Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 28-ноябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

29-11-2017
15:55

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 28-ноябры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н. Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Айдаров С.А. .(ишеним добуш Н.Макеевде), Арапбаев А.А. .(ишеним добуш Н.Макеевде), Абжалиев А.Т. .(ишеним добуш Н.Макеевде), Тулендыбаев П.Р.(ишеним добуш Н.Макеевде), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Мамашова А.Т., Асылбаева Г.К, Сурабалдиева Э.Ж.,Осмонова А.Ш.

 

Бардыгы: 7 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Даникеев Улан Оскенович,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жеенчороев Мирлан Канатбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жунус уулу Алтынбек, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри – Исраилов Улан Джумабекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Жайчибекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Болормаа Амбагазар айым; долбоордун жетекчиси / башкаруу боюнча улук адиси - Ко Такечу мырза; Программалар боюнча адис - Толкун Жукушева айым; Табийгый кырсыктар тобокелчиликтерин/финансалык тобокелчиликтерин төмөндөтүү маселелер боюнча аналитик – Татьяна Скалон айым Котормочу - Светлана Чиркова айым, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруучу кеңешинин мүчөсү – Нурлан Байбосунов; ӨКМдин ДИАБдин директору – Улан Торобеков; Мамлекеттик камсыздандыруу ишканасынын башкармалыгынын төрагасы – Эгамбердиева Жумагул.

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Өкмөттүн өкүлү А. Абытов 1-маселени кийинки жыйынга жылдырууну сунуштады (көп суроолор пайда болгондуктан), 2-маселе боюнча баяндамачы М.Жеенчороев ооруп жатат, 5-маселе боюнча депутат А.Турсунбаевден кат келип түштү, негизги баяндамачы К.Рыспаев иш сапарында. Ошондуктан 1,2 жана 5 маселелер күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген (кир.№6-111465/17 24.05.2017-ж.) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору).(экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Даникеев Улан Оскенович.

            Өкмөттүн сунушу менен бул маселе кийнки жыйынга жылды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору(кир.№ 6-16341/17 17.07.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жеенчороев Мирлан Канатбекович

Баяндамачы ооруп жатат, ошондуктан бул маселе кийинки жыйынга жылды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгеленген лөрдү(кир. № 6-13874/17 16.06.2017-ж).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Д. Бекешев

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри – Исраилов Улан Джумабекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Суроо-талкууго катышкандар: Сурабалдиева, Жаманкулов (Туризм департаменттин директору), Асылбаева, Юсуров, Асанов (Ички иштер министринин орун басары), депутат Кыдыралиев, Макеев.

Комитет экинчи окууда баардык облустарды туристтик зонага киргизип кароону снуштады жана биринчи окууда бул маселени добуш менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.Макеев, Г.Асылбаева, Д.Бекешев, Д.Исаева, Ж.Мусабекова, Э.Сурабалдиева, А.Султановым, Д.Төлөнов, У.Примов, А Узакбаев, А.Абжалиев жана И.Масалиев демилгеленген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»(кир. № 6-19882/17 11.10.2017-ж).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Суроо-жоопко катышты: Бекешев, Абдыкаимов, Макеев.

Комитет бул маслени биринчи окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Рыспаев, А.Турсунбаев, А.Жутанов, Э.Байбакпаев, М.Исаков, У.Кыдыралиев, А.Кулбараков, А.Маматов, Н.Нишанов, И.Пирматов, А.Султанов, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине», «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине», «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине» жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-13137/17 09.06.2017-ж).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Жайчибекович.

Баяндамачы иш сапарында, ошондуктан бул маселе кийинки жыйынга жылды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 581 токтому менен жактырылган «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович.

Суроо-жоопко катышты: Бекешев, Новиков, Сулайманов, Асылбаева, Сурабалдиева.

Комитет бул маселени добуш менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү , каршы-1 (Бекешев) жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-ноябрындагы №728 токтому менен жактырылган «Таллин шаарында 2017-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Иманалиева Д.Ш.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29 сентябрындагы №624 токтому менен жактырылган «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Абакиров Э.К..

Суроо-жоопко катышты: Бекешев, Ишекеев(улуттук тил комиссия), Маметкулов (монополияга каршы кызмат), Макеев, Сурабалдиева, Мамашова, Осмонова.

Талкулоонун негизинде бул маселенин концепциясы биринчи окууда жактырылды жана экинчи окууда сунуштар эске алынсын деп Комитет добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 583 токтому менен жактырылган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-секретары Шамкеев.

Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 583 токтому менен жактырылган «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары – Чодуев.

Суроо-жоопко катшкандар: Бекешев, Осмонова, Сурабалдиева.Талкулоонун негизинде бул маселе четке кагылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

11. Ар кандай маселелер.

Кыргыз Республикасынын табийгый кырсыктарга туруктуулугун көтөрүү боюнча долбоорду (ERIK) даярдоонун алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу

Встреча с представителями Всемирного банка в рамках подготовки Проекта по повышению устойчивости к стихийным бедствиям в Кыргызской Республики (ERIK)

Баяндамачылар: Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Болормаа Амбагазар айым;

Долбоордун жетекчиси / башкаруу боюнча улук адиси - Ко Такечу мырза;

Программалар боюнча адис - Толкун Жукушева айым;

Табийгый кырсыктар тобокелчиликтерин/финансалык тобокелчиликтерин төмөндөтүү маселелер боюнча аналитик – Татьяна Скалон айым

Котормочу - Светлана Чиркова айым

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруучу кеңешинин мүчөсү – Нурлан Байбосунов;

ӨКМдин ДИАБдин директору – Улан Торобеков;

Мамлекеттик камсыздандыруу ишканасынын башкармалыгынын төрагасы – Эгамбердиева Жумагул.

 

Талкулоого катышты: Ко Такечу, Муканбетов, Макеев, Асылбаева, Сурабалдиева, Осмонова.

Комитет тийиштүү чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                              Н.Макеев

 

 

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.