2018-жылдын 9-январынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

15-01-2018 10:04

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 9-январы                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н. Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Арапбаев А.А., Айдаров С.А., Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Абжалиев А.Т., Асылбаева Г.К., Гаипкулов И.Т., Осмонова А.Ш.., Мамашова А.Т., Тулендыбаев, Сурабалдиева Э.Ж., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен).

 

Бардыгы: 11 депутат., анын ичинде кеңеш добуш менен-1 депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович. Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Шаикова Алина Кавылбековна,Министр транспорта и дорог Кыргызской Республики – Калилов Жамшитбек Калилович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович,Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри – Шадиев Аскарбек Алимбаевич; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-Султанов Акылбек Шакирович; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык аралык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Салиев Бахтияр Усманович, Кыргыз Республикасынын вице- премьер-министри – Султанбекова Чолпон Аалыевна,Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – Жаманкулов Азамат Капарович.

 

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

КРнын Өкмөтүнүн өкүлү А.Абытов 3-маселени эки ай кийин кароону суранды , Комитет макул болду жана добуш менен бекитти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1. «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору (Демилгечи Өкмөт, 24.07.2017-ж. №446 токтому, 20.09.2017-ж. №594 токтому, 20.10.2017-ж. №687 токтому) (үчүнчү окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министриринин орун басары – Э.Чодуев,

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – А.Новиков,

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Т. Абжапаров

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – О.Абдыкаимов

Депутат Бекешев баяндамасыз колдоп коюну сунуштады, сунушту Комитет колдоду жана бул маселени жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

Андан тышкары, депутат А.Жапаров Өкмөткө тапшырма берди, ушул Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жылдын бир кварталында бир жолу киргизүүнү сунуштады.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 583 токтому менен жактырылган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары К.Керимкулов

Суроо-талкууго катышты: Бекешев, Тулендыбаев, Асылбаева. Комитет депутат Асылбаеванын сунушу менен колдоп жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген (кир.№6-111465/17 24.05.2017-ж.) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору) (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Шаикова Алина Кавылбековна.

            Комитет бул маселени 2 ай кийин кароого жылдырды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-августундагы №461 токтому менен жактырылган «Ишкердиктин субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрилигинин статс катчысы Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич.

Суро-талкууго катышкандар: Бекешев, Касымалы уулу Арстанбек (КРнын транпорт жана жол министринин орун басары), Жапаров, Новиков, Макеев, Асылбаева, Сурабалдиева.

Талкуулоонун негизинде Комитет эки айга кийин кароого жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №369 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат  беруу тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына озгортуулорду киргизуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Суроо-талкууго катышкандар: Асылбаева, Жапаров, Бекешев. Комитет биринчи окууда жактырды жана экинчи окууда жеткире иштеп чыксын белгиледи.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы №703 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович.

Суроо-талкууго катышкандар: Бекешев, Макеев, Кулматов, Асылбаева, Сурабалдиева, Токой чарба агенствонун директорунун орун басары.

Талкуулоонун негизинде Комитет биринчи окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-декабрындагы №784 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Суроо-талкууго катышкандар: Осмонова, Жапаров, Бекешев, Асылбаева.

Талкуулоонун негизинде Комитет бул маселени четке кагты.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы №412 «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри – Шадиев Аскарбек Алимбаевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Новиков Артем Эдуардович.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министриМурашев  Нурбек Мурпазылжанович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович;

Аталган токтомдун аткарылышы 2018-жылдын 1-октябрына жылдырылды. Өкмөттүн иши ушул токтомдун аткарылышы боюнча жетишсиз деп белгиленди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI “Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө токтомунун аткарылышы тууралуу” (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин 2017-жылдын 10-январындагы чечими менен 2017-жылдын 31-декабрына чейин узартылган).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице- премьер-министри – Шадиев Аскарбек Алимбаевич;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-Султанов Акылбек Шакирович;

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык аралык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Салиев Бахтияр Усманович.

Бул маселе негизги бандамачылар жоктугуна байланыштуу кийинки жыйынга жылдырылды.

 

10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 553-VI Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө токтомунун аткарылышы тууралуу”

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице- премьер-министри – Султанбекова Чолпон Аалыевна.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – Жаманкулов Азамат Капарович.

Суроо-талкууга катышты: Жапаров, Осмонова, Жаманкулов, Макеев, Сурабалдиева, Асылбаева, Жапаров, Гаипкулов.

Талкуулонун негизинде бул токтомдун аткарылышы 2018-жылдын 29-майына жылдырылды. Өкмөттүн иши ушул токтомдун аткарылышы боюнча жетишсиз деп белгиленди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                             Н. Макеев

 

 

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.

 

Көрүүлөрдүн саны : 1115