Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 17-ноябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

20-11-2017
16:29

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 17-ноябры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н. Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Мамашова А.Т., Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Асылбаева Г.К, Осмонова А.Ш., Тулендыбаев П.Р., Сурабалдиева Э.Ж.. Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).

 

Бардыгы: 11 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;Кыргыз Республикасынын финансы министри- Касымалиев Адылбек Алешович.Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы - Кулматов Кубанычбек Кенешович;Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы - Марипов Улукбек Асамидинович;Кыргыз Республикасынын Экономика министри - Новиков Артем Эдуардович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы - Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы - Сулайманов Азамат Талапбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович;Кыргыз Республикасынын  өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы - Рыскулов  Уланбек Дуулатович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы - Догоев Дастан Давлетович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы- Казаков Болсунбек Кумушбекович.

 

Комитеттин төрагасынын орун басары Д.Бекешев Комитеттин жыйынынын күн тартибине 3-маселе гана кароого сунуштады жана ушул сунушту бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү бул сунушту колдоп күн тартибине 3-маселени кароону калтырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-октябрындагы № 721 токтому менен жактырылган  “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019 – жылдарга болжолу жөңүңдө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.   Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; Кыргыз Республикасынын финансы министри- Касымалиев Адылбек Алешович.

Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Сулайманов, Абдыгулов, Касымалиев, Байбакпаев, Новиков, Бекешев, Абдыкаимов, Осмонова, Сурабалдиева.

Комитет бул маселени биринчи окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 367 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; Кыргыз Республикасынын финансы министри- Касымалиев Адылбек Алешович.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Байбакпаев, Сурабалдиева, Сулайманов, Казаков, Абдыгулов, Касымалиев.

Комитет бул маселени биринчи окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

3. Кыргыз Республикасынын “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмүтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамынын долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                              Н.Макеев

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.