Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2018-жылдын 27-февралы 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Бекешев Д.Д.( ишеним добуш А.Осмоновада), Мамашова А.Т.(ишеним добуш Г.Асылбаевада), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Осмонова А.Ш., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж., Абжалиев А.Т., Тулендыбаев, Гаипкулов И.Т., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен),
Бардыгы: 11-депутат, анын ичинде кеңеш добушу менен-1.
Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, Кыргыз Республикасынын юстиция министри – Ахметов Уран Тулондиевич, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргыз Республикасынын финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.
Комитеттин төрагасы Н.Макеев күн тартибин добушка койду. Күн тартиби негизи катары кабыл алынды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Депутат Г.Асылбаева 4-маселени күн татибинен алып салууну сунуштады.
Өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн А.Абытов 3-маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады.
Комитет макулдугун добуш менен берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы №836 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.
Талкуу болгон жок. Комитет 3-окууда колдоду добуш менен.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.Макеев, Г.Асылбаева, Д.Бекешев, Д.Исаева, Ж.Мусабекова, Э.Сурабалдиева, А.Султановым, Д.Төлөнов, У.Примов, А Узакбаев, А.Абжалиев жана И.Масалиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-19882/17 11.10.2017-ж) (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Суроо-жоопко катышкандар: Осмонова,Асылбаева, Гаипкулов,Абдыкаимов, Макеев. Талкуулоонун негизинде Комитет 3-окууда колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы-1 (Осмонова) жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы №575 токтому менен жактырылган
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын юстиция министри – Ахметов Уран Тулондиевич.
Бул маселе күн тартибинен алып салынды.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №562 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.
Бул маселе күн тартибинен алып салынды.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А. Жапаров жана А.Арапбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-24882/17 15.12. 2017-ж.)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.
Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.
Суроолор болгон жок.Комитет бул маселенин концепциясын жактырды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы №793 токтому менен жактырылган “ Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.
Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Осмонова, Жапаров,Асылбаева,Макеев. Талкуулоонун негизинде Комитет добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Макеев, П.Тулендыбаев, А.Жапаров, Э.Сурабалдиева, А.Султанов, Б.Субанбеков жана Ж.Мусабекова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-2727/18 12.09.2018-ж).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев,Абдыкаимов,Макеев,Гаипкулов, Сурабалдиева, Жапаров. Талкуулонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
8. Ар кандай маселелер.
Депутат Арапбаев Салык кызматына караштуу эки бөлүм боюнча маселени кароону сунуштады. Бул маселе эмки жыйынга калтырылды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы Н. Макеев
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.