Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 12-декабрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

18-12-2017
12:51

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2017-жылдын 12-декабры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары

                                                                                   Д. Бекешев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Макеев Н.К. (ишеним добуш А.Арапбаевде),, Айдаров С.А. (ишеним добуш Д.Бекешевде), Мамашова А.Т., Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш..(ишеним добуш Д.Бекешевде), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен).

 Жыйналышка катышып олтургандар: Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Тулендыбаев Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Сурабалдиева Э.Ж.

 

Бардыгы: 6 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Баяндамачы: КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Жайчибекович, КРнын юстиция министри – Ахметов Уран Тулондиевич,КРнын Транспорт жана жол министри – Калилов Жамшитбек Калилович, КРнын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович; КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, КРнын Социалдык фондусунун төрагасы - Абжапаров Тенизбек Жусупбекович, КРнын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич; КРнын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, КРнын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору - Даникеев Улан Өскөнович.

 

Комитеттин төрагасынын орун басары Д.Бекешев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

1-маселе боюнча демилгечи жоктугуна байланыштуу кийинки жыйынга жылдырууну сунуштады жана 2-маселе боюнча баяндамачы К.Рыспаевден жылдыруу учун кат келди. Ошондуктан 1 жана 2 маселелер күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Асылбаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-19977/17 12.10.17-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Бул маселе кийинки жыйынга жылдырылды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Рыспаев, А.Турсунбаев, А.Жутанов, Э.Байбакпаев, М.Исаков, У.Кыдыралиев, А.Кулбараков, А.Маматов, Н.Нишанов, И.Пирматов, А.Султанов, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине», «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине», «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине» жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-13137/17 09.06.2017-ж).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Жайчибекович.

Бул маселе кийинки жыйындарга жылдырылды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому тарабынан жактырылган «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын юстиция министри – Ахметов Уран Тулондиевич. Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев Д.Д., Арапбаев А.А.

Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-августундагы №461 токтому менен жактырылган «Ишкердиктин субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрилигинин сатс-секретары – Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич.

Суроо берди Д.Бекешев. Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетке 2017-жылдын 18-майындагы №135-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Жогорку Кеңештин депутаты Т.Зулпукаров жеңил өнөр жай тармагынын тигүүчүлүк кылган жумушчуларынын көмүскө экономикадан чыгаруу жөнүндө маселени көтөрдү).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Тюменбаев Баккельди Рахимович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы - Абжапаров Тенизбек Жусупбекович. Чакырылды: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович (протоколдук тапшырманын демилгечиси).

Суроо-жоопко катышкандар:Тюменбаев, Зулпукаров, Бекешев.

Комитет бул маселе боюнча тийиштүү чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетке 2017-жылдын 20-апреля №133-VI протоколдук тапшырмасы тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Жогорку Кеңештин депутаты Т.Зулпукаров социалдык объектилердин курулушунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерди өткөрүүдөгү бузуулар жөнүндө маселени көтөрдү).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин сатс-секретары Борубаев Самат Нарматович;Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору - Даникеев Улан Өскөнович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович (протоколдук тапшырманын демилгечиси).

Суроо-жоопко катышкандар: Зулпукаров, Бекешев, Борубаев,, Арапбаев, Абжалиев, Касымалиев, Сурабалдиева.

Комитет бул маселе боюнча аткаруу мөөнөтүн узартып жана мектептердин салышын көзөмөлгө алып тийиштүү чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

7. Евразия экономикалык биримдикте идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо жөнүндө макулдашуунун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министрини орун басары – Тюменбаев Бакекельди Рахимович.

Суроо берди Д.Бекешев. Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ыссык-Көл облусунун аймагындагы жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объекттери боюнча макулдашуунун  долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Д.Кенекеев. Суроо-жоопко катышкандар: Абжалиев Сурабалдиева, Бекешев, Алиев (мулк башкаруу фонддун торагасынын орун басары), Тулендыбаев, А. Омокеев(КРнын тышкы иштер министрилигин статс-секретары).

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү , каршы-жок жана калыс-1 (Бекешев).

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын орун басары                                              Д.Бекешев

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.