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Бул маселени Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-сентябындагы № 548 токтому менен жактырылган «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору ( кир.№6-18350/17 2017-ж.14.09.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Талкууго катышкандар: Арапбаев, Юсуров.

Бул маселени Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э. Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Экинчи окуунун режимине кайтып келүү тууралуу.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Байбакпаев Экмат Журукбаевич

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-4753/17 28.02.17-ж.).

Бул маселени Комитет 1-окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

6.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 367 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович

Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

Талкууго катышкандар:Асылбаева, Байбакпаев.

Бул маселени Комитет 2-окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

7. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-январындагы №15 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Бокоев тарабынан демилгеленген (кир. № 6-10157/17 04.05.17г.) «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Тюменбаев Баккельди Рахимович жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Кошумча баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бокоев Кенжебек Сатымкулович.

Талкууго катышкандар: Арапбаев, Юсуров, Асылбаева, Байбакпаев, Касымалиев, Осмонова, Асылкулов.

Бул маселени Комитет эмки жыйынга жылдырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы №385 токтому менен жактырылган «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Бул маселени Комитет 1-окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын орун басары                                              Юсуров А.Л.

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.