Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 5-декабрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

06-12-2017
17:10

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 5-декабры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н. Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Айдаров С.А. .(ишеним добуш Н.Макеевде), Арапбаев А.А. .(ишеним добуш Н.Макеевде), Абжалиев А.Т. .(ишеним добуш П.Тулендыбаевде), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Тулендыбаев П.Р.Мамашова А.Т., Асылбаева Г.К, Сурабалдиева Э.Ж.,Осмонова А.Ш. Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен).

 

Бардыгы: 9 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Жайчибекович, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Сазбаков Алмаз Замирбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министри – Кудайбердиева Гульмира Каримовна, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Даникеев Улан Оскенович.

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Өкмөттүн өкүлү А. Абытов 10-маселени кийинки жыйынга жылдырууну сунуштады (көп суроолор пайда болгондуктан), 5-маселе боюнча баяндамачы К.Рыспаев суранды. Ошондуктан 5 жана 10 маселелер күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин эффективдүү башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин эффективдүү башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Мураталиев (мүлк фондунун торагасынын орун басары), Тулендыбаев, Осмонова, Алиев (мүлк фондунун торагасынын орун басары), Асылкулов (салык кызматынын торагасынын орун басары), Мамашова, Юсуров, Осмонова, Сагындыков (финансалык полициянын торагасынын орун басары).

Комитет жогорудагы аталган  токтомдун долбоорун жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э. Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Асылбаева Гульшат Кадыровна.

Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы №446 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Чодуев Эркинбеек Урайымович.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Сазбаков.

Комитет депутат Бекешевдин сунушун колдоп ушул мыйзам долбооруна окшош мыйзам долбоору менен бириктирип керектүүгүн билдирди жана жактырып добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы №385 токтому менен жактырылган «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5№ 6-13137/17 09.06.2017-ж).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Жайчибекович.

Бул маселе күн тартибинен алып салынган.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы №529 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович

Суроо-жоопко катышкандар: Асылбаева, Мамашова, Бекешев, Осмонова, Кулуева (Улуттук банкынын методология болүмүмнүн башчысы), Макеев, Сурбалдиева.

Талкуулоонун негизинде Комитет көпчүлүк добуш менен бул мсаленени четке кагты.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү , каршы-1 (Макеев) жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланды Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы «Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө» Макулдашуунун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Сазбаков Алмаз Замирбекович.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Сурабалдиева.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

8. 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун жана 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорлору жөнүндө.

Баяндамачы: : Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Сазбаков Алмаз Замирбекович.

Суроо-жоопко катышкандар: Мамашова, Макеев, Бекешев, Сурабалдиева, Осмонова.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» (№50024-002 долбоору) долбоору боюнча гранттык макулдашуулардын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министринин орун басары – Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Осмонова.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген (кир.№6-111465/17 24.05.2017-ж.) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору).(экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Даникеев Улан Оскенович.

            Бул маселе күн тартибинен алып салынган.

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору(кир.№ 6-16341/17 17.07.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жеенчороев Мирлан Канатбекович

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

12. Ар кандай маселелер.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                              Н.Макеев

 

 

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.