Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы»
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2009-ж, № 1, 24-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
«2. Салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине карата алардын ишин «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте баалоо жүргүзүлөт.»;
- 6-берененин 1-бөлүгүндө:
1) «аттестациядан өткөн» деген сөздөр алып салынсын;
2) «кызматкерге» деген сөздөн кийин «анын ишин баалоонун натыйжасы боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
1) «аттестациядан өткөндөн кийинки» деген сөздөр алып салынсын;
2) «ыйгарылат» деген сөздөн мурда «анын ишин баалоонун натыйжасы боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-берененин 13-бөлүгүндө «аттестациядан өткөрүүсүз» деген сөздөр «ишин баалоону жүргүзбөстөн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-берененин 15-бөлүгүндө «Ведомствого караштуу органдардын башчылары, регион аралык башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын башкармалыктарынын башчылары» деген сөздөр «Аймактык органдардын башчылары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-берененин 18-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар мамлекеттик салык кызматына өткөндө, эгерде функциялык ыйгарым укуктары буга чейинки мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ээлеген кызмат ордунун профилине окшош болсо, аларга бул атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга туура келген атайын наам ишин баалоону жүргүзбөстөн ыйгарылат.»
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамга ылайык өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору салык кызматынын органдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү жана салык кызматынын органдарынын ишин уюштурууну жакшыртуу максатында иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 30-майында кабыл алган “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын № 75 Мыйзамы 2016-жылдын 7-июнунда күчүнө кирди.
Аталган Мыйзамда мамлекеттик кызматчыларды аттестациядан өткөрүү алып салынды, ошондой эле мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине жана келечектеги карьералык өсүүсүнө ылайык мамлекеттик жарандык кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткаруусунун натыйжалуулугунун деңгээлин аныктоо жана атайын наамдарды, атайын класстык чендерди, дипломатиялык рангдарды ыйгаруу максатында кызматчылардын ишин баалоону жүргүзүү киргизилди.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин ишин баалоону жүргүзүү маселелери боюнча тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.
Мындан тышкары, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 13-бөлүгүндө каралгандай, аскердик же атайын наам, атайын класстык чен, дипломатиялык рангы бар адамдарга мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүүдө ишин баалоо жүргүзүлбөстөн, ушул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен ыйгарылат.
Мында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине кызмат орундарынын топторунун жана категорияларынын чектеринде, ээлеген кызмат ордуна ылайык атайын наамдар ыйгарылат.
Айтылгандарды эсепке алуу менен, башка мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчылары же муниципалдык кызматчылар салык кызматынын органдарына өткөндө алардын аскердик наамдарын, атайын класстык чендерин, атайын наамдарын, дипломатиялык рангдарын сактоону, ошондой эле алардын ишин баалоонун натыйжалары боюнча атайын наамдарды ыйгарууну кароо сунуш кылынып жатат.
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жогорку билим мамлекеттик жарандык кызматчылардын
билим деӊгээлине карата милдеттүү квалификациялык талап болуп санала тургандыгын белгилөө керек.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы атайын орто билими бар адамдарга салык кызматынын органдарына кирүүгө мүмкүндүк бергендигине байланыштуу бул норманы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү талап кылынат.
Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр салык кызматынын түзүмүн иретке салат, анткени азыркы убакта мурдагы, ведомстволук караштуулуктагы салык органдары жоюлган.
2015-жылдын 22-майындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү тууралуу) киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 763 “Камсыздандыруу салымдарын башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын Октябрь ройонунда жана Чүй областынын Сокулук районунда камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө жана төлөөгө контролду жүзөгө ашыруу боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функциялары жана ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталган.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунда салык кызматынын органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды аткаруусун кароо сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 7-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүү жана/же жүгүртүү боюнча мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензиялоо, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча функциялары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өткөрүп берилген.
Мыйзам долбоору регулятивдик таасир этүү талдоосуна жатпайт, анткени ишкердик иштерди жөнгө салууга багытталган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтому күчүнө кирген учурдан тартып “Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына салык кызматынын органдарынын этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функцияларын алып салууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы келип чыкты.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт. Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт, мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылоону жана тийиштүү экспертизаларды жүргүзүүнү талап кылбайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде бул мыйзам долбоору кароо жана чечим кабыл алуу үчүн киргизилип жатат.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына туура келет.
Мыйзам долбоору гендердик, укук коргоочулук, экологиялык, социалдык терс натыйжаларга алып келбейт. Аны ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.
Кыйзам долбоорун коомдук талкуулоону камсыз кылуу жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ишке ашыруу үчүн долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий сайтына жайгаштырылды. Сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.
Депутаттар: Н. Макеев
Г. Асылбаева
Д. Бекешев
Д. Исаева
Ж. Мусабекова
Э. Сурабалдиева
А. Султанов
Д. Төлөнов
У. Примов
А. Узакбаев
А. Абжалиев
И. Масалиев
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
Мыйзамдын колдонуудагы редакциясы
|
Сунушталып жаткан редакция |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча |
- ар кандай жөндөмөлөрдөгү «“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы» деген сөздөр «“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы» деген сөздөргө тийиштүү жөндөмө формаларында алмаштырылсын
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча |
- «ведомстволук» жана «ведомствого караштуу» деген сөздөр «аймактык» деген сөзгө алмаштырылсын
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы органдары 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы органдары (мындан ары - мамлекеттик салык кызматы органдары) - салык мыйзамдарынын сакталышына, салыктардын туура эсептелишине жана өз убагында төгүлүшүнө контролдукту камсыз кылуу, салык төлөөчүлөргө салык милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, жеке ишкерлер катары жеке жактарды каттоо боюнча,
|
1-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы органдары 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы органдары (мындан ары - мамлекеттик салык кызматы органдары) - салык мыйзамдарынын сакталышына, салыктардын туура эсептелишине жана өз убагында төгүлүшүнө контролдукту камсыз кылуу, салык төлөөчүлөргө салык милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, жеке ишкерлер катары жеке жактарды каттоо боюнча талаптарга ылайык аткаруу боюнча көмөк көрсөтүү функцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды аткарууну жүзөгө ашыруучу салык органдарынын бирдиктүү системасы. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
5-берене. Мамлекеттик салык кызматы органдарында кызмат өтөө 1. Мамлекеттик салык кызмат органдарына финансылык, экономикалык жогорку 2.
|
5-берене. Мамлекеттик салык кызматы органдарында кызмат өтөө 1. Мамлекеттик салык кызмат органдарына финансылык, экономикалык жогорку билими жана квалификациялык талаптарга ылайык келген башка жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстук негизде кабыл алынат. Салык кызматында кесиптик иш-тажрыйбасы болбогон адамдар стажировкадан өтүшөт. 2. Салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине карата алардын ишин «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте баалоо жүргүзүлөт. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
6-берене. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгаруунун жалпы шарттары 1. Атайын наам - кызмат орундарынын топторунун жана категорияларынын чектеринде ээлеген кызмат ордуна ылайык ырааттуулукту сактоо менен, ошондой эле кесиптик деңгээлин жана мурдагы атайын наамдагы жана мамлекеттик кызмат ордун ээлегендеги мамлекеттик кызматтагы иштеген жылдарын эске алуу менен 4. Жаңы кабыл алынган кызматкерлерге биринчи атайын наам кызматка кирген күндөн тартын бир жылдан кийин гана ыйгарылат, ага Мамлекеттик кызматкерди салык кызматынын 3-рангдагы жана андан жогорку атайын наам ыйгаруу каралган улук же башкы администрациялык кызматка дайындоодо, салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен жогору эмес биринчи атайын наам ыйгарылышы мүмкүн. 13.Салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамын ыйгаруу, андан ажыратуу, андан төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт. Салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын наамы 15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ээлеген кызмат ордуна ылайык төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:
|
6-берене. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгаруунун жалпы шарттары 1. Атайын наам - кызмат орундарынын топторунун жана категорияларынын чектеринде ээлеген кызмат ордуна ылайык ырааттуулукту сактоо менен, ошондой эле кесиптик деңгээлин жана мурдагы атайын наамдагы жана мамлекеттик кызмат ордун ээлегендеги мамлекеттик кызматтагы иштеген жылдарын эске алуу менен ар бир кызматкерге анын ишин баалоонун натыйжасы боюнча жекече ыйгарылуучу наам 4. Жаңы кабыл алынган кызматкерлерге биринчи атайын наам кызматка кирген күндөн тартын бир жылдан кийин гана, анын ишин баалоонун натыйжасы боюнча ыйгарылат, ага сынак мөөнөтү да кирет. Мамлекеттик кызматкерди салык кызматынын 3-рангдагы жана андан жогорку атайын наам ыйгаруу каралган улук же башкы администрациялык кызматка дайындоодо, салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен жогору эмес биринчи атайын наам ыйгарылышы мүмкүн. 13.Салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамын ыйгаруу, андан ажыратуу, андан төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт. Салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын наамы ишин баалоону жүргүзбөстөн ыйгарылат. 15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ээлеген кызмат ордуна ылайык төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
18.Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери башка мамлекеттик органга же башка мамлекеттик кызматка өткөн учурда ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылган атайын наамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын класстык чиндер жана атайын наамдар менен өз ара катышта сакталат Салык кызматында 10 жылдан кем эмес иштеген мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине пенсияны эсептеген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө атайын наамы боюнча тиешелүү маяналары эсепке алынат. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери төмөндөгүдөй учурларда атайын наамынан ажыратылышы мүмкүн: - ага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү болсо; - мамлекеттик кызматчы наамынын баркын кетиргендигине байланыштуу жумуштан бошотулса; - Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда. Атайын наамдын баркын кетиргендигине байланыштуу кызматынан бошотулган мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кайра өз ордуна калыбына келтирилген учурда анын мурдагы атайын наамы да калыбына келтирилет Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызматтык парзын одоно бузгандыгы, жосунсуз жорук жасагандыгы, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн анын атайын наамы ал ээ болгон наамдан ылдыйкы бир наамдан ашык эмес төмөндөтүлүшү мүмкүн, ошондой эле атайын наамдан ажыратылышы мүмкүн.
|
18.Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери башка мамлекеттик органга же башка мамлекеттик кызматка өткөн учурда ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылган атайын наамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын класстык чиндер жана атайын наамдар менен өз ара катышта сакталат. Салык кызматында 10 жылдан кем эмес иштеген мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине пенсияны эсептеген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө атайын наамы боюнча тиешелүү маяналары эсепке алынат. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери төмөндөгүдөй учурларда атайын наамынан ажыратылышы мүмкүн: - ага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү болсо; - мамлекеттик кызматчы наамынын баркын кетиргендигине байланыштуу жумуштан бошотулса; - Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда. Атайын наамдын баркын кетиргендигине байланыштуу кызматынан бошотулган мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кайра өз ордуна калыбына келтирилген учурда анын мурдагы атайын наамы да калыбына келтирилет. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызматтык парзын одоно бузгандыгы, жосунсуз жорук жасагандыгы, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн анын атайын наамы ал ээ болгон наамдан ылдыйкы бир наамдан ашык эмес төмөндөтүлүшү мүмкүн, ошондой эле атайын наамдан ажыратылышы мүмкүн. Атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар мамлекеттик салык кызматына өткөндө, эгерде функциялык ыйгарым укуктары буга чейинки мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ээлеген кызмат ордунун профилине окшош болсо, аларга бул атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга туура келген атайын наам ишин баалоону жүргүзбөстөн ыйгарылат. |