2018-жылдын 23-январынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

24-01-2018 16:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 23-январы                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Мамашова А.Т.,Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( (кеңеш добуш менен).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л. Асылбаева Г.К., Тулендыбаев, Айдаров С.А., Гаипкулов И.Т., Осмонова А.Ш.., Сурабалдиева Э.Ж.

 

Бардыгы: 9-депутат.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жунус уулу Алтынбек, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри – Исраилов Улан Джумабекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Вице- премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылович;Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин бекитүүгө добушка киргизди.

Күн тартибинин 3-маселеси боюнча депутат Бекешев жылдырууну суранды, бирок бул сунуш колдоого алынган жок. Ошондуктан күн тартиби толугу менен добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.Макеев, Г.Асылбаева, Д.Бекешев, Д.Исаева, Ж.Мусабекова, Э.Сурабалдиева, А.Султановым, Д.Төлөнов, У.Примов, А Узакбаев, А.Абжалиев жана И.Масалиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-19882/17 11.10.2017-ж) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыАсылбаева Гюльшат Кадыровна.

Комитет экинчи окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак-Жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-13874/17 16.06.2017-ж) (экинчи окууга)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жунус уулу Алтынбек;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары – Асанов Курсан Сатарович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Суроо-жоопко катышты: Бекешев, Асанов. Комитет экинчи окууда жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы №836 токтому менен жактырылган «Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Суроо-жоопко катышты: Бекешев, Тюменбаев (экономика министринин орун басары) Абдыкаимов. Комитет экинчи окууда сунуштарды эски алуу менен жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, Н.Макеев, А.Арапбаев, Т.Тиллаев жана Ж.Мусабекова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-20211/17 19.10.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыАсылбаева Гюльшат Кадыровна.

Суроо-жоопко катышты: Бекешев, Тулендыбаев, Абдыкаимов, Макеев. Комитет биринчи окууда бул маселени концепциясын жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Арапбаев Азамат Абдуллажанович.

Комитет бул маселени четке кагуу деген корутунду кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы №815 токтому менен жактырылган «Салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары – Азимов Алмазбек Курбаналиевич.

 Суроо-талкууго катышты: Асылбаева, Гаипкулов. Талкуулоонун негизинде Комитет 2 жума кийин кароону добуш менен чечти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

7. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги №1550-VI токтомунун аткарылышы тууралуу (2017-жылдын 24-апрелиндеги Комитеттин чнчими).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Вице- премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Новиков Артем Эдуардович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович;

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Суроо-жоопко катышты: Бекешев, Сурабалдиева, Тулендыбаев, Осмонова, Гаипкулов, Юсуров, Муканбетов, Мурашев.

Комитет бул маселени эске алынсын деп чечти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                             Н. Макеев

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.

 

Көрүүлөрдүн саны : 872