2017-жылдын 26-декабрнын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

29-12-2017 17:25

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2017-жылдын 26-декабры                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары

                                                                                   Д. Бекешев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Макеев Н.К. (ишеним добуш С.Айдаровдо), Юсуров А.Л.(ишеним добуш Г. Асылбаевада), Абжалиев А.Т. (ишеним добуш П.Тулендыбаевде), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Бекешев Д.Д., Арапбаев А.А., Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш..,Айдаров С.А., Мамашова А.Т., Тулендыбаев, Сурабалдиева Э.Ж., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).

 

Бардыгы: 11 депутат., анын ичинде кеңеш добуш менен-3 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице преьер-министри –Шадиев Аскарбек Алимбаевич, Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович,Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Жумушчу топтун жетекчиси; «Гарантиялык фонд» ААКнун башкармалыгынын төрагасы – Абакиров Малик Барктабасович; «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБнын президенти – Абдраев Анвар Карикеевич,Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы – Калиев Айбек Рыспекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары – Мураталиев Бакытбек Байымбетович;«Электр станциялары» ААКнун башкы директору - Кыдырбаев Узак Асанкарыевич; Бишкек шаардык электр жылуулук борборунун директору – Омуркул уулу Нурлан; «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору- Бекжанов Надырбек Кабылович, Кыргыз Республикасынын юстиция министри – Ахметов Уран Тулондиевич, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары  – Тюменбаев Баккельди Рахимович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри- Касымалиев Адылбек Алешович.

Комитеттин төрагасынын орун басары Д.Бекешев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

КРнын Өкмөтүнүн өкүлү А.Абытов кошумча 5-маселелерди киргизди, Комитет макул болду жана добуш менен бекитти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы №836 токтому тарабынан жактырылган “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министинин орун басары- Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары-Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич.

Суроо-талкууго катышкандар: Асылбаева, Байбакпаев, Жапаров, Бекешев, Асылкулов, Шадиев.

Талкулоонун негизинде Комитет бул маселенин концепциясын жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2.  «2013-жылдын 30-июлундагы №167  «Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө»

Баяндамачылар: Жумушчу топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович, Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна;

«Гарантиялык фонд» ААКнун башкармалыгынын төрагасы – Абакиров Малик Барктабасович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович

Чакырылгандар:

«Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБнын президенти – Абдраев Анвар Карикеевич.

Суроо-жоопко катышкандар: Жапаров, Шадиев, Осмонова, Асылбаева, Абдыгулов.

Бул маселе боюнча түшкөн сунуштар менен тийиштүү чечим кабыл алынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

3. «2017-2018-жылдарга Бишкек шаардык электр жылуулук борборуна көмүр алып келүү жөнүндө» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2017-жылдын 19-сентябрындагы чечиминин аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана казынасынын пайдалануу мамлекеттик Комитетинин төрагасы - Рыскулов Уланбек Дуулатович; «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы – Калиев Айбек Рыспекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри - Новиков Артем Эдуардович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары – Мураталиев Бакытбек Байымбетович; «Электр станциялары» ААКнун башкы директору - Кыдырбаев Узак Асанкарыевич; Бишкек шаардык электр жылуулук борборунун директору – Омуркул уулу Нурлан;«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору- Бекжанов Надырбек Кабылович.

Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Жапаров, Байбакпаев, Шадиев, Омурзаков (Электр станциялары).

Комитет талкуулоонун негизинде тийиштүү чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, П.Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Байбакпаев Экмат Журукбаевич.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №562 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасында  мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министинин орун басары- Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Суроо- жоопко катышкандар:Арапбаев, Тюменбаев, Байбакпаев.

Бул маселе кийинкиге жылдырылды, добуш менен.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Асылбаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-19977/17 12.10.17-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 689 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын салык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министинин орун басары- Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Суроо- жоопко катышкандар:Асылбаева,Арапбаев, Байбакпаев, Осмонова, Жапаров, Тулендыбаева, Абдыгулов.

Талкуулоонун негизинде Комитет 1 айга кийин кароону чечти жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 605 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министинин орун басары- Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Суроо-жоопко катышкандар:Асылбаева,Арапбаев,Сурабалдиева,Бекешев. Талкуулоонун негизинде Комитет көпчүлүк добуш менен концепцияны жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү , каршы-2 (Сурабалдиева, Мамашова) жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-декабрындагы №786 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары  – Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Суроону Жапаров берди. Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому тарабынан жактырылган «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын юстиция министри – Ахметов Уран Тулондиевич

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

11.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-декабрындагы № 785 токтому тарабынан жактырылган “ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри- Касымалиев Адылбек Алешович.

 

Чакырылгандар:Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Суроо-жоопко катышкандар: Жапаров, Абдыгулов, Асылбаева, Осмонова, Бекешев.

Талкуулооонун негизинде Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы №385 токтому менен жактырылган «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министинин орун басары- Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы №794 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министинин орун басары- Тюменбаев Баккельди Рахимович.

Бул маселе 2 жума кийин кароого жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4262-V «Кыргыз Республикасынын Индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө» токтомунун аткарылуусу жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Орозбеков Аымбек Асылбекович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Суроо-жоопко катышкандар: Жапаров, Бекешев.Комитет аталган токтомдун аткарылышын 2018-жылдын 1-июнуна чейин чечим менен узартты жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

15. Ар кандай маселелер.

1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодекси – берилүүчү салык жеңилдиктеринин эффективдүүлүгү» маселеси боюнча парламенттик угуунун өткөрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору тууралуу.

Комитет бул маселе боюнча 2018-жылдын 1-мартына чейин узартты чечим менен жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” 2012-жылдын 22- февралындагы №7 Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы” боюнча парламенттик угуу өткөрүү жөнүндө Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору тууралуу.

Комитет бул маселе боюнча парламенттик угууну 2018-жылдын февраль айынын биринчи декадасына өкөрүлсүн деп чечим кабыл алды.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын орун басары                                              Д.Бекешев

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.

Көрүүлөрдүн саны : 1033