Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 19-декабрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

27-12-2017
16:30

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2017-жылдын 19-декабры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары Д. Бекешев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Макеев Н.К. (ишеним добуш С.Айдаровдо), Юсуров А.Л.(ишеним добуш П.Тулендыбаевде), Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш..(ишеним добуш Д.Бекешевде), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен).

Жыйналышка катышып олтургандар: Бекешев Д.Д., Арапбаев А.А., Айдаров С.А., Мамашова А.Т., Тулендыбаев, Абжалиев А.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен).

 

Бардыгы: 9 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын юстиция министри -Ахметов Уран Тулондиевич, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович,Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы–Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович,Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович,Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Дуйшембиев Нурлан Касымбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары – Нурбек Жеңиш, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнун башкармалыгынын төрагасы – Эгамбердиева Джумагуль Шариповна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович.

 

Комитеттин төрагасынын орун басары Д.Бекешев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

1-маселе катары КРнын Президентинин өкүлү М.Абдылдаев Улуттук банкынын төрагасын бекитүү боюнча маселени күн тартибине кошууну сунуштады.Комитет макул болду жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1.Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын торагалык кызмат ордуна шайлоо үчүн Толкунбек Сагынбекович Абдыгуловдун талапкерлигин кароо жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укутуу өкүлү Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич

Суроо-талкууго катышкандар: Жапаров, Абжалиев, Бекешев, Абдыгулов.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 575 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын юстиция министри -Ахметов Уран Тулондиевич

Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев, Жапаров, Арапбаев.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы №687 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев, Жапаров.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы №594 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга) (2017-жылдын 24-июлундагы №446 мыйзам долбоору менен бириктирүү сунушталат).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев, Жапаров.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы №446 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга) (2017-жылдын 20-сентябрындагы №594 мыйзам долбоору менен бириктирүү сунушталат).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев, Жапаров, Сурабалдиева.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Джумабеков, Т.Масабиров, Т.Икрамов, А.Арапбаев, Т.Мамытов, А.Акматов, Н.Макеев тарабынан демилгеленген «Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдырын текшерүү маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-22282/17 15.11.2017г.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты – Масабиров Талайбек Айтмаматович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Дуйшембиев Нурлан Касымбекович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев, Жапаров, Сурабалдиева. Комитет концепциясын жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-декабрындагы №786 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары – Нурбек Жеңиш.

Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев, Жапаров, Арапбаев. Комитет концепциясын жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы №445 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Суроо-талкууго катышкандар: Жапаров. Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы №686 токтому менен жактырылган «Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Суроо-талкууго катышкандар: Жапаров. Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

10. 2015-жылдын 31-июлундагы №209 «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар: Жумушчу топтун башчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Арапбаев Азамат Абдуллажанович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнун башкармалыгынын төрагасы – Эгамбердиева Джумагуль Шариповна.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович.

Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев, Жапаров, Арапбаев, Эгамбердиева.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын орун басары                                              Д.Бекешев

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.