Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 31-октябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

03-11-2017
17:31

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 31-октябры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары А.Юсуров

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Чолпонбаев У.С., Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен,. Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Юсуров А.Л., Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Асылбаева Г.К, Осмонова А.Ш., Тулендыбаев П.Р., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т.

 

Бардыгы: 8 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Жогорку Кеңешинин депутаты – Бокоев Кенжебек Сатымкулович; Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович; Жогорку Кеңешинин депутаты –Зулпукаров Төрөбай Закирович; Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы - Кулматов Кубанычбек Кенешович;Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы - Марипов Улукбек Асамидинович;Кыргыз Республикасынын Экономика министри - Новиков Артем Эдуардович;Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри -Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы - Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы - Сулайманов Азамат Талапбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович;Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы – Догоев Дастан Давлетович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Казаков Болсунбек Кумушбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы - Абжапаров Тенизбек Жусупбекови, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору - Даникеев Улан Өскөнович.

 

Комитеттин төрагасынын орун басары А. Юсуров Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү күн тартиби боюнча добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-майындагы №269 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

Суроо-жоопко катышкандар: Абжалиев, Арапбаев, Мамашова, Сурабалдиева, Осмонова.

Комитет бул маселени жактыырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы №292 токтому менен жактырылган «Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Прназаров Марат Туголбаевич.

Комитет бул маселени үчүнчү окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-сентябындагы № 548 токтому менен жактырылган «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Комитет добуш менен, депутат Арапбаевдин сунушун эске алып, бул маселенин кароосун жылдырды жана тийиштүү тапшырманы Өкмөткө берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №367 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасынын орун  басары – Т. Сагындыков.

Суроо- жоопко катышты: Сурабалдиева, мамлекеттик сатып алуулар департаментинин өкүлү.

Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-январындагы №15 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Бокоев тарабынан демилгеленген (кир. № 6-10157/17 04.05.17г.) «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Асылбаева.

Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Бокоев тарабынан демилгеленген мыйзам долбоордун варианты Комитет тарабынан көпчүлүгү жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү(6) , каршы-жок жана калыс -2 (Юсуров, Асылбаева).

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бакиров М., Алтыбаева А., Назаров А., Жамалдинов З., Жамангулов А. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору(кир № 6-1942/17 26.01.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович.

Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Асылбаева, Сыдыков (МДС), Сурабалдиева. Комитет бул маселени четке кагты жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү , каршы-1 (Юсуров) жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №562 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри Новиков Артем Эдуардович.

Комитет бул маселе боюнча, депутат Арапбаевдин сунушун эске алып, эки жума кийин кароону чечти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы №446 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары – Чодуев.

Суроо-жоопко катышты: Асылбаева. Комитет бул маселени 1-окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы №412 «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекови;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Новиков Артем Эдуардович.

Суроо-жоопко катышкандар: Асылбаева, Юсуров, Мамашова, Сурабалдиева, Арапбаев.

Комитет бул токтомдун аткарылышын толук эмес деп чечти жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1509-VI «Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Новиков Артем Эдуардович.

Комитет бул токтомдун аткарылышын толук эмес деп чечти жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетке 2017-жылдын 18-майындагы №135-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Жогорку Кеңештин депутаты Т.Зулпукаров жеңил өнөр жай тармагынын тигүүчүлүк кылган жумушчуларынын көмүскө экономикадан чыгаруу жөнүндө маселени көтөрдү).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы - Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

Чакырылды: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Зулпукаров Төрөбай Закирович (протоколдук тапшырманын демилгечиси).

Бул маселе боюнча депутат Зулпукаров эки жума кийин кароону сунуштады.

Комитет макулдугун берди жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетке 2017-жылдын 20-апреля №133-VI протоколдук тапшырмасы тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Жогорку Кеңештин депутаты Т.Зулпукаров социалдык объектилердин курулушунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерди өткөрүүдөгү бузуулар жөнүндө маселени көтөрдү).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору - Даникеев Улан Өскөнович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович (протоколдук тапшырманын демилгечиси).

Талкулоонун негизинде бул маселе боюнча Өкмөткө тийиштүү тапшырмалар берилди жана протоколдук тапшырманын аткаруу мөөнөтү узартылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

13. 2017-жылдын 25-апрелиндеги Комитеттин чечими «Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө маалымат тууралуу «2017-жылдын 7-февралындагы  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечиминин аткарылышы» жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Комитет чечим менен берилген маалыматты эске алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын орун басары                                              Юсуров А.Л.

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.