Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 21-ноябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

27-11-2017
16:30

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 21-ноябры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н. Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Осмонова А.Ш.(ишеним добуш Э.Сурабалдиевада), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Мамашова А.Т., Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Асылбаева Г.К, Тулендыбаев П.Р., Сурабалдиева Э.Ж..

 

Бардыгы: 10 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жеенчороев Мирлан Канатбекович; КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жунус уулу Алтынбек; КРнын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович; КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович; КРнын финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович; КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты – Райымкулов Бактыбек Кемелбекович; КРнын юстиция министри -Ахметов Уран Тулондиевич; КРнын Социалдык фондусунун төрагасы – Абжапаров Теңизбек Жусупбекович; КРнын Чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович; КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович; КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы - Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович; КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри -Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Өкмөт тарабынан сунуш түштү: күн тартибинин 2, 3 жана 8 маселелерин кийинки жыйынга жылдыруу. Комитеттин мүчөлөрү бул сунушка макул болуп күн тартиби боюнча добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-январындагы №15 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Бокоев тарабынан демилгеленген (кир. № 6-10157/17 04.05.17-ж.) «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору) (үчүнчү окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри Новиков Артем Эдуардович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Комитет бул маселени 3-окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген (кир.№6-111465/17 24.05.2017-ж.) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору).(экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Райымкулов Бактыбек Кемелбекович

Бул маселе кийинки жыйынга жылдырылды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору(кир.№ 6-16341/17 17.07.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жеенчороев Мирлан Канатбекович.

Бул маселе кийинки жыйынга жылдырылды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгеленген лөрдү(кир. № 6-13874/17 16.06.2017-ж).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жунус уулу Алтынбек

Баяндамачы келген жок тугуна байланыштуу бул маселе каралган жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 575 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын юстиция министри -Ахметов Уран Тулондиевич

            Суроо-талкууго катышкандар: Арапбаев, Бекешев, Сурабалдиева, Бишкектик ишкерлик клубунун директору -Шаршекеев, Макеев. Талкулоонун негизинде Комитет бул маселени сунуштар менен жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому тарабынан жактырылган «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын юстиция министри – Ахметов Уран Тулондиевич

 Суроо берди депутат Асылбаева. Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2017-жылдын 13-июнундагы №369 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат  беруу тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына озгортуулорду киргизуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри - Новиков Артем Эдуардович

Депутаттар Асылбаева, Бекешев сунуш киргизди-бул маселени тактоо иретинде кийинки жыйындарга жылдыруу. Комитеттин мүчөлөрү бул сунушту колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 614 токтому демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачылар:  Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович

Бул маселе кийинки жыйынга жылдырылды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы №687 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары  Э.Абакиров.

Суроону депутат Арапбаев берди. Комитет бул маселени 1-окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29 сентябрындагы №624 токтому менен жактырылган «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары  Э.Абакиров.

Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев, Асылбаева, Мамашова. Талкулоонун негизинде негизги баяндамачы жакшылап жооп берүү максатында, бул маселе кийинки жумага жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №562 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасында  мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары  Э.Абакиров.

Суроону депутат Г.Асылбаева берди. Комитет биринчи окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы №594 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Тюменбаев Б.Р жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов О. А.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Арапбаев, Абжапаров (Соцфонддун торагасы). Комитет Бекешевдин сунушу менен жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

13. 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын Тизмегине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 603 токтому.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Тюменбаев Б.Р. жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы - Абдыкаимов О,А.;Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы – Абжапаров Т.Ж.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Абдыкаимов. Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү , каршы-1 (Бекешев) жана калыс жок.

 

14. Ар кандай маселелер

Кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  кабыл алган чаралары жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары А.Сазбаков;Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары –;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов А.Т.; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы - Абдыкаимов О.А.;Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары.

Суроо-жоопко катышкандар:Бекешев, Мамашова, Юсуров, Макеев.

Комитет бул маселе боюнча тийиштүү чечим кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                              Н.Макеев

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.