Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2018-жылдын 6-мартынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

15-03-2018
11:04

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 6-марты                                                    14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары Д.Бекешев

 

           Жыйналышка катышып олтургандар: Бекешев Д.Д., Гаипкулов И.Т., Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., Айдаров С.А.(ишеним добуш берилген -4: С.Айдаровго-1, Г.Асылбаевага-1, Д.Бекешевге-2)

 

Бардыгы: 5-депутат, анын ичинде кеңеш добушу менен-жок.

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Макеев Н.К.(ишеним добуш берилген С.Айдаровго),  Юсуров А.Л.(ишеним добуш берилген Г.Асылбаевага), Тулендыбаев П.Р.(ишеним добуш Д.Бекешевге), Осмонова А.Ш., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж.(ишеним добуш Д.Бекешевге), Абжалиев А.Т., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен),Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( (кеңеш добуш менен).

 

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Назаров Айтмамат Кошоевич, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Кун тартибиндеги маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №369 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат  беруу тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына озгортуулорду киргизуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №562 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасында  мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Назаров, О.Айдаров, У.Ормонов, А.Осмонова, Г. Асылбаева, А.Арапбаев жана Т.Масабиров тарабынан демилгеленген «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-1605/18 25.01.2018-ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Назаров Айтмамат Кошоевич.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы №738 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2018-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

Комитеттин төрагасынын орун басары Д.Бекешев күн тартибин добушка койду. Күн тартиби негизи катары кабыл алынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

Күн тартиби боюнча сунуштар:

Өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн А.Абытов 1-маселени: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №369 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат  беруу тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына озгортуулорду киргизуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга) күн тартибинен алып салууну сунуштады.

Депутат С.Айдаров 3-маселени: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Назаров, О.Айдаров, У.Ормонов, А.Осмонова, Г. Асылбаева, А.Арапбаев жана Т.Масабиров тарабынан демилгеленген «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-1605/18 25.01.2018-ж.) күн тартибинен алып салууну сунуштады.

Комитетин жыйында каралган маселелер:

 Комитет добуш менен макулдугун берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №562 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасында  мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Суроо-жоопко катышкандар: Асылбаева, Новиков.

Сунуш: Мулк фондунун төрагасынын орун басары Бекбоев.

Комитет Г.Асылбаеванын сунушу менен колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы №738 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.

Комитет 1-окууда кабыл алды добуш менен.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2018-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Комитет С.Айдаров, А.Юсуров, А.Жапаров, И.Гаипкулов, П.Тулендыбаев, Д.Бекешевдин талапкерлерлигин бир добуш менен бекитти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын орун басары                                              Д.Бекешев

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.